Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЖУСУП

«Мен, эмне, Кудай белем?»

«Мен, эмне, Кудай белем?»

КҮН уясына батып, күүгүм кирип келаткан кез. Жусуп бактагы толгон-токой жемиш дарактарын, сууда өскөн түркүн түстүү гүлдөр жайнаган көлмөлөрдү суктана карап турат. Дубалдын ары жагында фараондун ак сарайы заңкаят. Үйдүн ичинен Жусуптун уулдары Менаше менен анын бөбөгү Эпрайымдын кыткылыктап күлгөнү угулат. Жусуптун көз алдына дароо эле балдарынын ойноп жатканы жана жубайынын алардын кылык-жоругун күлүп карап турганы элестейт. Алардын үнүн уккан Жусуп да жылмаят. Ооба, ал азыр Кудайдын батасына ээ болгон, телегейи тегиз киши.

Жусуп тун баласына «унуттурган» дегенди билдирген Менаше деген атты бекеринен койгон эмес (Башталыш 41:51). Анткени Кудай Жусупка батасын төккөндүктөн, анын атасына, бир туугандарына, туулуп-өскөн жерине болгон кусасы эми-эми гана басаңдап, жүрөгүндөгү жарасы айыгып келаткан эле. Бир топ жыл мурун анын жашоосу агаларынын айынан түп-тамыры менен өзгөрүп кеткен эле. Алар аны өлтүрмөкчү болушкан, бирок кайра ойлонуп, жер кезген соодагерлерге сатып жиберишкен. Ошондон тартып ал биринен сала бири келген азап-кайгыга малынган: адегенде кулчулукта жүргөн, андан соң буту-колу кишенделип, зынданда жаткан. Ошентип, бир канча жыл өткөн. Эми болсо ал — кубаттуу Мисир өлкөсүндөгү фараондон кийинки эле киши *.

Жахаба алдын ала айткан окуялар бир нече жыл аралыгында аткарылат. Алардын баарына Жусуп өзү күбө болот. Жахаба айткандай эле, Мисирде 7 жыл түшүм болуп көрбөгөндөй мол болот. Жусуп эгиндин кампаларга сакталышын көзөмөлдөйт. Ошол кезде жубайы Асинат экөө эки уулдуу болот. Бирок Жусуп дагы деле алыста калган үй-бүлөсүн, өзгөчө, атасы Жакып менен иниси Бенжеминди көп эстейт. Алар аман-эсен болду бекен? Агалары өзгөрдү болду бекен? Ортодогу жарака бүтөлүп, алар менен кайрадан жүз көрүшөр күн келер бекен?

Эгер силердин да үй-бүлөңөрдүн ынтымагы ичи тардыктын, чыккынчылыктын же жек көрүүнүн айынан ыдыраган учурлар болсо, анда Жусуп өзүн кандай сезгенин жакшы түшүнөт болушуңар керек. Анын өз бир туугандарына кылган мамилесинен эмнеге үйрөнсө болот?

«ЖУСУПКА БАРГЫЛА»

Жусуп бир нече жыл бою жанын тындырган жок. Ал убакыттын кантип өтүп кеткенин да билбей калды. Ошентип, Жахаба фараонго түш көрсөтүп, алдын ала билдиргендей, молчулук болгон жети жыл көз ачып-жумгуча өтүп, кыйын кезең башталды. Эгин түшүм бербей, кошуна өлкөлөрдө акырындап ачарчылык күч алды. Бирок Кудай Жусуп аркылуу ачарчылык болорун алдын ала айттыргандыктан жана Жусуп ал каатчылыкка жакшы камдангандыктан, «Мисир жери... нандан өксүгөн жок» (Башталыш 41:54).

Жусуп текеберденип кетпегендиктен, Жахаба аны өз ишине жарата берген

Мисирликтер аларды ачарчылыктан сактап калган Жусупка абдан ыраазы болуп, иш билгилиги үчүн аны алкаса керек. Бирок Жусуптун Жахаба Кудайына таандык даңкты өзүнө ыйгарбаганына шек жок. Эгер биз да момун болуп, кайсы бир жөндөмдүүлүгүбүздү Кудайга кызмат кылууга колдонсок, ал биздин ошол жөндөмүбүздү оюбузга келбеген иштерде колдонгудай кылып коюшу мүмкүн.

