Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп илимге шайкеш келеби?

Ыйык Китеп илимге шайкеш келеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба. Ыйык Китеп илимий китеп болбосо да, анда илимий жактан так маалыматтар жазылган. Келгиле, Ыйык Китептин илимге шайкеш келерин далилдеген айрым мисалдарды жана илимий ачылыштар боло элек кезде эле Ыйык Китепте жазылган илимий фактыларды карап көрөлү.

  •   Ааламдын башталышы болгон (Башталыш 1:1). Ал эми байыркы уламыштардын көбүндө ааламдын жаратылганы эмес, кандайдыр бир баш аламандыктан пайда болуп калганы айтылат. Бабылдыктар ааламды «төрөгөн» кудайлар эки океандан пайда болгон деп ишенишкен. Дагы бир уламышта ааламдын укмуштуудай чоң жумурткадан пайда болгону айтылат.

  •   Ааламдагы бардык нерсе Кудай бекиткен табият мыйзамдарына баш иет. Андыктан жаратылыштагы кубулуштар кайсы бир кудайлардын өзгөрмө каалоосуна жараша болбойт (Аюп 38:33; Жеремия 33:25). Дүйнө жүзүндөгү уламыштарда адам баласынын бир заматта чалды-куйду кылып жиберген, ырайымсыз кудайларга баш ийгенге аргасыз экени айтылат.

  •   Жердин эч кандай таянычы жок (Аюп 26:7). Байыркы убакта көптөр жер жалпак, аны алп бука же чоң таш бака сыяктуу жаныбар көтөрүп турат деп ишенишчү.

  •   Океандардагы, дарыялардагы, деңиздердеги жана көлдөрдөгү суулар бууланып, кайрадан жамгыр, кар же мөндүр болуп жаайт. Дарыялар жана башка булактар ошонун эсебинен кайра эле толтурулуп турат (Аюп 36:27, 28; Насаатчы 1:7; Ышая 55:10; Амос 9:6). Ал эми байыркы гректер дарыялар жер астындагы океандын эсебинен толтурулуп турат деп ишенишкен. Алар мындай көз карашка 18-кылымга чейин карманып келишкен.

  •   Тоолор пайда болуп, кайра чөгүп турат. Бүгүн биз көрүп жаткан тоолор бир кезде океандын астында болгон (Забур 104:6, 8). Айрым уламыштарда болсо кудайлар тоолорду азыр кандай болсо, так ошондой кылып жараткан деп айтылат.

  •   Гигиена эрежелерин сактоо ден соолукту коргойт. Ысрайылдыктарга берилген мыйзамда өлүккө тийген кишинин жуунушу керектиги, жугуштуу оорусу барларды элден өзүнчө бөлүп коюу, заң-заараны көмүп туруу жөнүндө көрсөтмөлөр камтылган (Лебилер 11:28; 13:1—5; Мыйзам 23:13). Ал эми ошол учурда мисирликтерде жараатка адамдын заңы кошулуп жасалган аралашма сыйпашчу.

Ыйык Китепте илимий жактан так эмес маалыматтар барбы?

 Ыйык Китепти кылдат изилдөөнүн аркасында андай маалыматтар жок экенин билүүгө болот. Төмөндө Ыйык Китептин илимий жактан тактыгына шек санагандардын жаңылыш ойлорунун айрымдары келтирилди:

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте ааламдын 24 сааттан турган 6 күндө жаратылганы айтылат.

 Факт: Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын ааламды канча убакыт мурун жаратканы белгисиз (Башталыш 1:1). Ошондой эле Башталыш китебинин 1-бөлүмүндө айтылган жаратуу күндөрүнүн ар бири белгилүү бир убакыт аралыгын камтыган. Ал убакыт аралыгынын канчага созулганы да белгисиз. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, Ыйык Китепте асман менен жер жаратылган убакыт аралыгы «күн» деп эле айтылат (Башталыш 2:4).

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын, фотосинтез процесси жүрүшү үчүн, Күн жаратылганга чейин эле жаратылганы айтылат (Башталыш 1:11, 16).

 Факт: Ыйык Китептен асмандагы жылдыздардын бири болгон Күндүн өсүмдүктөр, бак-дарактар жаратылганга чейин эле жаратылганын билүүгө болот (Башталыш 1:1). Күн нурлары жер кыртышына биринчи жаратуу «күнү» жеткен. Атмосфера тазарып отуруп, күн нурлары жер бетине үчүнчү жаратуу күнү жетиштүү деңгээлде тийгендиктен, фотосинтез процесси жүрө баштаган (Башталыш 1:3—5, 12, 13). Күн үчүнчү жаратуу күнү гана жер бетинен даана көрүнүп калган (Башталыш 1:16).

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте Күндүн Жерди айланары айтылат.

 Факт: Насаатчы 1:5те: «Күн чыгып, кайра батат, анан кайрадан чыга турган жерине шашат»,— деп айтылат. Бул аятта жерден караганда Күндүн жылып бараткандай көрүнгөнү гана сүрөттөлгөн. Бүгүнкү күндө деле «күн чыкты» же «күн батты» деп айтканыбыз менен, Күндүн Жерди эмес, Жердин Күндү айланарын түшүнөбүз.

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте жердин жалпак экени айтылган.

 Факт: Ыйык Китепте бүт жер жүзү жөнүндө сөз болгондо «жердин учу-кыйырына чейин» деген сөздөр колдонулат, бирок бул жердин жалпак экенин же анын учу бар экенин билдирбейт (Элчилер 1:8). Ошондой эле Ыйык Китептеги «төгөрөктүн төрт бурчу» деген сөздөр жердин төрт бурчу бар экенин билдирбейт. Бул сөздөрдү окуганда биз бүткүл дүйнө жүзүн түшүнөбүз (Ышая 11:12; Лука 13:29).

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте тегеректин айланасы анын диаметринин туптуура үчкө көбөйтүлүшүнө барабар деп айтылат. Бирок, чынында, анын диаметринин пиге (π), тагыраак айтканда, 3,1416га көбөйтүлүшүнө барабар.

 Факт: 1 Падышалар 7:23тө жана 2 Жылнаама 4:2де айтылган жез казан «бир четинен экинчи четине чейин 10 чыканак,.. жип менен айланта ченегенде, 30 чыканак болгон». Бул аяттагы сандар, сыягы, тек гана тегеректелип жазылган. Ошондой эле казандын айланасы менен диаметри анын ичинин да, сыртынын да өлчөмүнө карата айтылышы мүмкүн болгон.