Мазмунун көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | МИРИЯМ

«Жахабага ырдагыла»!

«Жахабага ырдагыла»!

Секелек кыз эч ким көрүнбөгөн жерге жашынып алып, камыштын арасындагы бир нерседен көзүн албай карап турат. Тынчсызданганынан бүт денеси чыңалып чыкты. Жанынан Нил дарыясы жайбаракат агып жатат. Анын ал жерде турганына бир далай убакыт болуп калды. Ошентсе да кетип калбай жанагы жерди телмире тиктеп турат. Чыңылдап учкан майда чымын-чиркейлерге көңүл да бурбайт. Ал көз ирмебей тиктеп турган жерде суу өткөрбөгөн себет жашырылган. Себетте болсо ымыркай — анын иниси — жатат. Анын жалгыз жатканын, сооротор эч кимиси жок экенин ойлогондо жүрөгү зырп-зырп этип кетет. Бирок ата-энесинин ошондой кылганы туура экенин билет. Себеби ошол каар заманда инисин аман алып калууга андан башка арга жок болчу.

Кенедей болсо да, ал кыз кайраттуу болгон. Бир аздан кийин кажыбас кайратты талап кылган дагы башка жагдайга туш болмок. Ал кичинекей кыздын жүрөгүндө Кудайга болгон ишеним терең тамыр алган болчу. Андай ишеним анын кийинки иш-аракеттеринен айкын көрүнгөн. Ал сапат анын бүтүндөй жашоосун калыпка салмак. Жылдар оошуп, жашы өр тартып калганда анын ишеними элинин башынан өткөн жүрөк толкуткан учурда да жетектемек. Ошол эле ишеними ага жаза басып алганда да жардам бермек. Сөз ким жөнүндө жүрүп жатат? Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

Кулчулукта чоңойгон кыз

Ыйык Китепте ал кыз жөнүндө жазылган ушул окуяда анын аты айтылбайт. Бирок биз анын Мириям болгонун билебиз. Ал Мисирде кулчулукта жүргөн Амрам менен Жохебет деген еврей жубайлардын улуу кызы болчу (Сандар 26:59). Анын кенже инисине кийин Муса деген ат коюшкан. Ал эми Арун деген иниси ошол кезде 3 жаштарда болчу. Ошол учурда Мириямдын канча жашта болгону белгисиз. Сыягы, ал 10 жаштарда болгон.

Мириям анын эли кыйынчылыкка кептелген оор учурда жашаган. Мисирликтер еврейлерди коркунуч туудурат деп ойлогондуктан кулга айландырып эзишкен. Еврейлер сан жагынан өсүп, жер жайнап баратканда, мисирликтер аларды мурдагыдан да катуу кысымга ала баштаган. Фараон еврейлердин эркек балдарын төрөт учурда өлтүрүп салганга буйрук берген. Ошол кезде еврей аялдарды төрөткөн Шипра жана Пуя деген эки аял болгон. Алар фараондун буйругуна баш ийбей, эркек балдарды жашыруун тирүү калтырышкан. Мириям алардын Кудайга ишенгендиктен ошондой кылганын билсе керек (Чыгуу 1:8—22).

Мириям ата-энесинин да Кудайга болгон ишеними бекем экенин көргөн. Үчүнчү баласы төрөлгөндөн кийин, Амрам менен Жохебет чүрпөсүн үч ай бою жашырып жүрүшкөн. Алар фараондун буйругунан коркуп, татынакай баласын өлүмгө кыя алган эмес (Еврейлер 11:23). Бирок бара-бара уулун жашыруу мүмкүн болбой калган. Ошондуктан заманасы куруган ата-энеге жүрөк сыздаткан чечим чыгарууга туура келген. Жохебет уулун бирөө аман алып калып, багып алат деген ойдо аны бир жерге калтырып коюуну ойлонуштурган. Камыштан себет токуп, суу өтпөш үчүн аны чайыр менен каптап, баласын ичине салып, Нил дарыясына таштап кетип баратканда бечара эненин канчалык жалындуу тиленгенин элестетип көрсөңөр! Ал кызы Мириямды ошол жерге калтырып, эмне болорун байкап турушун айтса керек (Чыгуу 2:1—4).

