Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ЖУСУП

«Түштү чечмелей турган Кудай эмеспи?»

«Түштү чечмелей турган Кудай эмеспи?»

ДЕМДИ кыскан үп жерде баш көтөрбөй иштеген Жусуп малма-челме болуп тердеп, күңүрт далис менен баратат. Кан какшыткан Мисирдин күнүнүн аптабынан түрмөнүн ичи мештен беш бетер кызып турат. Жусупка түрмөнүн дубалдарынын ар бир кышы, ар бир жаракасы бештен белгилүү. Анын күнүгө көргөнү — ушул, мындан башканы көрбөйт. Камакта жаткан башка кишилерден айырмаланып, Жусупка бул жерде урмат-сый көрсөтүлгөнү менен, ал деле буту тушалган бир туткун.

Атасынын коюн жайып жүргөн бийик аскалуу Хеброн жериндеги жашоосу Жусуптун оюнан канча жолу сызылып өттү болду экен? Ал кезде ал 17 жашта болчу. Атасы ага бир иш тапшырып, үйүнөн ыраак жакка жиберет. Атаганат, ошондогудай эркиндик азыр болсо кана! Бирок андай эми эч качан болбочудай сезилет. Жусуптун ичи тар бир туугандары кара мүртөздүк кылып, аны кулчулукка сатып жиберишет. Ошентип, ал Мисирде фараондун ак сарайында кызмат кылган Потипар деген кишинин малайы болуп калат. Убакыт өтүп, Жусуп өзүнүн ак эмгеги менен кожоюнунун ишеничине ээ боло берет. Бирок бир күнү кожоюнунун аялы ага зордуктаганга аракет кылды деген жалаа жабат. Жусуп түрмөгө мына ушундайча түшүп калган эле (Башталыш 37, 39-бөлүмдөр) *.

Ал азыр 28ге чыгып калды. Адегенде кулчулуктун азабын тартса, кийин болсо түрмөгө түштү. Ошентип, өмүрүнүн он чакты жылы өтүп кетти. Канча үмүттөнсө да, жашоосунун өзгөрөр түрү жок. Ал деги эркиндикке чыгабы? Эмгиче карып калган атасынын, бир боору Бенжеминдин жүзүн көрөбү? Же ушул зынданда чирип өлөбү?

Силердин да, Жусупка окшоп, турмуштун азабын тарткан учурларыңар болду беле? Кээде жашообуз жаш кезде кыялдангандан таптакыр башкача болуп калат. Айрым учурда кыйын жагдайга кабылганда жагдайыбыз эч качан өзгөрбөчүдөй, туюктан жол издегендей же андан ары чыдоого дарманыбыз жетпечүдөй сезилет. Андайда Жусуптун үлгүсү бизге жардам береби?

«ЖАХАБА ЖУСУП МЕНЕН БОЛДУ»

Жусуп Жахаба Кудайы аны эч качан унутпай турганын билген, ага башына түшкөн кыйынчылыкты көтөрүп кетүүгө так ушу нерсе жардам берген. Атүгүл ушул бөтөн жердеги түрмөдө да Жахаба Жусупту колдоп турган. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Жахаба Жусуп менен болуп, ага мээримдүүлүк көрсөтө берди жана түрмө башчысынын көз алдында ырайым таптырды»,— деп жазылган (Башталыш 39:21—23). Жусуптун түрмөдөгү жумуштан качпай, аны ак ниеттүүлүк менен аткара бергени Кудайдын көз жаздымында калган эмес, ошондуктан ал ага батасын берген. Жусуп Жахабанын аны дайыма колдоп турганын сезген. Бул ага бир топ кайрат берип турган.

Жахаба Жусуптун түрмөдө кала беришине жол берип коёбу? Жанына тынчтык бербеген бул суроону Жусуп Кудайга жалбарып, далай жолу берсе керек. Кудай анын тилегин эч кимдин оюна келбегендей жол менен аткарган. Бир күнү түрмөдө баарын уу-дуу кылган окуя болот. Түрмөгө фараондун жеке кызматкерлери камалат. Алардын бири наабайчылардын башчысы, ал эми экинчиси шарап сунуучулардын башчысы эле (Башталыш 40:1—3).