Арадан убакыт өтүп, мисирликтер да ачкачылыктын запкысын тарта баштайт. Эл жардам сурап фараондун алдына барганда, ал аларга: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла»,— деп айтат. Жусуп болсо кампаларга жыйылган эгинди элге сата баштайт (Башталыш 41:55, 56).

Ошол учурда Мисирдин айланасындагы элдер катуу кыйналып жаткан эле. Тээ алыскы Канаан жеринде жашап жаткан Жусуптун үй-бүлөсү да ачарчылыктын азабын тартып жаткан кез болчу. Ошондуктан Мисирде эгин бар экенин угуп, карып калган Жакып пайгамбар эгин сатып келиш үчүн уулдарын ал жакка жөнөтөт (Башталыш 42:1, 2).

Бирок кенже уулу Бенжеминди жанына алып калат. Анткени бир кезде жакшы көргөн баласы Жусупту агаларына жалгыз жөнөтүп жибергенде кандай каргаша болгонун унута элек болчу. Ал уулун ошондо акыркы жолу көргөн эле. Улуу балдары ал Жусупка белек кылган кооз кийимди айрып, канга боёп алып келип, Жусуптун жырткычка жем болгонуна ишендирип коюшкан (Башталыш 37:31—35).

«ЖУСУП АЛАРДЫ ДАРОО ТААНЫДЫ»

Узак убакыт жол жүргөн соң Жакып пайгамбардын уулдары акыры Мисирге жетишет. Эгин сатып алганы келишкенин билдиришкенде, аларды жогорку кызматтагы Запенат-Панеах деген кишиге жөнөтүшөт (Башталыш 41:45). Алар ал кишинин Жусуп экенин таанышты беле? Жок. Ал алар үчүн колунда бийлиги бар мамлекеттик кызматкер эле. Алар ага тийиштүү түрдө урмат көрсөтүп, «жерге чейин ийилип таазим кылышат» (Башталыш 42:5, 6).

Жусуп болсо бир туугандарын шак эле тааныйт да, алар ага таазим кылганда, бала кезинде Жахаба көрсөткөн түштөрүн эстейт. Ошол түштөрүндө алар ага кудум азыркыдай ийилип таазим кылышкан эле! (Башталыш 37:2, 5—9; 42:7, 9). Жусуп эми эмне кылат? Ким экенин айтып, агаларын кучактайбы же алардан өч алабы?

Ошол учурда өзөгүндө кандай сезимдер өрдөп баратпасын, Жусуп сезимдерге жетеленип иш кылбашы керектигин жакшы билген. Анткени окуялардын так ошондой нукка бурулушун Жахаба жетектеп жатканын жана кеп анын ой-ниетинин аткарылышында болуп жатканын түшүнгөн. Кудай Жакып пайгамбарга анын тукумдарынан кубаттуу эл чыгарын убада кылган эле (Башталыш 35:11, 12). Бирок эгер Жусуптун бир туугандары дагы эле мурункудай өзүмчүл, таш боор, кайрымсыз, ыймансыз болушса, Кудайдын Жакып пайгамбарга берген убадасынын аткарылышына таасирин тийгизбей коймок эмес. Анын үстүнө, Жусуп сезимдерине алдырып, шашып иш кыла турган болсо, атасынын үйүндөгү ансыз деле жакшы эмес болушу мүмкүн болгон абалды ого бетер начарлатып, ал тургай, эгер атасы менен иниси Бенжемин тирүү болсо, алардын өмүрүнө коркунуч туудуруп коюшу да ыктымал эле. Андыктан Жусуп бир туугандарынын оңолгон-оңолбогонун билиш үчүн өзүнүн ким экенин жашырып, аларды сынап көрмөкчү болот. Ошондо Жахабанын да анын кандай иш кылышын каалап жатканы даана билинмек.

Албетте, силер так эле Жусуптукундай жагдайда болгон эмес болушуңар керек. Анткен менен бүгүнкү күндө үй-бүлөдө бири-бири менен араздашуу, бөлүнүп-жарылуу көп эле учурайт. Адатта ушундай кыйынчылыктар болгондо, долуланган толкунга окшогон сезимдерди тыйбай эле, шак эле оюбузга келгенди айтып же кылып салгыбыз келиши мүмкүн. Ошентсе да андайда Жусуптан үлгү алып, акыл токтотуп, Кудай биздин ушундай жагдайда кандай иш кылышыбызды каалап жатканын түшүнүүгө аракет кылганыбыз оң (Накыл сөздөр 14:12). Бирок үйдөгүлөр менен тынчтыкты сактап, жакшы мамиледе болуу маанилүү болсо да, Кудай менен жана анын Уулу менен жакшы мамиледе болуу андан да маанилүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек (Матай 10:37).

