Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жашыя 1:9дун түшүндүрмөсү. «Бекем, кайраттуу бол»

Жашыя 1:9дун түшүндүрмөсү. «Бекем, кайраттуу бол»

 «Дагы айтам, кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот» (Жашыя 1:9, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде болот» (Жашыя 1:9, «Үмүт нуру» котормосу).

Жашыя 1:9дун мааниси

 Бул сөздөрдү Жахаба a Кудай өзүнүн ишенимдүү кызматчысы Жашыяга айткан. Ал аны кыйынчылыктарга, тоодой тоскоолдуктарга карабай «кайраттуу, бекем» боло аларына ынандырган. Эгер Жашыя Кудайдын айткандарына баш ийсе, алдыдагы нерселерди ойлоп коркмок эмес. Анткени Жахаба анын жанында болуп, жардам берип турмак. Анан чын эле ошенткен. Ал ага көрсөтмөлөрүн берип, душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткирген.

 Жашыя канткенде «кайраттуу, бекем» боло алмак? Ага Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен жазылган ошол учурдагы сөздөрү кайрат берип, күчкө толтурмак. Ал сөздөргө Жахаба ага Муса аркылуу «буйрук кылган мыйзамдын баары» кирген b (Жашыя 1:7). Жахаба Жашыяга аларды «күнү-түнү ой жүгүртүп» окушу керектигин айткан (Жашыя 1:8). Жахабанын сөзүн окуп, ой жүгүртсө, Жашыя анын эркин аткарганга чечкиндүү болмок. Андан Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды «так аткарышы» да талап кылынган. Ошондо ал акылмандуулук менен иш кылып, ийгиликке жетмек. Анан так ошондой болгон. Ал кыйынчылыктарга кабылса да, Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандыктан, жашоосу маңызга толуп, бактылуу өмүр сүргөн (Жашыя 23:14; 24:15).

 Жахабанын Жашыяга айткан сөздөрү бүгүнкү күндө бизди да кайраттандырат. Алар Жахабанын өзүнүн кызматчыларына, өзгөчө, кыйынчылыктарга туш болгондо, канчалык кам көрөрүн көрсөтүп турат. Жахаба алардын, Жашыядай болуп, ийгиликке жетишин каалайт. Эгер Жахабанын кызматчылары анын Сөзүн — Ыйык Китепти — күндө окуп, ой жүгүртсө жана анда жазылгандарга ылайык иш кылса, Жашыяга окшоп, «кайраттуу, бекем» боло алышат.

Жашыя 1:9дун контексти

 Муса көз жумгандан кийин, Жахаба ысрайыл элин Жашыя жетектешин буйрук кылган (Жашыя 1:1, 2). Ошол учурда ысрайылдыктар Кудай убада кылган жердин — Канаан жеринин — босогосунда турушкан. Бирок алар адегенде өздөрүнөн алда канча күчтүү душмандарын жеңиши керек болчу. Мисалы, Жашыяга зөөкүрлүгү ашып-ташыган c канаандыктар менен согушууга туура келген (Мыйзам 9:5; 20:17, 18). Канаандыктар сан жагынан ысрайылдыктардан бир топ эле ашып түшкөн. Алар мыкты куралданган, дасыккан да жоокерлер болчу (Жашыя 9:1, 2; 17:18). Бирок Жашыя тайманбас болуп, Жахабанын айткандарына баш ийген. Ошон үчүн Кудай аны колдогон. Анын аркасында ысрайылдыктар алты эле жылдын ичинде душмандарынын басымдуу бөлүгүн жеңип алышкан (Жашыя 21:43, 44).

a «Жахаба» Кудайдын ысмынын кыргызча айтылышы. Ал тетраграмматон деп белгилүү болгон еврей тилиндеги төрт тамгадан יהוה (ЙХВХ) турат. «Үмүт нуру» котормосунда ушул аятта ал ысымдын ордунда «Кудай-Теңир» деген наам турат. Жахаба жөнүндө жана эмне үчүн айрым Ыйык Китептерден Кудайдын ысмынын алынып салынганы жөнүндө билиш үчүн «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.

b Жашыянын күндөрүндөгү Жазмаларга, сыягы, Мусанын беш китеби (Башталыш, Чыгуу, Лебилер, Сандар, Мыйзам), Аюп китеби жана бир-эки забур кирген. Алардын баары бүгүнкү күндө Ыйык Китепте камтылат.

c Алардын эмне үчүн согушушу керек болгонун билиш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2010-жыл, 1-январь, 13—15-б., ор.