Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Өзүмө өзүм көр казып жүрүптүрмүн»

«Өзүмө өзүм көр казып жүрүптүрмүн»
  • Туулган жылы: 1978

  • Өлкөсү: Эль-Сальвадор

  • Мурун: Кылмыштуу топтун мүчөсү

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

«Эгер чындап эле Кудай жөнүндө билгиң келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө жармаш». Бул сөздөрдү укканда оозум ачылып эле туруп калдым. Ошол кезде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатканыма аз эле болгон. Эмне үчүн таң калганымды түшүнө алышыңар үчүн өзүм жөнүндө бир аз кеп кылайын.

Мен Эль-Сальвадордогу Кесальтепеке деген чакан шаарда төрөлгөм. Үйдө 15 баланын алтынчысы болчумун. Ата-энем мени чынчыл, мыйзамдарга баш ийген адам кылып чоңойтконго аракет кылышкан. Ошондой эле Леонардо жана башка Жахабанын Күбөлөрү кез-кезде үйүбүзгө келип, бизге Ыйык Китепте жазылгандарды окутуп турушчу. Бирок мен теңирден тескери иш кылып, уламдан-улам бузулуп кете бердим. 14 жашымда мектептеги досторум менен ичимдик ичип, баңгизат колдоно баштадым. Досторум биринин артынан бири мектепти таштап, кылмыштуу топко кошулуп кетишти. Мен да алардын жолуна түштүм. Кумарыбызды кандырганга акча табыш үчүн элди тоноп, көчөдө эле жүрчүбүз.

Кылмыштуу топту үй-бүлөмдөй эле көрчүмүн. Аларды эч убакта сатпашым керек деп ойлочумун. Бир жолу биздин топтогу бир бала баңгизаттын таасири менен кошунама асылып кирди. Экөө мушташа кетип, кошунам аны жыга чаап, полицияны чакырды. Ошондо мен жинденип, ал досумду коё бериш үчүн машинесин чоң таяк менен талкалап кирдим. Кошунамдын кой деп жалдыраганына карабай, улам бир терезесин талкалай бердим.

18 жашымда полиция менен кагылышып кеттик. Мен колго жасалган бомбаны ыргытайын деп жатсам, колуман жарылып кетти. Кандайча болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Оң колум билектен ылдый жулунуп, ыргып кеткенин көрдүм, калганы эсимде жок. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатыптырмын. Оң колум жок экенин, оң кулагым укпай калганын, оң көзүм дээрлик көрбөй калганын түшүндүм.

Ооруканадан чыккандан кийин, майып болуп калганыма карабай, кайра эле тобума кошулдум. Бирок көп өтпөй эле полицияга кармалып, түрмөгө отуруп калдым. Ал жактан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ого бетер жакын болуп кеттим. Эртеден кечке: тамак ичип, марихуана чеккенден баштап уктаганга чейин ошолор менен жүрчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

Түрмөдө отурганымда баягы Леонардо келди. Экөөбүз сүйлөшүп отурганда ал оң колумдагы чегилип тартылган сүрөттү көрсөтүп: «Бул сүрөттөгү үч чекит эмнени билдирерин билесиңби?» — деп сурады. Мен: «Ооба, билем. Жыныстык катнашты, баңгизатты, рок-н-роллду»,— деп жооп бердим. Бирок Леонардо: «Мен болсо булар оорукананы, түрмөнү, өлүмдү билдирет деп айтмакмын. Сен ооруканага жаттың, түрмөгө отурдуң. Эмкиде эмне болорун түшүндүң го»,— деп айтты.

Муну укканда нес болуп туруп калдым. Анын айткандарында калет жок эле. Мен, көрсө, өзүмө өзүм көр казып жүрүптүрмүн. Леонардо Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштады, мен макул болдум. Ыйык Китептен билгендерим жашоомду өзгөрткөнгө түрткү берди. Мисалы, Ыйык Китепте: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 15:33). Ошондуктан адегенде башка досторду табышым керектигин түшүндүм. Ан үчүн кылмыштуу топтун чогулуштарына барбай, Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөдө өткөрүлгөн жолугушууларына бара баштадым. Ал жактан түрмөдө жүргөндө Жахабанын Күбөсү болгон Андреске жолуктум. Ал эртең менен чогуу тамактанып турууну сунуштады. Ошондон тартып таң атпай эле марихуана чеге баштаганымды токтоттум. Анын ордуна, күнүгө эртең менен Андрес экөөбүз Ыйык Китептеги аятты талкуулай баштадык.

