Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СТРЕСС МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Стресс менен кантип күрөшсө болот?

Стресс менен кантип күрөшсө болот?

Стресс менен күрөшүш үчүн ден соолугуңар, башкалар менен болгон мамилеңер, максаттарыңар, жашоодо эмнени чындап маанилүү деп эсептээриңер тууралуу ойлонуп көрүшүңөр зарыл. Бул макалада стрессти жеңүүгө, жок эле дегенде, аны азайтууга жардам берген айрым кеңештер жөнүндө сөз жүрөт.

Бир эле күндүн түйшүгүн ойлогула

«Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот» (МАТАЙ 6:34).

Мааниси: Күнүмдүк түйшүктөр — жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Бирок бүгүнкү күндүн түйшүгүнө эртеңкиникин да кошуп албагыла. Бир эле күндүн түйшүгүн ойлогула.

  • Стресс болгондо тынчсыздана баштайбыз. Андыктан буларды эске алгыла: биринчиден, айрым учурларда стресстен кача албайбыз. Силерден көз каранды болбогон нерселерди ойлоп убайым тарта берсеңер, ого бетер стресс болосуңар. Экинчиден, биз корккон нерселер көп учурда болбой деле калат.

Акыл-эстүү болгула

«Жогорудан келген акылмандык... эстүү» (ЖАКЫП 3:17).

Мааниси: Баары ойдогудай болушу керек деп күтпөгүлө. Башкалардан да, өзүңөрдөн да өтө көптү талап кылбагыла.

  • Акыл-эстүү болгула, башкалардан колунан келбеген нерселерди күтпөгүлө жана өзүңөрдүн да, башкалардын да мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эске алгыла. Ошентсеңер, стрессти мүмкүн болушунча азайта аласыңар. Мындан тышкары, тамашакөй болгула. Бир нерсени туура эмес кылып алганда тамашага салып койгула. Мунун аркасында чыңалып турган жагдайдан чыгып кетесиңер, маанайыңар да чөкпөйт.

Себебин аныктагыла

«Кыраакы киши оор басырыктуу» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:27).

Мааниси: Терс сезимдерге алдырсаңар, тунук ой жүгүртө албай каласыңар. Андыктан өзүңөрдү кармаганга аракет кылгыла.

  • Эмнеден улам стресс болоруңарды жана андайда кандай жооп кайтарарыңарды аныктагыла. Мисалы, эмне жөнүндө ойлоноруңарды, кандай сезимдер чулгаарын, өзүңөрдү кандай алып жүрөрүңөрдү байкаганга, атүгүл жазып жүргөнгө аракет кылгыла. Муну билип алсаңар, аны менен оңоюраак күрөшө аласыңар. Андан тышкары, стресске себеп болгон нерселерден кантип качсаңар болору тууралуу ойлонгула. Такыр эле кача албасаңар, аны азайтуунун жолдору тууралуу ой жүгүрткүлө. Балким, ишти туура пландаштыраттырсыңар же убакытты туура бөлүштүрөттүрсүңөр.

  • Жагдайга башкача карагыла. Силерди стресс кылган нерсе башка бирөөгө таасир этпеши деле мүмкүн. Себеби көз карашыңар эки башка. Төмөнкү үч кеңешке көңүл бурсаңар:

    1. Бирөөнүн ниетине күмөн санап кирбегиле. Алсак, бирөө кезекке турбай эле алдыга өтүп кетти дейли. Муну адепсиздик деп эсептесеңер, ачууланышыңар мүмкүн. Анын ордуна, ниетинин таза экенинен шектенбегиле. Ошентсеңер, туура кылган болосуңар.

    2. Жагдайдын жакшы жагын көрө билгиле. Ооруканада же аялдамада көпкө күтүп калганда бир нерсе окуп, бүтпөй калган иштериңерди бүтүрүп же пайдалуу башка нерселер менен алек болгула.

    3. Жагдайга ар тараптуу карагыла. «Бул көйгөй эртең же бир жумадан кийин азыркыдай чоң болобу?» — деп ойлонуп көргүлө. Болбогон кыйынчылыкты олуттуу көйгөйдөн ажырата билгиле.

Жыйнактуу болгула

«Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун» (1 КОРУНТТУКТАР 14:40).

Мааниси: Ар бир нерсени өз орду, өз тартиби менен кылгыла.

  • Ар бирибиз эле баары өз орду менен болушун каалайбыз. Баш аламандыкка жана стресске себеп болгон нерселердин бири — ишти ананкыга жылдыра берүү. Ушунун айынан иштер үйүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан төмөнкү эки кеңешти колдонуп көргүлө:

    1. Аткара ала тургандай күн тартип түзүп, ага кармангыла.

    2. Эмне үчүн кийинкиге калтыра берериңерди аныктап, оңолгонго аракет кылгыла.

Тең салмактуу болгула

«Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (НАСААТЧЫ 4:6).

Мааниси: Жумушка баш-оту менен кирип кеткендер «жан үрөп иштегенинин» пайдасын көрүшпөйт. Алардын эмгегинин үзүрүн көргөнгө убактысы да, күчү да калбай калат.