Түрмөнүн башчысы Жусупка ишенгендиктен, аны экөөнө кызмат кылууга дайындайт *. Күндөрдүн биринде экөө тең табышмактуу түш көрөт. Жусуп эртең менен алардын ойго батып турганын байкап: «Эмнеге бүгүн кабагыңар салыңкы?» — деп сурайт (Башталыш 40:3—7). Анын жылуу-жумшак мамилесин көрүп, тигилер түшүн айта башташат. Жусуп ошол күнкү окуя анын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртөрүн билген эмес. Эгер Жусуп ошондо аларга көңүл бөлбөй койсо, балким, баары башкача болмоктур. Анын аларга кылган мамилеси бизге: «Менин башкаларга кылган мамилемен Кудайга ишенген киши экеним көрүнүп турабы?» — деп ойлонууга түрткү берет.

Жусуп боорукер болгон жана түрмөдө жаткан башка кишилердин кадыр-баркын сыйлаган

Наабайчылардын башчысы менен шарап сунуучулардын башчысы Жусупка табышмактуу түштөрүнүн маанисин түшүнбөй бушайман болуп жатканын айтышат. Мисирликтер түшкө чоң маани беришчү, ошондуктан түш жоругандарды кадырлап-сыйлашчу. Фараондун эки кызматкери Жусуптун Кудайы Жахаба аларга түшү аркылуу аян берип жатканын билген эмес. Жусуп болсо муну дароо эле түшүнгөндүктөн аларга: «Түштү чечмелей турган Кудай эмеспи? Эмне көргөнүңөрдү мага айтып бергилечи»,— деген (Башталыш 40:8). Жусуптун бул сөздөрүнө бүгүнкү күндө Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын баары өзгөчө маани бериши кажет. Анткени Кудайга ишенген ар бир киши Жусуптай момун болушу зарыл. Ан үчүн ал өз акылын медер тутпай, Ыйык Китепти туура түшүнүү үчүн Кудайдан жардам сураганга даяр болушу керек (1 Тесалоникалыктар 2:13; Жакып 4:6).

Адегенде түшүн шарап сунуучу айтып берет. Ал түшүндө үч бутагы бар жүзүм сабагын көргөнүн, анан жүзүмдү алып, ширесин фараондун чөйчөгүнө сыкканын айтат. Жахаба Жусупка түштүн маанисин дароо ачып берет. Жусуп шарап сунуучуга үч бутак үч күндү билдирерин жана фараон аны үч күндөн кийин мурунку кызматына кайра коёрун айтат. Муну уккан шарап сунуучунун жүрөгү ылдыйлай түшөт. Ошондо Жусуп андан: «Суранам, ишиң оңолгондо, мени эстей көр. Бул жактан чыгышым үчүн, фараонго мен жөнүндө айтып, мага мээримдүүлүк көрсөтө көр»,— деп суранат да, аны Мисирге зордоп алып келишкенин жана андан кийин жалган айып менен түрмөгө түшүп калганын айтып берет (Башталыш 40:9—15).

Шарап сунуучунун түшүн жакшылыкка жоруп бергенин көрүп, наабайчылардын башчысы да түшүн айта баштайт. Ал түшүндө нан салынган үч себет турганын, себеттердин бириндеги нанды чымчыктар учуп келип, чокуп жатышканын көргөнүн айтып берет. Бул түштүн мааниси да Жусупка белгилүү эле. Бирок анын түшү жакшылыктын жышааны эмес болчу. Жусуп ага: «Бул түштүн мааниси мындай: үч себет үч күндү билдирет. Үч күндөн кийин фараон башыңды алып, сени устунга астырат. Денеңди чымчыктар чокуп жешет»,— деп айтат (Башталыш 40:16—19). Кудайдын ишенимдүү башка кызматчыларындай эле, Жусуп да Кудайдын сөзүн, жакшы кабар болобу, жаман кабар болобу, кайраттуулук менен айткан (Ышая 61:2).

Үч күн өткөн соң, баары так Жусуп айткандай болот. Фараон туулган күнүн белгилеп, той берет (байыркы убактагы Кудайдын эли туулган күндү белгилечү эмес), ошондо түрмөдө жаткан эки кызматкерине байланыштуу өкүм жарыялайт. Наабайчылардын башчысына, Жусуп алдын ала айткандай эле, өлүм өкүмү чыгарылат, ал эми шарап сунуучу мурунку кызматына коюлат. Бирок, өкүнүчтүүсү, ал Жусуптун өтүнүчүн унутуп коёт (Башталыш 40:20—23).