«ТЕКШЕРИП КӨРӨЙҮН»

Жусуп бир туугандарынын чынында кандай адам экенин текшериш үчүн аларды сынап көрүүнү чечет. Ал аларга котормочу аркылуу өктөм сүйлөп, чалгынчылар деп айып тагып, айткандарына шек санамыш болот. Бир туугандары аны андай эмес экенине ынандырыш үчүн өздөрүнүн үй-бүлөсү жөнүндө, анан баарынан да керектүүсү, үйдө калган кенже иниси жөнүндө айтып беришет. Ошондо Жусуп инисинин тирүү экенин билет. Анын жүрөгү болк дей түшөт, бирок сыр алдырбайт. Эми ал андан ары эмне кылышты билет. Ал аларга: «Чынын айтып жатасыңарбы же жокпу, текшерип көрөйүн» — дейт да, алардын инисин өз көзү менен көрүшү керектигин айтат. Анан алар инисин алып келмейин, бири камакта отурушу керектигин айтат (Башталыш 42:9—20).

Жусуптун баарын түшүнүп жатканын билбеген бир туугандары 20 жыл мурунку кылган иши үчүн жазаланып жатышканын өз ара сүйлөшүп, өздөрүн күнөөлөшөт. Алар бири-бирине: «Бир тууганыбызга жасаган мамилебиз үчүн күнөөлүүбүз, анткени ал ырайым кылышыбызды сурап жалынганда, биз аны укпай койгонбуз. Ошон үчүн ушундай балээге кабылдык»,— дешет. Ушунун баарын угуп жаткан Жусуп алардын көзүнчө ыйлап жибербейин деп, ары басып кетет (Башталыш 42:21—24). Бирок ал чыныгы өкүнүү кылынган иштин кесепетине кайгырууну гана билдирбей турганын жакшы билген. Ошондуктан сынагын улантмакчы болот.

Ал агаларын үйүнө жиберип, Шымонду каматып салат. Андан тышкары, эгинге деген акчаларын үйүнө эгин салып бараткан каптарынын ичине салдыртып коёт. Бир туугандары үйүнө жетип, атасын Бенжеминди аларга кошуп Мисирге жөнөтүүгө араңдан зорго көндүрүшөт. Анан Мисирге кайра барышканда Жусуптун кол алдындагы кишиге каптарынан акча таап алышканын жана аны кайра алып келишкенин айтышат. Жусуп буга ыраазы болот, бирок алардын оңолгонуна дагы көбүрөөк ынангысы келет. Ал аларды тамакка чакырат да, арасынан Бенжеминди көргөндө өзүн араң кармайт. Анан каптарын дагы эгинге толтуруп, үйүнө коё берет, бирок бул жолкусунда Бенжеминдин кабына күмүш чөйчөгүн салдыртып коёт (Башталыш 42:26—44:2).

Ошентип, Жусуп аларды тузагына түшүрөт. Ал алардын артынан куугунчуларды жиберип, күмүш чөйчөктү уурдап кеткени үчүн, жолдон кармап калат. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылгандыктан, баарын кайра Жусупка алып келишет. Мына ошондо бир туугандарынын анык жүзүн көрүүгө дагы бир сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жусупка алардын атынан Жүйүт сүйлөйт. Ал андан ырайым кылышын өтүнүп, он бири тең кул болууга даяр экенин айтат. Жусуп болсо Бенжеминди гана алып калам деп макул болбой коёт (Башталыш 44:2—17).

Ошондо Жүйүт Бенжемин жөнүндө: «Бир энеден экөө төрөлгөн эле, бирок агасы өлүп, ал жалгыз калган. Атасы аны аябай жакшы көрөт»,— деп айтат. Бул сөздөр Жусуптун жүрөгүн көзөп өтсө керек. Анткени ал так ошол Жакыптын жакшы көргөн аялы Рахилдин улуу баласы эле. Энеси Рахил Бенжеминди төрөгөндө кайтыш болуп калган. Жусуп да, атасы сыңары, энесин аябай жакшы көргөндүктөн, анын жаркын элесин өчүрбөй эске салып турган Бенжеминге бөтөнчө жакын болсо керек (Башталыш 35:18—20; 44:20).