Инисинин өмүрүн сактап калган кыз

Ошентип, Мириям күтүп туруп калат. Бир маалда бирөөлөрдүн дабыштары угулат. Караса эле, топ кыздар келатыптыр. Алар жөнөкөй мисирлик кыздар эмес болчу. Фараондун кызы кызматчы кыздары менен Нил дарыясына жуунганы келаткан. Ошондо Мириямдын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздаса керек. Ал фараондун кызы атасынын буйругун бузуп, еврей ымыркайды аман алып калат деп ойлогонбу? Ошол учурда Мириямдын чый-пыйы чыгып, Жахабага жалбарып жибергени шексиз.

Камыштардын арасындагы себетти фараондун кызы биринчи байкаган. Ал аны алып келүүгө күңүн жиберет. Анын андан ары эмне кылганы тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «[Ал] cебетти ачып, ичиндеги ыйлап жаткан баланы көрдү». Фараондун кызы бул еврей эненин баласын аман алып калыш үчүн ойлогон амалы экенин дароо түшүнөт. Көздөрү жайнаган ал баланы көргөндө, анын боору ачып, жүрөгү мыкчылып кетет (Чыгуу 2:5, 6). Алыстан акмалап карап турган Мириям фараондун кызынын жаны ачып жатканын дароо туят. Эми ага Жахабага ишеним артып, иш-аракет кылганга убакыт келди. Ал болгон кайратын жыйнап, кыздарды көздөй бет алат.

Падыша тукумунан болгон кимдир бирөөнүн жанына барып, бир нерсе айтууга даай алган мындай кул кыздарга кандай мамиле кылынганын так билбейбиз. Кандай болбосун, Мириям фараондун кызынан түз эле: «Барып, еврей аялдардан баланы эмизип, аны караганга жардам бере турган бирөөнү чакырып келейинби?» — деп сураган. Кандай гана туура суроо болгон! Анткени фараондун кызы баланы эмизгенге бирөө керек экенин билген. Балким, ал баланы өз элинен болгон кимдир бирөө чоңойтуп берсе жакшы болорун түшүнсө керек. Кийин болсо аны кайра алдырмак да, өзү тарбиялап, билим бермек. Фараондун кызы: «Чакырып кел»,— деп айтканда, Мириямдын маңдайы жарыла сүйүнгөнү айтпаса да түшүнүктүү (Чыгуу 2:7, 8).

Кайраттуу Мириям инисин карап турат

Мириям буту-бутуна тийбей санаага баткан ата-энесине чуркап жөнөйт. Ушунчалык күйүп-жангандыктан болгон окуяны апасына энтиге айтып берип жатканын элестетсеңер. Жохебет муну Жахаба жетектеп жатканын дароо эле түшүнүп, Мириям менен чогуу фараондун кызына жөнөйт. Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, багып бер. Акысын төлөп берем»,— деген. Ошондо Жохебеттин сүйүнгөнүн, жеңилдей түшкөнүн жашырганга аракет кылганы күмөнсүз (Чыгуу 2:9).

Мириям ошол күнү Жахаба Кудайы жөнүндө көп нерсени билген. Алсак, кызматчыларына кам көрөрүн, тиленгенде жооп берерин билген. Ошондой эле кайраттуулукту, ишенимди чоңдор же эркектер эле көрсөтпөй турганын түшүнгөн. Чынында эле, Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын баарынын тилегин угат (Забур 65:2). Бүгүнкү күндө баарыбыз: жашпызбы, карыбызбы, эркекпизби, аялбызбы, оор учурларда ушуну эстен чыгарбашыбыз керек.

Мусанын чыдамдуу эжеси

Жохебет уулуна мээримин төгүп, аны бөпөлөп баккан. Мириямдын өзү сактап калган инисин жанындай жакшы көрүп калганы шексиз. Балким, ал ага сүйлөгөндү үйрөткөндүр. Инисинин биринчи жолу Жахаба деп айтканын укканда жетине албай сүйүнгөндүр. Бирок бала чоңоюп, аны фараондун кызына алып бара турган күн келген (Чыгуу 2:10). Ошондо үйүндөгүлөрүнүн баарынын жүрөгү тилинген болуш керек. Мириям фараондун кызы Муса деп ат койгон инисинин кандай киши болуп чоңоёрун көргөнгө эки көзү төрт болсо керек. Мисирликтердин ак сарайында чоңойгон Муса Жахабага болгон сүйүүсүн сактап кала алабы?