«ЧЕЧМЕЛЕП БЕРЕ ТУРГАН МЕН ЭМЕС»

Арадан эки жыл өтөт (Башталыш 41:1). Күдөр үзбөй күткөн нерсеси орундалбаган ошол эки жыл Жусуп үчүн канчалык азаптуу болгонун элестетип көрсөңөр. Жахаба шарап сунуучу менен наабайчынын түшүн жоруганга жардам берген соң, анын үмүтү жандана түшкөн эле. Ал ар бир таңды үмүт менен күтөт, бирок эч нерсе өзгөрбөй, баягы эле түрмөдөгү жанга баткан күндөр улана берет. Ал өмүрүндө эч качан, эч нерсени ошол эки жылдын ичиндегидей зарыгып күтпөсө керек. Ошого карабай анын Жахабага болгон ишеними солгундаган эмес. Ошол кыйын кезеңде Жусуп кайгыга биротоло батып, мүңкүрөп калбай, ого бетер кайраттуу болуп калган (Жакып 1:4).

Азыркы оор мезгилде биз да кыйынчылыктарга туруштук берип, кайраттуу болушубуз керек эмеспи?! Учу көрүнбөгөн учук жиптей чубалган кыйынчылыкты көтөрүп кетиш үчүн бизге чечкиндүүлүк, чыдамдуулук сыяктуу сапаттар жана Жахаба гана бере алган жан дүйнө бейкуттугу керек болот. Ал, Жусупка жардам бергендей эле, бизге да көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө, келечектен үмүт үзбөгөнгө жардам берет (Римдиктер 12:12; 15:13).

Шарап сунуучу Жусупту унутуп койгону менен, Жахаба унуткан эмес. Түндөрдүн биринде фараон эстен кеткис эки түш көрөт. Биринчисинде Нил дарыясынан жети семиз уй чыгат, андан кийин кыржыйган жети уй чыгат. Анан кыржыйган уйлар берки семиз уйларды жеп салат. Экинчисинде бадырайган жети машагы бар буудайды көрөт. Андан соң шамал күйгүзүп кеткен, чүрүшкөн жети машагы бар буудай өсүп чыгат да, жакшынакай жети машакты жеп коёт. Таң атары менен тынчы кеткен фараон түшүн жорутуш үчүн Мисирдеги сыйкырчылык кылган дин кызматчылар менен акылмандардын баарын чакыртат. Бирок эч кимиси жоруй албай коёт (Башталыш 41:1—8). Алар түштүн маанисин түшүнбөй дендароо болушканбы же ар кимиси ар кайсынын башын айтышканбы, белгисиз. Кандай болбосун, фараондун көңүлү чөгүп, табышмактуу түшүнүн жандырмагын билгиси келип, ого бетер бүйүрү кызыйт.

Ошондо шарап сунуучу Жусупту эстейт. Ал анын өтүнүчүн унутуп койгонуна жаман болуп, фараонго анын мындан эки жыл мурун түрмөдө отурганда наабайчы экөөнүн түшүн туура жоруп бергенин айтат. Фараон Жусупту дароо түрмөдөн алдыртат (Башталыш 41:9—13).

Фараондун кишилери келгенде Жусуптун кандай сезимде болгонун элестетсеңер. Ал жуунуп-тазаланып, кийимин алмаштырат да, мисирликтердин салтына ылайык, сакал-мурутун, чачы-башын бүт кырат. Анын ошондо Жахабага кайрылып, фараон менен боло турган жолугушуусуна батасын беришин сурап жалынганы күмөнсүз. Ошентип, ал заңгыраган ак сарайга, фараондун алдына, барат. Фараон ага: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким жоруп бере албай жатат. Сени болсо айтып берген түштөрдү жоруй алат деп уктум»,— дейт. Жусуп ага: «Аны фараонго жакшылыкка чечмелеп бере турган мен эмес, Кудай»,— деп айтат. Жусуптун жообу анын Кудайга бекем ишенген, момун киши экенин дагы бир ирет айгинелеген (Башталыш 41:14—16).

Жусуп момундук көрсөтүп, фараонго түштү ал эмес, Кудай чечмелеп берерин айткан

Жахаба Кудай момундукту, күчтүү ишенимди жогору баалагандыктан, Жусупка Мисирдин акылмандары менен дин кызматчыларынан мааниси катылуу түштү жоруганга жөндөмдүүлүк берген. Жусуп фараонго эки түштүн мааниси бир экендигин, ал эми түштү эки жолу көргөнү, Кудайдын ушунун «баарын бекем чечип» койгонун жана түшү сөзсүз аткарыларын билдирерин айткан. Жусуп фараонго семиз уйлар менен бадырайган машактар Мисирде молчулук боло турган жети жылды билдирерин, ал эми арык уйлар менен чүрүшкөн машактар ачарчылык боло турган жети жылды билдирерин түшүндүрөт. Ошондой эле ачарчылыктан улам азык-түлүктүн корунан, жылан сыйпагандай болуп, эч нерсе калбай каларын айтат (Башталыш 41:25—32).