Жүйүт Жусуптан Бенжеминдин ордуна аны кул кылышын суранып жалбарат. Анан: «Бул баласыз атама кантип барам? Башына кайгы түшкөн атамды кантип карап турам?» — деп, жүрөктү канаткан сөздөрдү айтат (Башталыш 44:18—34). Ошондо Жусуп анын алдында мурунку Жүйүт эмес, таптакыр башка киши турганын түшүнөт. Анткени Жүйүттүн чындап өзгөргөнү жана Бенжеминге жаны ачып, боору оруп жатканы, ал үчүн жүрөгүн сууруп берүүгө да даяр экени айдан ачык, күндөн жарык болуп турган эле.

Жусуп бир туугандарынын ага жамандык кылганына чындап өкүнгөнүн түшүнгөн

Жусуп ичиндеги ашып-ташып жаткан сезимдерди андан ары кармай албай калат. Ал бүт кызматчыларына чыгып кетишин буйрук кылып, фараондун үйүндөгүлөрүнө угулганчалык катуу кыйкырып ыйлап жиберет да: «Мен Жусупмун... бир тууганыңармын» — деп, дал болуп туруп калган бир туугандарын кучактайт. Ал алардын ага кылган жамандыгынын баарын кечип коёт (Башталыш 45:1—15). Ошентүү менен Жусуп абдан ырайымдуу Жахаба Кудайдын көз карашын эң сонун чагылдырган (Забур 86:5). Биз да башкаларды кечирүүгө даярбызбы?

«СЕНИН ЖҮЗҮҢДҮ КӨРДҮМ»

Жусуптун үйүндө болгон окуяны уккан фараон ага атасын үй-бүлөсү менен кошо Мисирге көчүрүп келүүнү сунуш кылат. Көп өтпөй Жусуп атасына жолугат. Ошондо атасы Жакып: «Эми өлө берсем болот. Анткени сенин жүзүңдү көрдүм, сенин тирүү экениңди билдим»,— деп ыйлайт (Башталыш 45:16—28; 46:29, 30).

Жакып пайгамбар Мисирге баргандан кийин дагы 17 жыл өмүр сүрүп, 12 уулуна пайгамбарлык мааниге ээ сөздөрдү айтып, батасын берет. Ал эми он биринчи уулу Жусупка, адатта тун уулдарга берилгендей, эки эсе көп үлүш берген. Андан ысрайыл элинин эки уруусу тарамак. Башка бир туугандарына караганда өкүнүү рухун көбүрөөк чагылдырган төртүнчү уулу Жүйүт да чоң бата алган. Анын уруусунан Машаяк чыкмак (Башталыш 48, 49-бөлүмдөр).

Атасы Жакып 147 жашка чыгып көз жумганда, бир туугандары өч алат деп Жусуптан корко башташат. Бирок ал аларды өч албай турганына ынандырат. Жусуптун үй-бүлөсүнүн Мисир жерине барышы Жахаба Кудайдын жетеги менен болгондуктан, ал бир туугандарына өткөн иш үчүн өздөрүн жектей бербеши керектигин ага чейин эле айткан болчу. Ал эми бул жолкусунда аларды кечиргенине биротоло ынандырыш үчүн: «Мен, эмне, Кудай белем?» — деп айтат (Башталыш 15:13; 45:7, 8; 50:15—21). Эң жогорку жана адилет Сот Жахаба Кудай экенин билгендиктен Жусуп Жахаба өзү кечиргендерди жазалоого эч качан батынмак эмес (Еврейлер 10:30).

Силерге да кимдир бирөөнү кечирүү кыйын болду беле? Өзгөчө, бирөө бизге атайлап жамандык кылганда, кечирүү оор болушу мүмкүн. Бирок эгер чындап өкүнгөн кишини чын жүрөгүбүздөн кечире турган болсок, өзүбүздүн да, ошол кишинин да көңүлүндөгү жараны айыктырабыз. Ошондой эле ишеними күчтүү Жусуптан жана анын ырайымдуу Кудайы Жахабадан үлгү алган болобуз.

^ 4-абз. «Күзөт мунарасы» журналынын 2014-жылдын 1-августунда жана 1-ноябрында, ошондой эле 2015-жылдын 1-февралында чыккан сандарындагы «Алардан үлгү алгыла» деген макалаларды карагыла.