Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегеним үчүн сөзсүз Жахабанын Күбөсү болушум керекпи?

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегеним үчүн сөзсүз Жахабанын Күбөсү болушум керекпи?

 Жок. Сизди буга эч ким мажбурлабайт. Миллиондогон адамдар биз менен Ыйык Китепти изилдешет, бирок алардан сөзсүз Жахабанын Күбөсү болуу талап кылынбайт. a Биздин билим берүү программабыздын максаты — башкаларга Ыйык Китепте эмнелер жазылганын билүүгө жардам берүү. Алган билимиңизди кандай колдонушту өзүңүз чечесиз. Себеби Кудайга кызмат кылабы, жокпу, ар ким өзү чечет (Жашыя 24:15).

Изилдөө маалында өзүмдүн Ыйык Китебимди колдонсом болобу?

 Ооба. Биз Ыйык Китептин заманбап тилге которулган «Жаңы дүйнө котормосун» колдонууну каалайбыз. Эгер кааласаңыз, сизге да бекер бере алабыз. Ошентсе да изилдөө учурунда өзүңүздүн Ыйык Китебиңизди колдонгуңуз келсе, каршы эмеспиз. Алааматтан аман каларыбыз, жаркын келечек жөнүндө, Ыйык Китептин кайсы котормосунан болбосун, биле аласыз.

Силердин динге кошулбагандар менен Ыйык Китепти эмнеге изилдейсиңер?

  •   Негизи, бизге Жахаба Кудайды жакшы көргөнүбүз түрткү берет. Ал алган билимибизди башкалар менен бөлүшүшүбүздү каалайт (Матай 22:37, 38; 28:19, 20). Биз Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды башкаларга айтып, «Кудайдын кызматташтары» болууну чоң сыймык деп эсептейбиз (1 Корунттуктар 3:6—9).

  •   Ошондой эле бардык адамдарды жакшы көрөбүз (Матай 22:39). Өзүбүз окуп-билгендерди башкаларга айтуу бизге зор кубаныч тартуулайт (Элчилер 20:35).

a Мисалы, 2016-жылы ай сайын 10 115 264 изилдөө өткөрүлгөн. Алардын көбүндө изилдөөгө бир эле учурда бир нече киши катышкан. Бирок ошол жылы 264 535 эле киши чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.