Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте өч алуу жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте өч алуу жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кимдир бирөө өч алууга укугум бар деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул Ыйык Китепке каршы келет. Анда: «„Ал мага кандай мамиле кылса, мен да ага ошондой мамиле кылам. Ар бирине өз ишине жараша тиешесин берем“,— дебе»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 24:29). Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте өч алгандан качканга жардам берген кеңештер бар.

Бул макалада:

 Өч алуу эмне үчүн туура эмес?

 Бирөө жарым силерге жамандык кылса же таарынтса, ачууланышыңар же анын жазаланышын каалашыңар мүмкүн. Бул кадимки эле нерсе. Бирок өч алуу Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга каршы келет. Эмне үчүн?

 Анткени бул Кудайга жакпайт. Ыйык Китепте Жахаба a Кудайдын: «Өч меники, тиешесин мен берем»,— деп айтканы жазылган (Римдиктер 12:19). Кудайдын Сөзү адилетсиз мамилеге кабылгандарды өч алганга эмес, келишпестикти тынчтык жолу менен чечкенге үндөйт (Римдиктер 12:18). Ошентсе да колдон келгендин баарын кылган күндө да аны тынчтык жолу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, эмне кылыш керек? Андайда баарын акыйкаттыкты орното турган Жахаба Кудайга тапшырып коюш керек. Ыйык Китеп мына ушуга үндөйт (Забур 42:10, 11).

 Кудай кандай мааниде жазалайт?

 Кудай өкмөттөгүлөргө туура эмес иш кылгандарды жазалаганга бийлик берген (Римдиктер 13:1—4). Учуру келгенде ал адилетсиздик кылгандардын баарын жоопко тартат жана азап кайгыны түбөлүккө жок кылат (Ышая 11:4).

 Өч алгым келип, көксөөм суубай жатса эмне кылсам болот?

  •   Ачууга алдырбагыла (Накыл сөздөр 17:27). Ачууга алдыргандар көбүнчө бармагын тиштеп калышат. Ал эми жети өлчөп бир кескендер туура чечимдерди чыгарышат (Накыл сөздөр 29:11).

  •   Иштин чоо-жайын түшүнгөнгө аракет кылгыла (Накыл сөздөр 18:13). Жаман мамилеге туш болгондор минтип ойлонуп көрсө болот: «Анын ушундай кылышына, балким, мен билбеген бир себептер бардыр. Мүмкүн, ал кыйналып жүргөндүр. Же ойлонбой эле иш кылып алгандыр». Кээде кимдир бирөөлөрдүн мүчүлүштүктөрү атайын кылгандай сезилиши ыктымал.

 Өч алууга байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Ыйык Китепте «көзгө көз» делген. Демек, өч алса болот (Лебилер 24:20).

 Чындык: «Көзгө көз» деген бул мыйзам байыркы ысрайылдыктарга өч алганга бөгөт коюш үчүн берилген. Бул мыйзам сотторго күнөөлүү кишини тиешелүү түрдө жазалаганга жардам берчү  b (Мыйзам 19:15—21).

 Жаңылыш ой: Эгер Кудайдын Сөзүндө кек алганга болбосо, анда бирөө кол салганда өзүбүздү коргогонго да болбойт.

 Чындык: Кимдир бирөө кол салганда киши өзүн коргогонго укугу бар. Же өкмөттөн жардам издесе болот. Бирок, кандай болбосун, Ыйык Китепте уруш-талаштан алыс болушубуз керектиги айтылат (Накыл сөздөр 17:14).

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

b Бул мыйзам тууралуу «„Көзгө көз“ деген мыйзам эмнени билдирет?» деп аталган макаладан көбүрөөк биле аласыңар.