Топтогулар менин өзгөрүп жатканымды дароо эле байкашты. Бир жолу топтун ана башыларынын бири мени менен сүйлөшөм деди. Ошондо аябай коркуп кеттим. Эмне кылып жүргөнүмдү билсе, бир нерсе кылат го деп ойлодум. Анткени топтон чыгуу такыр мүмкүн эмес болчу. Ал мага: «Биздин чогулуштарга барбай, Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына барып жүргөнүңдү байкап жатабыз. Эмне кылайын деп жатасың?» — деди. Мен Ыйык Китепти изилдеп, жашоомду өзгөрткүм келерин айттым. Таң калыштуусу, ал эгер чын эле Жахабанын Күбөсү болгум келерин далилдесем, топтогулар мени сыйлап калмактыгын айтты. Анан мындай деди: «Эгер чындап эле Кудай жөнүндө билгиң келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө жармаш. Биз сенин жаман иштерди кылбай каларыңа үмүттөнөбүз. Куттуктайм. Сен туура жолго түштүң. Жахабанын Күбөлөрү сага чындап жардам беришет. Кошмо Штаттарда жүргөндө мен да алар менен Ыйык Китепти изилдечүмүн. Үйүмдөгүлөрдүн айрымдары Жахабанын Күбөлөрү. Такыр коркпо. Алдыга кете бер». Муну укканда бир чети коркуп, бир чети кубанычым койнума батпай, сүйүндүм. Ичимен Жахаба Кудайга рахмат айтып жаттым. Өзүмдү капастан коё берилген чымчыктай эле сездим. Ошондо Исанын: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген сөздөрүнүн маанисин түшүндүм (Жакан 8:32).

Бирок мурунку досторумдун айрымдары мени сынаш үчүн баңгизат сунуштаган учурлар болду. Ачыгын айтсам, кээде азгырыкка алдырып койчумун. Бирок Жахабадан жалындуу тиленгенимдин аркасында убакыттын өтүшү менен жаман адаттарымдан арылдым (Забур 51:10, 11).

Түрмөдөн чыкканымда көптөр мени кайра эле эски адатын карматып, баягыдай жашай баштайт деп ойлошкон. Бирок мен анткен жокмун. Анын ордуна, түрмөгө кайтып барып, ал жакта отургандарга Ыйык Китептен билгендеримди айта баштадым. Ошондо эски досторумдун менин чынында эле өзгөргөнүмө көзү жетти. Өкүнүчтүүсү, мурунку душмандарым буга кубанышкан жок.

Бир жолу шеригим экөөбүз кабар айтып жүргөндө мурда мени өлтүргүсү келип, касташып жүргөн топтогулар бизди тегеректеп калышты. Баары куралчан экен. Шеригим жумшактык, ошол эле учурда кайраттуулук менен аларга менин кылмыштуу топтон чыгып кеткенимди түшүндүрдү. Мен болсо сабырдуу болгонго аракет кылып жаттым. Алар мени сабап, ал жакка экинчи келбешим керектигин эскерткенден кийин куралдарын түшүрүп, бизди коё беришти. Ыйык Китеп чын эле жашоомду өзгөрттү. Мурун ушундай болсо өч алганга аракет кылмакмын. Азыр Ыйык Китептеги: «Эч кимиңер жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, дайыма бири-бириңерге жана башкаларга жакшылык кылууга умтулгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылам (1 Тесалоникалыктар 5:15).

Жахабанын Күбөсү болгондон бери чынчыл болуш үчүн бүт күчүмдү жумшап келем. Бул оңойго турбайт. Бирок Жахаба Кудайдын, досторумдун колдоосунун, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуунун аркасында жаман иштерден алыс болуп жүрөм. Мурунку жолума кайра эч качан түшкүм келбейт (2 Петир 2:22).

ПАЙДАСЫ

Мен ачуулуу, катаал киши болчумун. Жаман жолуман кайтпай жүрө берсем, качан эле өмүрүмөн айрылмакмын. Ыйык Китептен алган билим мени таптакыр башка адам кылып өзгөрттү. Жаман иштеримди таштадым. Мурун душман болуп жүргөндөр менен касташпаганга үйрөнүп жатам (Лука 6:27). Жакшы сапаттарды өрчүткөнгө түрткү берген сонун досторум бар (Накыл сөздөр 13:20). Кылган жаман иштеримдин баарын кечирген Кудайга кызмат кылып жаткандыктан, жашоом маңыздуу өтүп жатат (Ышая 1:18).

2006-жылы Кудайга кызмат кылган бойдок ага-инилерди окуткан мектепке барып келдим. Бир нече жылдан кийин сүйүктүү жубайыма үйлөнүп, кыздуу болдук. Азыр убактымдын көбүн Ыйык Китепте жазылгандарды жарыялоого жумшайм. Жергиликтүү жыйналышта аксакал катары кызмат кылам. Жаштарга мен кетирген каталарды кайталабаганга жардам бергенге аракет кылып жатам. Азыр өзүмө өзүм көр казбастан, келечекте Кудай убада кылган жаңы заманда жашаш үчүн бүт күчүмдү жумшап келем.