Убакыттын өтүшү менен бул суроонун жообу айкын болгон. Мириям инисинин ак сөөктөрдүн жашоосун тандабай, Кудайга кызмат кылууну чечкенин көргөндө аябай сыймыктанса керек. Муса 40 жашка чыкканда өз элинин тарабын жактап, аларды коргой баштаган. Мисалы, мисирликтин еврей кулга жаман мамиле кылганын көргөндө аны өлтүрүп салган. Ошондон кийин өмүрүнө коркунуч туулуп, Мисирден качканга аргасыз болгон (Чыгуу 2:11—15; Элчилер 7:23—29; Еврейлер 11:24—26).

Муса алыскы Мидиан жерине качып барып, ал жакта кой кайтарып калган. Ал дайынсыз жоголуп кеткендиктен, Мириям, сыягы, андан эч кандай кабар ала алган эмес (Чыгуу 3:1; Элчилер 7:29, 30). Ошол убакыт аралыгында чыдамдуулугунан жазбаган Мириям жашы өр тартып, карылыкка бой суна берген. Ал элинин жашоосу барган сайын азаптуу болуп баратканына да күбө болгон.

Пайгамбар аял

Кудай элин куткарыш үчүн Мусаны кайра Мисирге жибергенде, Мириям, сыягы, 80ден ашып калган көрүнөт. Кудай Арунду Мусанын өкүлү кылып дайындаган. Ошентип, Мириямдын эки иниси фараондун алдына барып, ысрайыл элин коё беришин сураган. Фараон аларды теңине албай кууп жибергенде, Мириям эки инисин колдоп, кайраттандырганы шексиз. Жахаба Муса менен Арунду кайра-кайра фараонго жиберип, мисирликтерди он жаза аркылуу жазалаганда да, Мириям ошонусунан жазбаса керек. Акыры, соңку жазадан кийин мисирликтердин тун балдарынын баары кырылган. Эми ысрайыл элине боштондукка чыга турган учур келген! Мусанын жетекчилиги алдында ысрайылдыктар Мисирден чыгып баратканда, Мириямдын жан алакетке түшүп өз элине жардам берип жатканын көз алдыңарга тартып көрсөңөр (Чыгуу 4:14—16, 27—31; 7:1—12:51).

Көп өтпөй ысрайылдыктар Кызыл деңиз менен мисирликтердин аскеринин ортосунда тузакка түшүп калгандай болгон. Ошондо Мириям иниси Мусанын деңиздин маңдайына барып, таягын көтөргөндө, деңиздин экиге бөлүнгөнүн көргөн. Муса элди деңиздин ортосундагы кургак жер менен алып баратканда, Мириямдын Жахабага болгон ишеними ого бетер бекемделгени талашсыз. Ооба, ал өзү кызмат кылган Кудайы үчүн мүмкүн эмес эч нерсе жок экенин, убадасына бекем турарын билген (Чыгуу 14:1—31).

Эл деңиздин аркы өйүзүнө аман-эсен өткөндөн кийин, фараон жана анын аскери суу астында калган. Бул окуядан кийин Мириям Жахабанын дүйндөгү эң кубаттуу аскерден да күчтүү экенине ынанган. Куткарылганына сүйүнгөн эл Жахабаны даңктап ырдай баштаган. Мириям да топ аялдарды жетектеп: «Жахабага ырдагыла, анткени ал даңкка бөлөндү. Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү»,— деп ырдаган (Чыгуу 15:20, 21; Забур 136:15).

Кызыл деңиздин жээгинде Кудайдын рухунун жетеги менен Мириям топ аялдарды жетектеп, жеңиш ырын ырдаган

Кубанычка бөлөгөн ал күн ташка тамга баскандай Мириямдын көкүрөгүндө калган. Ошол окуядан кийин ал Ыйык Китепте пайгамбар аял деп атала баштаган. Мириям пайгамбар деп аталган аялдардын эң алгачкысы болгон. Ал — ушундай өзгөчө жол менен Жахабага кызмат кылган саналуу аялдардын бири (Бийлер 4:4; 2 Падышалар 22:14; Ышая 8:3; Лука 2:36).

