Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйдөн чыкпоого туура келип жатса, эмне кылса болот?

Үйдөн чыкпоого туура келип жатса, эмне кылса болот?

 Өзүңөрдү элден бөлүнгөндөй, жалгыз калгандай сезип жатасыңарбы? Ошондой болсо: «Тамдын башындагы жалгыз куштай болуп калдым»,— деп айткан забурчунукундай сезимде болуп жатсаңар керек (Забур 102:7). Ыйык Китептеги кеңештер аргасыздан үйдө отурганда туш болгон көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берет.

 Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдей бергиле

 Үйдөн чыкпай отурсаңар да, рухий муктаждыгыңарды канааттандыруу менен өзүңөрдү бактылуу сезе аласыңар (Матай 5:3, 6). Бул жагынан силерге төмөнкү нерселер жардам берет.

Ыйык Китептеги жубатарлык билдирүүлөрдү окугула

  Төмөнкү аяттар көптөргө сооронууга жардам берген. Бул аяттардын баарын бир окуп салбай, үйдө отурган убактыңарды пайдаланып, ар бир билдирүүнү өзүнчө окуп, тиленүү менен ой жүгүрткүлө (Марк 1:35).

Дүйнөдө жаман нерселер эмне себептен болуп жатканын аңдагыла

  Дүйнөдөгү жаман нерселер эмне себептен болуп жатканын жана Кудайдын аларды кантип жоёрун билсеңер, кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кете аласыңар (Ышая 65:17).

Ашыкча тынчсызданбагыла

  Төмөнкү темадагы макалалар аргасыздан үйдө отурганда кабылган стресс менен күрөшүүгө жана тынчсызданбоого жардам берет (Матай 6:25).

Достук мамилелерди өрчүткүлө

  Достук мамиле психикалык жана эмоциялык абалыбызга жакшы таасир этет. Бул өзгөчө башкалар менен бетме-бет жолуга албай калганда маанилүү. Үйдө отурууга мажбур болсоңор да, видео байланыш же телефон аркылуу досторуңар менен болгон мамилеңерди бекемдей аласыңар жана жаңы досторго ээ боло аласыңар. Төмөнкү темадагы макалалар жакшы досторду табууга жана «чыныгы дос» болууга жардам берет (Накыл сөздөр 17:17).

Көбүрөөк кыймылдагыла

  Ыйык Китепте «денени машыктыруу» пайдалуу экени айтылат (1 Тиметей 4:8). Бул өзгөчө үйдөн чыкпай отурганда, көңүлдү чөгөрбөөгө жардам берет. Үйдөн чыга албасаңар да, көбүрөөк кыймылдай алаттырсыңар.