Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөсү болгусу келбеген киши уюмуңардан чыгып кете алабы?

Жахабанын Күбөсү болгусу келбеген киши уюмуңардан чыгып кете алабы?

 Ооба. Ал уюмдан төмөнкүдөй эки жол менен чыгып кете алат.

  •   Расмий билдирүү. Жахабанын Күбөсү болгусу келбеген киши бул тууралуу оозеки же кат жүзүндө билдирсе болот.

  •   Иш-аракет. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү боордоштугунун мүчөсү болгусу келбегенин иш-аракети менен билдирет (1 Петир 5:9). Мисалы, башка динге мүчө болуп, анда калгысы келерин билдириши мүмкүн (1 Жакан 2:19).

Кабар айтуу ишине катышпай же жыйналыштарга келбей калгандарды уюмдан чыгып кеткендер деп эсептейсиңерби?

 Жок. Уюмдан өз эрки менен чыгып кеткендер же жыйналыштан чыгарылгандар менен ишеними алсырап калгандардын айырмасы бар. Көп учурда Кудайга мурдагыдай жигердүү кызмат кылбай калгандар же жыйналыштарга келбей калгандар Кудайдын бар экенине дагы эле ишенишет, болгону, көңүл чөгөттүктөн кыйналып жүрүшү мүмкүн. Андайларды кубаттап-бекемдеп, жардам бергенге аракет кылабыз (1 Тесалоникалыктар 5:14; Жүйүт 22). Жардамга муктаж экенин билдиришсе, жыйналыштагы аксакалдар аларга тийиштүү жардам көрсөтүшөт (Галатиялыктар 6:1; 1 Петир 5:1—3).

 Аксакалдар эч кимди Жахабанын Күбөсү бойдон калууга мажбурлашпайт. Кайсы динди тутарын адам өзү чечет (Жашыя 24:15). Ар бир киши Кудайга өз эрки менен, бүт жүрөгү менен сыйынышы керек деп эсептейбиз (Забур 110:3; Матай 22:37).