Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

«Бул — асман менен жер жаратылган убак... жөнүндөгү билдирүү» (Башталыш 2:4). Ыйык Китепте Жер планетасынын кантип жаратылганы жөнүндөгү билдирүү ушундай сөздөр менен жыйынтыкталат. Ал китепте айтылгандар илимге шайкеш келеби? Буга байланыштуу бир нече мисал карап көрөлү.

Башында: Асман менен жер жаратылган

Ааламдын башталышы болгонбу?

Башталыш 1:1де: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп жазылган.

1950-жылдарга чейин айтылуу окумуштуулардын көбү ааламдын башталышы болгон эмес, ал башынан эле бар болчу деп ишенип келишкен. Бирок акыркы изилдөөлөрдөн улам илимпоздордун көбү ааламдын башталышы болгон деген бүтүмгө келишкен.

Жердин көрүнүшү башында кандай эле?

Башталыш 1:2, 9-аяттарда жердин эң башында «даана көрүнө элек,.. ээн» болгону жана аны суу каптап турганы айтылат.

Бул айтылгандар азыркы илимий ачылыштарга дал келет. Патрик Шии аттуу биолог айткандай, Жер планетасынын «атмосферасында алгач кычкылтек жок болчу... Жерде дарак аттуудан, жандуудан эч нерсе жок болчу». Ал эми «Астрономия» журналында мындай делген: «Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ошол кезде жер бетин суу каптап турган, кургактык дээрлик жок болчу».

Жердин атмосферасы убакыттын өтүшү менен кантип өзгөрө берген?

Башталыш 1:3—5-аяттарда жазылгандай, атмосфера калың болгондуктан, жарык жерге жете алган эмес. Бир топ убакыт өткөндөн кийин гана жерден караганда ай менен күн даана көрүнө баштаган (Башталыш 1:14—18).

Ыйык Китепте тиричилик ар бири 24 сааттан турган 6 күндө жаратылган деп айтылбайт

Смитсон атындагы экологиялык изилдөөлөр борборунун билдирүүсүнө ылайык, жарык атмосферадан жакшы өтө албай жер бетинен караганда тунарыңкы, күңүрт көрүнгөн. Анда: «Жаңы пайда болгон бүтүндөй жерди абадагы метан тамчылары газ сыяктуу каптап турган»,— делген. Кийинчерээк «метан тарап, асман ачылып, көкмөк болуп калган».

Жердеги тиричилик кандай тартипте пайда болгон?

Башталыш 1:20—27-аяттарда адегенде балыктар, куштар, кургактыкта жашоочу жаныбарлар, акырында адам баласы жаратылганы айтылат. Алгачкы сүт эмүүчүлөр менен адам баласы пайда болгонго чейин көп убакыт мурун эле адегенде балыктар пайда болгонун окумуштуулар да ырастайт.

Ыйык Китепте тирүү организмдер убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт деп айтылган эмес

Ыйык Китепте айтылгандарга байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

Айрымдар Ыйык Китепте жазылгандар учурдагы илимий ачылыштарга карама-каршы келет деп эсептешет. Бирок буга көбүнчө алардын Ыйык Китепте айтылгандарды туура эмес түшүнүп алганы себеп болот.

Ыйык Китепте ааламдын же жердин пайда болгонуна 6000 эле жыл болду деп айтылбайт. Чынында, анда жер менен ааламдын жаратылышына байланыштуу «башында» деп эле айтылган (Башталыш 1:1). «Башында» деген канча убакыт мурун болгону так айтылган эмес.

Ыйык Китепте тиричилик ар бири 24 сааттан турган 6 күндө жаратылган деп айтылбайт.Ыйык Китепте колдонулган «күн» деген сөз белгилүү бир убакыт аралыгына карата айтылат. Мисалы анда: «Жахаба * Кудай асман менен жерди жараткан күнү»,— деп жазылган (Башталыш 2:4). Аяттагы «күн» деген сөз өз ичине бүт аалам жаратылган убакытты камтыйт. Ал убакыт аралыгына Башталыш 1-бөлүмдө айтылган 6 жаратуу күнү да кирет. Демек, Кудай жерди жашаганга ылайыктуу кылып даярдаганга, андагы тиричиликти жаратканга кеткен 6 күндүн ар бири аябай эле узакка созулган убакыт аралыгын билдирет.

Ыйык Китепте тирүү организмдер убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт деп айтылган эмес. Башталыш китебинде жан-жаныбарлардын «түр-түрү менен» жаратылганы айтылган (Башталыш 1:24, 25). Ыйык Китептеги «түр-түрү менен» деген сөз илимий термин эмес. Ошентсе да, ал сөз, кыязы, тиричилик формаларынын жалпы жонунан түрлөргө бөлүнүшүнө карата айтылат. Андыктан бир «түрдүн» ичинде ар кандай вариациялар болушу мүмкүн. Бул бир жерде байырлаган жан-жаныбарлардын убакыттын өтүшү менен бир аз өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөтүп турат.

Кандай деп ойлойсуңар?

Жогорудан карап чыкканыбыздай, Ыйык Китепте ааламдын башталышы, жердин башында кандай болгону, тиричиликтин кантип пайда болгону жөнүндө жөнөкөй жана так жазылган. Анда Ыйык Китепте ошонун баарын жараткандын Өзү жөнүндө да так жазылган деп айтсак болобу? «Британ энциклопедиясында» мындай делет: «Тиричиликти адамдардан алда канча жогору турган улук бирөө жараткан деген түшүнүк акыркы илимий ачылыштарга карама-каршы келбейт» *.

^ 17-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ 20-абз. «Британ энциклопедиясы» тиричиликти Кудай жараткан деген ойду жактабайт.