Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыраазы болуу

Ыраазы болуу

Ыраазычылык билдирүүнүн пайдасы көп. Алсак, ден соолугубузга, ой жүгүртүүбүзгө, эмоциялык саламаттыгыбызга аябай жакшы таасир этет. Ошондуктан ар бир адам күн сайын ыраазычылык билдирүүнү адатка айлантып алышы керек.

Ыраазы болуу саламаттыкка кандайча жакшы таасир этет?

МЕДИЦИНА ИЛИМИ ЭМНЕ ДЕЙТ?

«Психикалык оорулар боюнча Гарвард бюллетенине» чыккан макалада «ыраазы болуу бактылуу болуу менен тыгыз байланышта» экени айтылган. Ыраазычылык жакшы сезимдерди туюуга, жагымдуу окуялардан рахат алууга, ден соолуктун жакшырышына, кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, башкалар менен ынак мамиледе болууга шарт түзөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китеп бизди ыраазы боло билүүгө үндөйт. Элчи Пабыл: «Дайыма ыраазы болгула»,— деп жазган. Ал өзү да бул жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн. Маселен, ал анын айткан кабарына кулак каккандар үчүн Кудайга «дайыма ыраазычылык билдирген» (Колосалыктар 3:15; 1 Тесалоникалыктар 2:13). Адам жөн гана «рахмат» деп айтып койгондо эле эмес, чындап ыраазы болгондо гана терең канааттанууну сезет. Бул башкаларды өзүнөн алыстата турган жана кубанычына бөгөт коё турган терс сезимдерден, алсак, көптү талап кылуу, көз артуу, таарынуу сыяктуу терс сезимдерден алыс болууга жардам берет.

Ыраазычылык билдирүү жагынан, атүгүл жөнөкөй эле пенделерге ыраазычылык билдирүү жагынан Жаратканыбыз эң мыкты үлгү көрсөтөт. Еврейлер 6:10до: «Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп жазылган. Ооба, Жараткан Кудай ыраазычылык билдирбей коюуну адилетсиздик деп эсептейт.

«Дайыма кубангыла». «Бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле» (1 Тесалоникалыктар 5:16, 18).

Башкалар менен болгон мамилебизди кандайча жакшыртат?

ТАЖРЫЙБА ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ?

Белек берген, мактаган же жардам көрсөткөн адамга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирсек, ал анын кылгандарын баалаарыбызды сезет. Ал тургай чоочун кишилердин кылгандарына, мисалы, эшикти ачып бергенине чын ниеттен ыраазычылык билдирсек, бизге жакшы мамиле кылышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса пайгамбар:«Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет»,— деп айткан (Лука 6:38). Вануатуда жашаган Роуз деген кулагы укпаган кыздын мисалын карап көрөлү.

Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барчу, бирок өзү да, башкалар да жаңдоо тилин билбегендиктен ал жакта айтылгандарды дээрлик түшүнчү эмес. Бир жолу ал жыйналышка жаңдоо тилине жакшы которо алган жубайлар келип калышкан. Алар Роузга жардам керек экенин түшүнүп, жыйналыштагыларга жаңдоо тилин үйрөтө башташкан. Роуз буга аябай ыраазы болуп: «Мени жакшы көргөн досторум көп экенине аябай сүйүнөм»,— деген. Роуздун ыраазычылык билдиргенин жана жыйналыштарда жооп берип, катышып жатканын көрүп ал жубайлар абдан кубанышкан. Ошондой эле Роуз башкалардын аны менен сүйлөшүш үчүн жаңдоо тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатканына да аябай ыраазы (Элчилер 20:35).

«Ким... курмандык иретинде ыраазычылык билдирсе, ал мени [Кудайды] даңктаган болот» (Забур 50:23).

Канткенде дайыма ыраазы боло алабыз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Сезим ой менен тыгыз байланышта. Дөөтү пайгамбар Кудайдан тиленгенде: «Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, колуңдун иштери тууралуу ынтызарлык менен ойлоном»,— деп айткан (Забур 143:5). Дөөтү пайгамбар маанилүү нерселерди анча этибарга албаган жеңил ойлуу киши болгон эмес. Ал жаш кезинен тартып эле Кудайдын иштери жөнүндө дайыма ой жүгүрткөндүктөн, ага дайыма ыраазы боло билген (Забур 71:5, 17).

Ыйык Китепте: «Эмне чындык болсо,.. эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө»,— деген эң сонун кеңеш бар (Филипиликтер 4:8). Мындан дайыма ыраазы болуп жүрүшүбүз үчүн дайыма ой жүгүртүшүбүз керектиги көрүнүп турат.

«Жүрөгүм мааниси терең нерселер тууралуу ой жүгүртөт» (Забур 49:3).