Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Башталыш 1:26. «Өзүбүздөй кылып... адам жараталы»

Башталыш 1:26. «Өзүбүздөй кылып... адам жараталы»

 «Андан кийин Кудай: „Өзүбүздөй кылып, өзүбүзгө окшоштуруп, адам жараталы. Ал деңиздеги балыктардын, асманда учкан канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын, бүт жердин үстүнөн бийлик кылсын“,— деди» (Башталыш 1:26, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Анан Кудай мындай деди: „Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын“» (Башталыш 1:26, «Үмүт нуру» котормосу).

Башталыш 1:26нын мааниси

 Кудай адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан. Бул биздин анда бар болгон сапаттарды, алсак, сүйүү, боорукердик, адилеттүүлүк сыяктуу сапаттарды өрчүтүп, чагылдыра аларыбызды билдирет. Мына ошол себептен биз Кудайды туурай алабыз.

 «Кудай: „Өзүбүздөй кылып... адам жараталы...“ — деди». Жахаба a Кудай эч кимди, эч нерсени жарата электе кубаттуу рухий жаратууну жараткан. Ал кийин Иса деп белгилүү болуп калган. Анан Иса аркылуу «асмандагы жана жердеги калган нерселердин баарын» жараткан (Колосалыктар 1:16). Иса Машаяк Жахабанын табиятын толугу менен чагылдырат. Ыйык Китепте: «Ал — көрүнбөс Кудайдын бейнеси»,— деп аталат (Колосалыктар 1:15). Ошол себептен Кудай Исага: «Өзүбүздөй кылып... адам жараталы»,— деп айткан.

 «Ал... үй айбанаттарынын жана... бүт жердин үстүнөн бийлик кылсын». Жаныбарлар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган эмес. Аларга адамдарды өзгөчөлөп турган сүйүү же абийир сыяктуу сезимдер салынган эмес. Ошентсе да Кудай аларга кам көрөт. Ошондуктан адамдарга жаныбарлардын үстүнөн «бийлик кылууну», ошондой эле аларга кам көрүүнү тапшырган (Забур 8:6—8; Накыл сөздөр 12:10). Жахаба адам баласы жерге жана андагы тирүү жандыктардын баарына жакшы кам көрөт деп күтөт.

Башталыш 1:26нын контексти

 Башталыш китебинин алгачкы 2 бөлүмүндө ааламдын, Жер планетасынын жана андагы тиричиликтин кантип пайда болгону жөнүндө баяндалат. Жахаба бардык нерсени укмуштуудай сонун кылып жараткан. Бирок жер үстүндө баарынан да адам баласы таң калыштуу жаратылган. Кудай жаратуу иштерин бүткөндө «өзү жараткан нерселердин бардыгына» эң сонун деген баа берген (Башталыш 1:31).

 Башталыш китебиндеги тиричиликтин пайда болушу жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул видеону көргүлө.

Башталыш 1:26га байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Кудай эркекти гана анын сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан.

 Чындык: Айрымдар Ыйык Китепте колдонулган «адам» деген сөз эркек кишилерге карата гана колдонулат деп ойлошу мүмкүн. Бирок еврей тилиндеги түп нускада бул сөз ушул контекстте эркектерге да, аялдарга да карата айтылат. Эркектер да, аялдар да Кудайдын сапаттарын чагылдыра алышат. Кудай анын ырайымына жана түбөлүк өмүр белегине ээ болуу мүмкүнчүлүгүн эркектерге да, аялдарга да берген (Жакан 3:16).

 Жаңылыш ой: Кудай биздикиндей денеге ээ.

 Чындык: Ыйык Жазмада: «Кудай — Рух»,— деп айтылат. Бул анын рухий чөйрөдө жашаарын билдирет (Жакан 4:24). Анын Сөзүндө Кудайдын бети, колу, жүрөгү жана башка нерселери тууралуу айтылат. Бирок бул сөздөр тек гана бизге Жаратканыбызды элестете алышыбыз үчүн колдонулган (Чыгуу 15:6; 1 Петир 3:12).

 Жаңылыш ой: Башталыш 1:26 Исанын Кудай экенин далилдеп турат.

 Чындык: Кудай менен Иса бири-бирине абдан ынак. Бирок бул алардын бир инсан экенин билдирбейт. Иса өзүнүн Атасы жөнүндө: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28). Бул тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, «Иса Машаяк Кудайбы?» деген видеону көргүлө же «Иса эмне үчүн Кудайдын Уулу деп аталат?» деген макаланы окуп көргүлө.

 Башталыш китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.