Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаякты айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнбү?

Иса Машаякты айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнбү?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Көптөр айкаш жыгачты христиан диндеринин негизги символу катары көрүшөт. Бирок Ыйык Китепте Иса Машаяктын эмнеге кадалып өлтүрүлгөнү сүрөттөлгөн эмес, ошон үчүн анын кандай болгонун эч ким так айта албайт. Анткен менен Ыйык Китептен Иса пайгамбардын айкаш жыгачка эмес, тигинен турган устунга кадалганын тастыктаган далилдерди табууга болот.

 Ыйык Китепте Иса Машаякты кантип өлтүрүлгөнү жөнүндө сөз жүргөндө, негизинен, ставрос деген грек сөзү колдонулган (Матай 27:40; Жакан 19:17). Ыйык Китептин айрым котормолорунда бул сөз «айкаш жыгач» деп которулат, бирок Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулардын айтымында, бул сөз, чынында, «тигинен турган устун» деген маанини туюндурат a. Ошондой эле бир эмгекке ылайык, ставрос деген сөз «эч качан бири-бирине айкалыштыра бекитилген эки устунду билдирген эмес» («A Critical Lexicon and Concordance to the English and Greek New Testament»).

 Ыйык Китепте ставрос деген сөздүн синоними катары ксилон деген грек сөзү да колдонулат (Элчилер 5:30; 1 Петир 2:24). Ал сөз «жыгач», «дарга», «устун» же «дарак» дегенди билдирет b. Бир эмгекте бул тууралуу: «Грек тилиндеги Жаңы Келишимдин бир да жеринде бири-бирине бекитилген эки устун жөнүндө жазылган эмес»,— деп айтылган («The Companion Bible»).

 Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонуу туурабы?

Кылмышкерди кадап өлтүрүү үчүн колдонулган жалгыз устун — латынча крукс симплекс

 Иса Машаяк кадалган устун кандай болбосун, төмөндө келтирилген фактылар жана Ыйык Китептеги аяттар Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонбошубуз керектигин көрсөтүп турат.

  1.   Кудай ага сыйынууда кандайдыр бир сөлөкөттөрдү же айкаш жыгач сыяктуу нерселерди колдонууга тыюу салат. Кудай байыркы учурда өзүнүн элине ага сыйынууда «эч нерсенин түспөлүн» колдонбошу керектигин айткан. Ал бүгүнкү күндөгү кызматчыларынан да «бурканга табынуучулуктан качууну» талап кылат (Мыйзам 4:15—19; 1 Корунттуктар 10:14).

  2.   Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочулары Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонушкан эмес c. Иса Машаяктын бардык жолдоочулары анын биринчи кылымда жашаган элчилеринин окутканына жана үлгүсүнө бек карманууга тийиш (2 Тесалоникалыктар 2:15).

  3.   Сыйынууда айкаш жыгачты колдонуу бутпарас элдерден калган d. Иса Машаяктын өлүмүнөн жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин чиркөөлөр анын окуусун бурмалай башташкан. Ошондо чиркөөнүн жаңы мүчөлөрүнө «мурун бутпарас кезинде колдонуп келген сөлөкөттөрү менен символдорун», анын ичинде айкаш жыгачты «сыйынууда колдонууга жол берилген» («The Expanded Vine’s Expository Dictionary of New Testament Words»). Бирок Ыйык Китепте мындайга жол берилбеши керектиги так-даана жазылган (2 Корунттуктар 6:17).

a Карагыла: «Ыйык Китептин жаңы сөздүгү», Д. Р. В. Вуд тарабынан редакцияланган, 3-бас., 245-б. («New Bible Dictionary»); «Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгү», 7-т., 572-б. («Theological Dictionary of the New Testament»); «Ыйык Китептин эл аралык стандарттуу энциклопедиясы», кайра редакцияланган басылышы, 1-т., 825-б. («The International Standard Bible Encyclopedia»); «Ыйык Китептин императордук сөздүгү», 2-т., 84-б. («The Imperial Bible-Dictionary»).

b Карагыла: «Вайндын Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү», 1165-б. («The Expanded Vine’s Expository Dictionary of New Testament Words»); Лидел менен Скот түзгөн грекче-англисче сөздүк, 9-бас., 1191, 1192-б. («A Greek-English Lexicon, by Liddell and Scott»); «Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгү», 5-т., 37-б. («Theological Dictionary of the New Testament»).

c Карагыла: «Британ энциклопедиясы» (электрондук түрү), 2003, «Айкаш жыгач» деген сөздү жазгыла («Encyclopædia Britannica»); «Айкаш жыгачтын тарыхы жана мааниси», 40-б. («The Cross—Its History and Symbolism»); Оксфорд университети тарабынан басылып чыгарылган «Ыйык Китептин жандоочусу» аттуу китеп, 162-тирк., 186-б. («The Companion Bible»).

d Карагыла: «Дин энциклопедиясы», 4-т., 165-б., («The Encyclopedia of Religion»); «Америка энциклопедиясы», 8-т., 246-б. («The Encyclopedia Americana»); «Биз колдонгон символдор», 205—207-б. («Symbols Around Us»).