  • Акчага жана жумушка карата тең салмактуу көз карашта болгула. Акчаң көп болсо эле, азыраак стресс болуп, бактылуураак болуп кетпейсиң. Чынында, тескерисинче болот. Ыйык Китепте: «Байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт»,— делет (Насаатчы 5:12). Андыктан чөнтөгүңөргө жараша жашагыла.

  • Эс алганга убакыт бөлгүлө. Өзүңөргө жаккан нерсе менен алектенгенде стресстен бир аз да болсо арыла аласыңар. Бирок кыймыл менен коштолбогон көңүл ачуунун түрлөрүнөн, маселен, телевизор көргөндөн эч пайда жок.

  • Электрондук каражатты чеги менен колдонгула. Электрондук почтаңарды, текст билдирүүлөрдү текшере бергенден же социалдык тармактарга кире бергенден алыс болгула. Жумуштан тышкаркы убакта, эгер зарыл болбосо, жумушка тиешелүү электрондук каттарды окубай эле койгонуңар оң.

Ден соолугуңарга кам көргүлө

«Денени машыктыруунун пайдасы [бар]» (1 ТИМЕТЕЙ 4:8).

Мааниси: Дайыма көнүгүү жасап турсаңар, ден соолугуңар чыңдалат.

  • Жакшы адаттарды өрчүткүлө. Көп кыймылдасаңар, көңүлүңөр көтөрүлүп, стрессти оңой көтөрөсүңөр. Пайдалуу азыктар менен тамактангыла. Ачка жүрө бербегиле. Жетиштүү уктагыла.

  • Стресстен арылуунун зыяндуу жолдорунан, мисалы, чылым чегүүдөн, баңгизат колдонуудан, ичкилик ичүүдөн алыс болгула. Булар акыр-түбү стрессти көбөйтөт, ден соолугуңарды талкалайт, таман акы, маңдай териңер менен тапкан акчаңарды сорот.

  • Стресстен арыла албай жаткандай сезилип жатса, доктурга көрүнгүлө. Адистерден жардам издегениңер уят эмес.

Маанилүү нерселерди биринчи орунга койгула

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (ФИЛИПИЛИКТЕР 1:10).

Мааниси: Эмнени маанилүү деп эсептээриңер тууралуу кылдат ойлонгула.

  • Иштериңерди маанилүүлүгү боюнча тизмелегиле. Бул абдан маанилүүсүнө көңүл топтогонго жана кайсыларын коё турса, бирөөгө тапшырса же атүгүл такыр эле кылбай койсо болорун аныктаганга жардам берет.

  • Бир жума бою убактыңарды кандай колдонуп жатканыңарды жазгыла. Анан аны жакшыраак пайдалануунун жолдорун издегиле. Өзүңөрдү канчалык көбүрөөк колго алсаңар, стресске ошончолук азыраак кабыласыңар.

  • Бир аз эс алып тургула. Кыска болсо да, эс алсаңар, кайрадан күчкө толуп, стрессти азайта аласыңар.

Жардам сурагыла

«Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 12:25).

Мааниси: Башкалардын жүрөк жылыткан сөздөрү кадимкидей канат байлатат.

  • Силерди жакшы түшүнгөн бирөө менен сүйлөшкүлө. Сырдашыңар жагдайга башка көз караш менен караганга, ал тургай кыйынчылыкты чечүүнүн силер байкабаган жолун көргөнгө көмөк кылышы мүмкүн. Анын үстүнө, ичиңердегини бирөөгө айтсаңар, аябай эле жеңилдейсиңер.

  • Жардам издегиле. Кайсы бир жумушту бирөөгө тапшырып же аны менен чогуу кыла аласыңарбы?

  • Кесиптешиңер стресс кылып жатса, эмне кылсаңар болот? Балким, ага иши же сөзү силерге кандай таасир этип жатканын сылык айтып көрөттүрсүңөр (Накыл сөздөр 17:27). Эч майнап чыкпаса, аны менен азыраак убакыт өткөргүлө.

Кудайдан жетекчилик сурагыла

«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (МАТАЙ 5:3).

Мааниси: Биз тамакка, кийимге, үй-жайга эле эмес, Кудайдын жетекчилигине да муктажбыз. Бактылуу болуш үчүн ошону түшүнүп, Кудайды таанып-билишибиз зарыл.

  • Тиленүү бир топ жардам берет. Кудай «бардык түйшүгүңөрдү ага артууга» чакырат, «анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7). Тиленип, жакшы нерселерди ойлосоңор, жан дүйнөңөр тынчыйт (Филипиликтер 4:6, 7).

  • Кудайга жакындаганга жардам берген нерселерди окугула. Бул журналдагы кеңештер Ыйык Китептен алынган. Алар Кудай жөнүндө билим алууга жана «акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 3:21). Андыктан Ыйык Китепти окуп көргүлө. Балким, Накыл сөздөр китебинен баштайттырсыңар.