Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Атам менен элдешишим

Атам менен элдешишим
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1954

  • ӨЛКӨСҮ: Филиппин

  • МУРУН: Атасынын катаалдыгынан үйдөн качып кеткен

МУРУН

Көптөгөн туристтер Филиппиндеги Пагсанхан шаарынын жанындагы белгилүү шаркыратмаларды көргөнү барышат. Ошол жерде атам Нардо Лерон жакырчылыкта чоңоюп-өсүптүр. Бийликтегилердин, полиция кызматкерлеринин, жумушундагылардын арасында күч алган паракорлукту көргөндүктөн, аябай ачуулуу, катаал болуп кетиптир.

Ата-энем бизди, сегиз баланы, багыш үчүн кара жанын карч уруп иштечү. Алар тоодо жер айдагандыктан, ошол жакта болуп, үйдө көп болушчу эмес. Алар жокто бизден кийинки бир туугандарыбызды агам Роделио экөөбүз карап калчубуз. Ачка жүргөн күндөр көп болду. Балдарга кошулуп, көп ойной алчу да эмеспиз. Ар бирибиз жети жашыбыздан тартып эле кокос талаасында иштей баштачубуз. Жумуш оор болчу, тоонун боорундагы тик жолдор менен кокос салынган оор мүшөктөрдү ташычубуз. Мүшөктөрдү көтөрө албай калганда эптеп сүйрөп келчүбүз.

Атам бизди көп таяктачу, бирок баарынан да апамды сабап жатканда, аябай жаман болчубуз. Арачалап, апамды урдуртпаганга аракет кылчубуз, бирок колубуздан эч нерсе келчү эмес. Роделио экөөбүз чоңойгондо атамды өлтүрөбүз деп сүйлөшүп алганбыз. Мээримин төгүп, бизди жакшы көргөн атам болсо деп эңсечүмүн.

Атамдын ур-токмогунан тажап, ызаланып 14 жашымда үйдөн качып кеттим. Көчөдө жашап, күн көрүп жүрдүм. Анан марихуана тарта баштадым. Кийин туристтерди кайык менен шаркыратмага ташып иштеп калдым.

Бир нече жылдан кийин Маниладагы университетте окуй баштадым. Бирок дем алыш күндөрү Пагсанханга барып иштегендиктен, окуганга убактым деле калчу эмес. Жашоом маңызсыз болуп, марихуана мурдагыдай санаадан алаксытпай калды. Ошентип, метамфетамин, кокаин, героин деген күчтүү баңгизаттарды татып көрө баштадым. Баңгизатты колдонгондон кийин жыныстык катнашка барып, уятсыз иштерди кылчумун. Кыйналган, жакыр, адилетсиздикке кабылган адамдардын арасында жашачумун. Азап-кайгынын күч алганына өкмөт күнөөлүү деп эсептечүмүн. Кудайдан: «Жашоо эмне үчүн ушундай?» — деп сураар элем. Ар кайсы динге барып көрсөм да, суроолорума жооп тапкан жокмун. Ошондуктан үмүтүм үзүлүп, баңгизатты мурдагыдан да көбүрөөк колдоно баштадым.

1972-жылы Филиппиндеги студенттер бийликке каршы козголоң уюштурушкан. Мен ошондой козголоңдун бирине катышып калдым, ал зордук-зомбулук менен аяктады. Көптөр камалып кетти. Бир нече айдан кийин бүт өлкө боюнча аскердик абал киргизилгени жарыяланды.

Ошентип, кайра көчөдө жашап калдым, бирок бул жолкусунда козголоңго катышканым үчүн бийликтегилерге кармалып калбайын деп, жашынып жүрдүм. Баңгизат алганга бир тыйыным жок болгондуктан, уурулук кылып, бай адамдардын, чет өлкөлүктөрдүн жыныстык каалоолорун канааттандырып акча таба баштадым. Тирүүмүнбү, өлүкмүнбү, мага баары бир болуп калган.

Ал ортодо апам менен иним Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр. Буга атамдын каары кайнап, алардын Ыйык Китепке негизделген адабияттарын өрттөп салыптыр. Ошентсе да алар изилдөөсүн улантып, Жахабанын Күбөсү болушуптур.

Бир күнү Жахабанын Күбөлөрүнүн бири атама Ыйык Китепте адилеттик орной турган заман келери жөнүндө жазылганын айтып бериптир (Забур 72:12—14). Бул атама аябай жаккандыктан, көбүрөөк изилдеп көргүсү келиптир. Атам Ыйык Китептен акыйкаттык менен бийлик жүргүзө турган өкмөт жөнүндө эле эмес, Кудайдын күйөөлөрдөн, аталардан эмнени талап кыларын да билиптир (Эфестиктер 5:28; 6:4). Көп өтпөй эле, атам, бир туугандарымдын баары Жахабанын Күбөсү болуптур. Үйдөн алыс болгондуктан, мен мунун бирин да билген эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

1978-жылы Австралияга көчүп бардым. Бирок ал тынч, бай өлкөдө деле жан дүйнө тынчтыгына ээ болгон жокмун. Ичкиликти, баңгизатты таштай албай жүрдүм. Ошол эле жылы Жахабанын Күбөлөрү үйгө келип калышты. Алар Ыйык Китепте бейкуттук өкүм сүргөн замандын орноору жөнүндө жазылганын айтып беришти. Бул мага аябай жакты, бирок аларга көп ишене берген жокмун.

