Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

2 Тиметей 1:7. «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү... берген»

2 Тиметей 1:7. «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү... берген»

 «Кудай бизге коркоктуктун эмес, күчтүн, сүйүүнүн жана акыл-эстүүлүктүн рухун берген» (2 Тиметей 1:7, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген» (2 Тиметей 1:7, «Үмүт нуру» котормосу).

2 Тиметей 1:7нин мааниси

 Кудай адамга туура иш кылганга кайрат бере алат. Кудай эч кимдин «коркоктукка» тушалып, башкача айтканда, калтырап-титиреп корккондуктан ага жаккан иштерди кылбай коюшун каалабайт.

 Бул аяттагы үч сапатка кененирээк токтололу. Кудайдын жардамы менен ээ болгон ал сапаттар бизге коркоктукка алдырбаганга жардам берет.

 «Күч». Машаяктын жолдоочулары айбаттуу душман менен беттешсе да, ар кандай кооптуу кырдаалдарга туш болушса да, Кудайга кайратынан жазбай кызмат кылып келишкен. Алар коркуп артка кетенчиктешкен эмес (2 Корунттуктар 11:23—27). Бул эмненин аркасында мүмкүн болгон? Бул суроого элчи Пабылдын сөздөрүнөн жооп алабыз. Ал: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген (Филипиликтер 4:13). Ооба, Кудай кызматчыларына кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге «адаттан тышкаркы күч» бере алат (2 Корунттуктар 4:7).

 «Сүйүү». Кудайдын кызматчысынын ага болгон күчтүү сүйүүсү туура иш кылганга күч берет. Ошондой эле башкаларга болгон сүйүүсү каршылыкка туш болгонуна же коркунучка кептелгенине карабай, алардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгонго түрткү берет (Жакан 13:34; 15:13).

 «Акыл-эстүүлүк». Ыйык Китепте Кудайдын мыйзам-принциптерин эске алып чечим чыгарган киши акыл-эстүү киши катары сыпатталат. Ал кыйынчылыктарга кабылганда да тунук ой жүгүртүп, эстүүлүк менен иш кылат. Ошондой эле Кудай менен болгон мамилеси башкалардын оюнан алда канча маанилүү экенин билгендиктен, чечим чыгарарда жагдайга Кудай карагандай карайт.

2 Тиметей 1:7нин контексти

 Ыйык Жазмадагы 2 Тиметей китебин элчи Пабыл жакын досу жана кызматташы Тиметейге жазган. Ал катта Пабыл жаш досу Тиметейди кызматын андан ары да жигердүүлүк менен уланта берүүгө үндөгөн (2 Тиметей 1:1, 2). Тиметей тартынчаак, уялчаак болсо керек. Бул ага жыйналышта колунан келгендин баарын кылганга тоскоолдук кылмак (1 Тиметей 4:12). Ошон үчүн Пабыл Тиметейге ага өзгөчө белек берилгенин — жыйналышка кызмат кылуу сыймыгы ыйгарылганын — эсине салган. Ал Тиметейди жакшы кабар таратууда, ишеними үчүн кыйынчылыктарга туш болгондо жыйналыштын көзөмөлчүсү катары ээ болгон бийлигин тартынбай колдонууга чакырган (2 Тиметей 1:6—8).

 Бул кат негизинен Тиметейге жолдонсо да, Кудайдын кызматчыларынын баарына тиешелүү. Анткени ал катта Кудай ага кызмат кылгысы келгендерге кыйынчылыктарга карабай ийгиликтүү кызмат кыла берүүгө зарыл күч берери баса белгиленген.