Ушул окуя көрсөтүп тургандай, Жахаба бизге көз кырын салып турат. Момундук менен кылган иштерибиз, чыдамдуулугубуз, аны даңктаганыбыз үчүн ал бизге сыйлык ыйгарат. Жашпызбы, карыбызбы, эркекпизби, аялбызбы, ар бирибиз Жахабага ишенерибизди көрсөтө алабыз. Ушундай ишеним ага жагат; ал муну эч качан унутпайт, сыйлыксыз да калтырбайт (Еврейлер 6:10; 11:6). Ырас, бизде Мириямдан үлгү алууга орчундуу себептер бар!

Текеберденип кеткен

Сыймыктуу жоопкерчилик, көрүнүктүү абал бата менен коштолсо да, кооптуу жактары бар. Ысрайылдыктар кулчулуктан бошонгон маалда, сыягы, Мириямдын даңкы калктын калың катмарына жеткен. Ошондон улам ал текеберденип, бой көтөрүп кеткенби? (Накыл сөздөр 16:18). Тилекке каршы, кыска убакытка ошентип кеткен.

Ысрайыл эли Мисирден чыккандан бир нече ай өткөндөн кийин, Мусага алыстан коноктор келген. Кайнатасы Жетро Мусанын аялы Сипор менен анын эки уулун ага алып келген. Муса Сипорго 40 жыл Мидиан жеринде жүргөн убакта үйлөнгөн. Кыязы, бир нече убакыт мурун Сипор Мидианга атасынын үйүнө кеткен көрүнөт. Эми атасы аны ысрайылдыктардын кошуунуна алып келди (Чыгуу 18:1—5). Алар келгенде, элдин канчалык уу-дуу болгонун элестетсеңер! Балким, көптөрдүн Кудай тандап алган жол башчынын аялы кандай болду экен деп бүйүрү кызыгандыр.

Буга Мириям кубанды беле? Башында кубанган чыгар. Бирок убакыттын өтүшү менен ал бой көтөрө баштаган. Ал Сипорду атаандашы көрүп, анын көлөкөсүндө калып калам деп корккон сыяктанат. Кандай болбосун, Мириям менен Арун аны жамандай баштаган. Анан, адаттагыдай эле, андай кеп ачуу, заар сөздөргө айланып кеткен. Башында алар Сипордун ысрайылдык эмес, Куш жеринен болгонун айтып наалышкан *. Бирок сөздөн сөз чыгып отуруп, алар Мусага да нааразы боло баштаган. Мириям менен Арун: «Эмне, Жахаба Муса аркылуу эле сүйлөйт бекен? Ал биз аркылуу деле сүйлөп жатпайбы?» — дешкен (Сандар 12:1, 2).

Пес оорусуна чалдыккан

Мириям менен Арундун бул сөздөрүнөн алардын текебердикке уугуп баратканын көрүүгө болот. Жахабанын Мусаны кантип колдонуп жатканына нааразы болуп, алар көбүрөөк бийликти, атак-даңкты көксөй башташкан. Буга Мусанын өктөм болгону, атакты сүйгөнү себеп болгонбу? Албетте, анын деле мүчүлүштүктөрү бар болчу. Бирок ал менменсинүүнү, текебердикти жакын жууткан эмес. Ыйык Китепте ал тууралуу: «Муса жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам эле»,— делет. Кандай болбосун, Мириям менен Арун чектен чыгып, кооптуу жолдо баратышкан. Билдирүүдө андан ары алардын айткандарынын баарын Жахабанын укканы айтылат (Сандар 12:2, 3).

Күтүлбөгөн жерден Жахаба ал үч бир тууганды жыйын чатырына чакырган. Жахабанын ошол жерде экенин билдирген булут мамы чатырдын кире беришине туруп калган. Анан Жахаба сүйлөй баштаган. Ал Арун менен Мириямды айыптап, Муса менен өзгөчө мамиледе экенин, ага аябай чоң ишеним артарын эскерткен. Жахаба алардан: «Анан кантип силер кулум Муса жөнүндө жаман айткандан корккон жоксуңар?» — деп сураган. Ошондо Мириям менен Арун коркконунан калтырап калса керек. Жахаба алардын Мусага урмат көрсөтпөгөнүн өзүнө урмат көрсөтпөгөндөй кабыл алган (Сандар 12:4—8).

