Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4. Илимий жактан так

4. Илимий жактан так

Ыйык Китепке эмне себептен ишенүүгө болот?

4. Илимий жактан так

Учурда илим болуп көрбөгөндөй өнүктү. Натыйжада мурунку теориялар жаңылар менен алмашылды. Бир кездеги төгүндөлгүс чындыктар азыр уламыш катары каралат. Ошондуктан илимий китептер кайрадан каралып чыгууда.

ЫЙЫК КИТЕП илимий эмгек эмес. Ошентсе да анда илимий фактыларга байланыштуу эмнелер айтылып, эмнелер айтылбаганын карап чыгалы.

Илимий эмес көзкараштардан алыс. Байыркы учурларда жаңылыш көзкараштар аябай эле кеңири таралган болчу. Мисалы, көптөр жерди жалпак деп элестетип, анын көзгө көрүнгөн таянычы бар деп ойлошкон. Оорулардын таралышы жана аларды алдын алуу жөнүндө илимий ачылыштар жасала электе, дарыгерлер элди натыйжасыз, атүгүл өлүмгө учураткан ыкмалар менен дарылашкан. Бирок андай илимий эмес көзкараштар же зыян алып келген дарылоо ыкмалары Ыйык Китептин 1 200дөй бөлүмүнүн бир да жеринде кездешпейт.

Билдирүүлөрдүн илимий тактыгы. Ыйык Китепте мындан 3 500 жылдай мурун эле жердин эч «нерсенин үстүнө» илинбегени айтылган (Аюб 26:7). Ал эми б.з.ч. 8-кылымда Ышайа пайгамбар жердин «шар» формасында экенин жазган (Ышайа 40:22). Ооба, жер шары эч кандай көзгө көрүнгөн таянычы жок эле космос мейкиндигинде жайгашкан. Ыйык Китептин бул билдирүүлөрү азыркы илимге дал келип жаткан жокпу?

Б. з. ч. 1500-жылдары жазылган Мусанын мыйзамында (Ыйык Китептин алгачкы беш китеби) оорулуу кишини башкалардан обочо кармоого, таза эмес нерселерден кантип арылууга жана өлгөндөрдүн денесине байланыштуу көрсөтмөлөр берилген (Лебилер 13:1—5; Сандар 19:1—13; Мыйзам 23:13, 14).

Окумуштуулар күчтүү телескоптордун жардамы менен ааламдын башталышы болгон деген тыянакка келишкен. Анткен менен бул бардык эле окумуштууларга жага бербейт. «Ааламдын башталышы болгон деген түшүнүк баштапкы себепти талап кылат көрүнөт. Анткени себеп болбосо, мындай натыйжа болот беле?» — дейт бир профессор. Бирок телескоптор пайда боло электе эле Ыйык Китептин биринчи аятында: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылган (Башталыш 1:1).

Ыйык Китеп байыркы заманда жазылып, ар кандай темадагы маалыматтарды камтыган китеп болсо да, анда илимий жактан так болбогон билдирүүлөр жок. Бул аны көңүл коюп окуп чыгууга түрткү бербейби?! *

[Шилтеме]

^ 9-абз. Ыйык Китептин илимий жактан так экенин тастыктаган далилдерди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 18—21-беттеринен табууга болот.

[8-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепте жердин шар формасында экени, эч «нерсенин үстүнө» илинбегени эчак эле айтылган

[Булак жөнүндө маалымат]

U.S. Fish & Wildlife Service, Washington, D.C./NASA