Жусуптун түштү туура жоруп бергенине фараондун көзү жетет. Эми кандай кылыш керек? Жусуп фараонго молчулук боло турган жети жылдын ичинде эгинди кампаларга жыйнап, анан ачарчылык учурунда ошол азыкты элге бөлүштүрүп бере турган «акыл-эстүү кишини» табууну кеңеш кылат (Башталыш 41:33—36). Ал кызматты Жусуп кимден болбосун мыкты аткара алмак, анткени анда тажрыйба да, жөндөмдүүлүк да бар болчу. Бирок анын момундугу өзүн сунуштоого жол берген эмес. Кудайга болгон ишеними күчтүү болгондуктан, ал андай кызматка жутунган да эмес. Эгер Кудайга болгон ишенимибиз бекем болсо, биз да атак-даңкка же көрүнүктүү абалга умтулбайбыз. Анын ордуна, баарын Кудайдын кудуреттүү колуна тапшырабыз.

«УШУЛ КИШИДЕН БАШКА ДАГЫ КИМДИ ТАБА АЛМАК ЭЛЕК?»

Фараон да, анын кызматчылары да Жусуптун берген кеңешин жөндүү көрүшөт. Фараон Жусуптун акылмандыгы Кудайдан экенин түшүнгөндүктөн кызматчыларына: «Кудайдын руху бар ушул кишиден башка дагы кимди таба алмак элек?» — дейт. Анан Жусупка кайрылып: «Эгер Кудай ушунун баарын сага ачып берген болсо, анда сендей акыл-эстүү башка эч ким жок. Менин үйүмө сен көзөмөл кыласың, бүт элим сага толугу менен баш иет. Тактыда отурган мен гана сенден жогору болом»,— деп айтат (Башталыш 41:38—41).

Фараон сөзүнө турат. Жусупка жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр, колуна фараондун мөөр шакегин тагып, падышанын арабасына отургузушат. Ага бүткүл Мисир жерин кыдырып, өзү айткандарды ишке ашырууга бийлик берилет (Башталыш 41:42—44). Ошентип, түрмөдө туткун болуп таң атырган Жусуп, ак сарайда эл башчысы болуп күн батырат. Ошол күнү Жусуптун Жахаба Кудайга болгон ишеними бекер болбогону айдан ачык болгон. Кудай Жусуптун бир канча жыл бою адилетсиздиктин айынан азап чеккенин көрүп эле турган. Бирок ал аны ошол кыйынчылыктардан эң ылайыктуу учурда, эң туура жол менен арылтууну көздөгөн. Анткени Жусупту эле эмес, бүтүндөй ысрайыл элин сактап калууну ойлогон. Бул жөнүндө эмки макалалардан биле алабыз.

Эгер аягы жоктой көрүнгөн кыйынчылыктарга же адилетсиздикке кабылып жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Жусуптан үлгү алгыла. Ал эч качан боорукерлигинен, момундугунан, кайратынан жана Кудайга болгон ишениминен жазган эмес. Ошон үчүн Жахаба Кудай ага батасын бербей коё алмак эмес.

^ 4-абз. «Күзөт мунарасынын» 2014-жылы 1-августта жана 1-ноябрда чыккан сандарындагы «Алардан үлгү алгыла» деген рубриканы карагыла.

^ 10-абз. Нан-токочтордун 90дон ашуун түрү жасалган байыркы Мисирде фараондун наабайчыларынын башчысы көрүнүктүү киши болгон деп айтууга болот. Ал эми шарап сунуучулардын башчысы фараон иче турган шараптын, ошондой эле, балким, сыранын сапатын жана аларга уу кошулбаганын текшерүүгө жооптуу болчу. Анткени ал кезде бийлик талашкандар падышанын көзүн тазалоону көздөп, тамагына уу кошуп коюуга аракет кылган учурлар көп болор эле. Андыктан фараондун шарап сунуучусу анын ишенимдүү кеңешчиси болгону да адаттагы эле нерсе болгон.