Келинине каршы жасалган бул иштин башында, сыягы, Мириям турган. Ошон үчүн Жахаба Арунду эмес, Мириямды жазалаган. Мириям пес оорусуна чалдыгып, териси «кардай аппак» болуп калган. Ошол замат Арун Мусага жалбарып: «Мырзам, кечире көр! Акылсыздык менен кылган күнөөбүз үчүн бизди айыптай көрбө»,— деген. Табиятынан жумшак киши болгон Муса Жахабадан: «Оо, Кудай! Мириямды айыктыра көр!» — деп өтүнгөн (Сандар 12:9—13). Ага-ининин эжеси үчүн катуу тынчсызданганынан аны кемчиликтерине карабай канчалык жакшы көргөнү көрүнүп турат.

Күнөөсү кечирилген

Мириям өкүнгөнү үчүн, Жахаба ага ырайым кылып, аны айыктырган. Бирок Ысрайыл конушунун сыртында 7 күн обочо жашашын талап кылган. Жахабанын айтканын угуп, конуштан чыгып баратканда анын элдин алдында канчалык басынтылганын элестетип көрсөңөр. Бирок ишеними ага ошол жазаны кабыл алганга жардам берген. Ал жүрөгүнүн түпкүрүндө Атасы Жахабанын адилеттүү экенин, аны жакшы көргөндүктөн жазалап жатканын түшүнгөн. Ошондуктан ал кандай айтса, так ошондой кылган. Мириям 7 күн конуштун сыртында болуп, кайтып келгиче, эл жолго чыкпай турган. Ал момундук менен конушка кайтып келгенде да Кудайга ишенерин көрсөткөн (Сандар 12:14, 15).

Ооба, Жахаба кимди сүйсө, ошону жазалайт (Еврейлер 12:5, 6). Жахаба Мириямды аябай жакшы көргөндүктөн ал текеберденип кеткенде, оңдоп түзөгөн. Жазаланган учурда кыйналса да, бул анын өмүрүн сактап калган. Жазаны момундук менен кабыл алгандыктан кайрадан Кудайдын ырайымына ээ болгон. Сыягы, ысрайыл элинин чөл кезүүсүнүн соңуна чейин Мириямдын көзү тирүү болгон. Зин чөлүндөгү Кадеште көз жумганда ал 130тарга таяп калса керек * (Сандар 20:1). Мириямдын көз жумганынан көп кылымдар өтсө да, Жахаба ишенимдүү ал кызматчысын унуткан эмес. Микей деген пайгамбар аркылуу ал өз элине: «Мен сени... кулчулуктун үйүнөн куткаргам. Алдыңан Муса, Арун, Мириямдарды жибергем»,— деп айткан (Микей 6:4).

Мириямдын ишеними ага Кудайдын жазасын кабыл алганга жардам берген

Мириямдын жашоосунан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Биз да, Мириямдай болуп, коргоочусу жокторду коргоп, туура нерсени кайраттуулук менен жакташыбыз керек (Жакып 1:27). Ага окшоп, Кудайдын кабарын кубаныч менен жарыялашыбыз зарыл (Римдиктер 10:15). Ошондой эле андан сабак алып, көрө албастыкка, ичи тардыкка ууланып калуудан сак болушубуз керек (Накыл сөздөр 14:30). Андан тышкары, Мириямдай болуп, Жахаба оңдоп-түзөгөндө, аны момундук менен кабыл алганыбыз маанилүү (Еврейлер 12:5). Ошентсек, Мириямдан үлгү алган болобуз.

^ 21-абз. Сипордун «Куш жеринен» деп айтылганы, кыязы, анын Эфиопиядан эмес, башка мидиандыктардай эле, Арабиядан болгонун билдирген.

^ 26-абз. Бул үч бир тууган, сыягы, бир жылдын ичинде биринин аркасынан бири каза болгон: биринчи Мириям, андан кийин Арун, акырында Муса көз жумган.