8-БӨЛҮМ
Кайгы-касирет болгондо...
«Силерге ар кандай сыноолордон улам бир аз убакытка кайгырууга туура келсе да, абдан кубанып жатасыңар» (1 Петир 1:6).
Үй-бүлөңөр бактылуу болуш үчүн колуңардан келгендин баарын кылсаңар да, кээде күтүлбөгөн окуялардан улам кубанычыңарды сактоо оңой болбошу мүмкүн (Насаатчы 9:11). Анткен менен кыйынчылыкка туш болгонубузда, Жахаба мээримдүүлүк менен жардам берет. Эгерде Ыйык Китептеги төмөнкү принциптерди колдонсоңор, оор сыноолорду да көтөрүп кете аласыңар.
1 ЖАХАБАГА ТАЯНГЫЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7). Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга Кудай күнөөлүү эмес экенин эч качан эстен чыгарбагыла (Жакып 1:13). Эгер аны менен ынак мамиледе болсоңор, ал силерди колдойт (Ышая 41:10). «Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө» (Забур 62:8).
Ошондой эле Ыйык Китепти күнүгө окуп-изилдесеңер, жан дүйнөңөр тынчтанат. Натыйжада Жахабанын «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» экенине ынанасыңар (2 Корунттуктар 1:3, 4; Римдиктер 15:4). Ал бизге «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берерин убада кылган (Филипиликтер 4:6, 7, 13).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Cезимге алдырбай, туура ой жүгүртүү үчүн Жахабадан жардам сурагыла
-
Көйгөйдү чечүүнүн жолдорун таразалап көрүп, эң ылайыктуусун тандагыла
2 ӨЗҮҢӨРГӨ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨҢӨРГӨ КАМ КӨРГҮЛӨ
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Түшүнө билген адамдын жүрөгү билимге ээ болот, акылмандардын кулагы билим издейт» (Накыл сөздөр 18:15). Жагдайды толугу менен эске алгыла. Үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсү эмнеге муктаж болуп жатканын аныктагыла. Алар менен сүйлөшкүлө, айткандарын кунт коюп уккула (Накыл сөздөр 20:5).
Эгер жакыныңардан айрылсаңарчы? Андайда ыйлагандан тартынбагыла. Иса Машаяктын да «көзүнө жаш алган» учуру болгон (Жакан 11:35; Насаатчы 3:4). Андан тышкары, жакшы эс алып, уйкуңарды кандыргыла (Насаатчы 4:6). Бул күйүттү оңоюраак көтөрүп кетүүгө жардам берет.
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Үйдөгүлөрүңөр менен дайыма пикир алышкыла. Ошондо кыйынчылык болгондо, алар силерге оңой кайрыла алат
-
Силердикиндей жагдайга туш болгондор менен сүйлөшкүлө
3 БАШКАЛАРДАН ЖАРДАМ СУРАГЫЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17). Досторуңар силерге жардам бергиси келсе да, кантип жардам беришти билбеши мүмкүн. Андыктан аларга эмнеге муктаж болуп жатканыңарды айтуудан уялбагыла (Накыл сөздөр 12:25). Ошондой эле Ыйык Китепти жакшы билген бир туугандарга кайрылгыла. Алардын кеңештери абдан пайдалуу болору шексиз (Жакып 5:14).
Кайраттуу болуш үчүн Кудайга жана анын убадаларына бекем ишенгендер менен пикирлешип тургула. Өзүңөр да жардамга муктаж болгондорду жөлөп-таясаңар, кайгыны көтөрүү жеңилирээк болот. Аларга Жахаба менен анын убадалары жөнүндө айтып берип, дайыма көңүл бургула. Силерди ойлогон, жакшы көргөн кишилерден качпагыла (Накыл сөздөр 18:1; 1 Корунттуктар 15:58).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Жакын досуңар менен сүйлөшүп, жардамын кабыл алгыла
-
Эмнеге муктаж болуп жатканыңарды ачык айткыла