Ошондон көп өтпөй бир нече жумага Филиппинге барып калдым. Бир туугандарым атамдын жакшы киши болгонго бүт күчүн жумшап жатканын айтышты. Ошентсе да жүрөгүмдө так калып калгандыктан, аны менен такыр сүйлөшкүм келген жок.

Эң кичүү карындашым дүйнөдө азап-кайгы, адилетсиздик эмне үчүн көп болуп жатканынын себебин Ыйык Китептен окуп, түшүндүрүп берди. Эч нерсени көрө элек өспүрүм кыздын суроолорума жооп бергенине абдан таң калдым. Кетерде атам «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» a деген китепти берип: «Ар кайсыга урунуп-берине бербей, ушул китепти окусаң, издеп жүргөн нерсеңди табасың»,— деди. Ошондой эле Австралияга барганда, Жахабанын Күбөлөрүн табууга үндөдү.

Атамдын кеңешине кулак кагып, Брисбендеги үйүмө жакын жерде жайгашкан Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залын таап бардым. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушташканда, макул болдум. Ыйык Китептеги Даниел 7-бөлүмдө жана Ышая 9-бөлүмдө жазылган сыяктуу пайгамбарлык сөздөрдөн жакында чынчылдык, адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзө турган Кудайдын өкмөтү башкарарын, жер бети бейишке айланарын билдим. Мен Кудайга жаккан адам болгум келди. Бирок ан үчүн сабырдуу болгонго үйрөнүшүм, баңгизатты, ичкиликти, уятсыз иштеримди ташташым керек болду. Чогуу жашаган кыз менен мамилемди үзүп, жаман адаттарымдан арылдым. Жахабага көбүрөөк таяна баштаганда, дагы башка жактарымды оңдогонго жардам беришин сурап тилендим.

Ыйык Китептеги билим адамдын кулк-мүнөзүн толугу менен өзгөртө аларын акырындап түшүнө баштадым. Ыйык Китепте күч-аракет жумшасак, «жаңы табиятты» кие аларыбыз айтылат (Колосалыктар 3:9, 10). Өзүм ошентүүгө аракет кылган сайын, атамдын кулк-мүнөзү өзгөрүп баратканы жөнүндө уккандарым чын окшойт деп ойлоно баштадым. Анан ага ачууланып, аны жектегендин ордуна аны менен болгон мамилемди оңдогум келди. Акыры, атамды толугу менен кечирип, кичинекейимден бери жүрөгүмдө өкүм сүрүп келаткан жек көрүү сезиминен арылдым.

ПАЙДАСЫ

Жаш кезимде башкалардын таасирине алдырып, көп жаман иштерге бардым. Ошентип, Ыйык Китептеги: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген эскертүүнүн калетсиз экенине өз тажрыйбамдан ынандым (1 Корунттуктар 15:33). Азыр болсо Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан ишеничтүү досторду таптым. Алар мага жакшы адам болуп өзгөргөнгө жардам берип келишет. Андан сырткары, Лоретта деген жакшынакай кыз менен баш коштум. Экөөбүз азыр башкаларга Ыйык Китепте жазылгандар аларга кандай жардам берери жөнүндө жарыялап жүрөбүз.

Жубайым, досторум менен тамактанып жатабыз

Атам Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында апама мээримдүүлүк менен кам көргөн жана Кудайды сүйгөн, момун, жумшак киши болуп калды. Анын ушунчалык өзгөрөрү үч уктасам, түшүмө кирген эмес. Мен 1987-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгондон кийин атама жолуктум. Ошондо ал өмүрүмдө биринчи жолу мени кучактады!

Атам 35 жылдан ашык убакыт бою апам менен бирге Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды жарыялап жүрдү. Ал эмгекчил, камкор жана башкаларга дайыма жардамга келген киши катары таанымал болду. Ошол жылдары атамды сыйлап, аябай жакшы көрүп калдым. Анын баласы болгонума сыймыктанчумун. Ал 2016-жылы көз жумду. Атам экөөбүз тең Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондун аркасында кулк-мүнөзүбүз өзгөрүп, таптакыр башка киши болуп оңолдук. Ошон үчүн аны эстегенде жүрөгүм жылып, аны аябай жакшы көрүп кетем. Жүрөгүмдө жек көрүү сезиминин кымындай да изи калган жок. Жахаба Кудай, жердин кайсы бурчунда жашаган үй-бүлө болбосун, үйүндөгү азапка салган кыйынчылыктарын жок кылууну убада кылган. Мен ошол мээримдүү Асмандагы Атабызды тапканыма абдан бактылуумун.

a Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. Учурда басылбайт.