Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨЛГӨНДӨР КАЙРА ЖАШАШЫ МҮМКҮНБҮ?

Өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн ишенсе болот?

Өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн ишенсе болот?

Өлгөндөрдүн тирилерине ишенүү жүйөлүүбү? Элчи Пабыл жүйөлүү деп эсептеген. Ал: «Эгер биз Машаякка бул жашоодо гана үмүттөнсөк, анда биз баарынан шордуубуз. Бирок, чындыгында, Машаяк тирилген. Ал өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм катары тирилген»,— деп жазган (1 Корунттуктар 15:19, 20). Элчи Пабыл өлгөндөрдүн тирилерине түк да шектенген эмес. Анткени Иса Машаяктын тирилиши башкалардын тирилерине кепилдик болуп саналат * (Элчилер 17:31). Элчи Пабыл аны «биринчи түшүм» деп ал түбөлүк жашоого тирилгендердин биринчиси болгондуктан атаган. Эгер ал биринчиси болсо, демек, андан кийин да тириле тургандар болмок.

Аюп пайгамбар Кудайга: «Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деген (Аюп 14:14, 15)

Өлгөндөрдүн тирилерине ишенүүгө дагы бир негиз бар. Жахаба Кудай — чындыктын Кудайы. Ал «жалган сүйлөй албайт» (Тит 1:2). Жахаба эч качан калп сүйлөгөн да эмес, сүйлөбөйт дагы. Ал өлгөндөрдү тирилте аларын көрсөткөн соң, келечекте өлгөндөрдү тирилтем деген убадасын аткарбай коюшу мүмкүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес.

Өлгөндөрдү тирилтүүгө Жахабага эмне түрткү берет? Анын сүйүүсү. Аюп пайгамбар: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деп сурагандан кийин, Кудай жөнүндө: «Сен чакырасың — мен жооп берем. Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деп айткан (Аюп 14:14, 15). Ал Кудайдын анын тирилишин абдан каалаарына күмөн санаган эмес. Андан бери Кудай өзгөрдүбү? Ал: «Мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм»,— деп айткан (Малаки 3:6). Кудай өлгөндөрдүн тирилишин, чың ден соолукта жана бактылуу болушун азыр деле каалайт. Анын сезимдери балдарынан айрылган ата-эненикине окшош. Бирок, ата-энеден айырмаланып, Кудайдын өз каалоосун орундатууга кудурети жетет (Забур 135:6).

Өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет

Жахаба өзүнүн Уулу Иса Машаякка өлгөндөрдү тирилтүүгө бийлик берет. Ошондо Иса Машаяк өлгөндөрдү тирилтип, алардын жакындарына чексиз кубаныч тартуулайт. Иса Машаяк өлгөндөрдүн тирилишин абдан каалаарын Лазар менен болгон окуядан билүүгө болот. Лазар каза болгондо бир туугандарынын, досторунун канчалык күйүт тартканын көрүп Иса Машаяк да «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:35). Ал эми Наин шаарындагы жалгыз уулун жоготкон жесир аялга жолукканда аны сооротуп, уулун тирилткен (Лука 7:13). Мындан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк адамдардын өлүмүнө жана кайгы-капасына кайдыгер карабайт. Ошондуктан келечекте бүт адамзаттын кайгысын кубанычка айлантканда анын канчалык сүйүнөрүн элестетсеңер!

Силер да жакыныңардан айрылдыңар беле? Ошол учурда эч кандай үмүтүңөр жоктой сезилген чыгар. Бирок үмүт бар: Кудай Уулуна өлгөндөрдү тирилтүүгө бийлик берген. Кудай силердин да ал күндү көрүп, тирилген жакыныңарга кайрадан жолугушуңарды каалайт. Элестетсеңер, тирилген жакындарыбыз менен түбөлүккө чогуу болуп, алдыга көп нерсени тилек кылып, эч качан эч кимибизден айрылбайбыз!

Мурунураак сөз кылынган Лионел мындай дейт: «Өлгөндөр тирилет дегенди укканда дароо ишениш кыйын болду. Анын үстүнө, айткан кишини да жакшы билчү эмесмин. Анан Ыйык Китептин өзүнөн окуп көрүп, чындык экенине ынандым! Азыр мен таятамдын тирилишин чыдамсыздык менен күтүп жатам».

Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө көбүрөөк маалымат алгыңар келеби? Жахабанын Күбөлөрү өлгөндөрдүн тирилерине эмне үчүн ишенерин Ыйык Китептин өзүнөн көрсөтүп бере алышат *.

^ 3-абз. Исанын тирилгенине кандай далилдер бар экенин билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?» (орус тилинде) деген китептин 78—86-беттерин карагыла.

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 7-бөлүмүн карагыла.