Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ыйык Китептин тактыгын археология тастыктайбы?

Ышая 20:1де жазылган Ашур падышасы Саргон II

Бир илимий журналга Еврей Жазмаларында айтылган, «бери дегенде, 50 кишинин» чынында эле жашап өткөнүн тастыктаган археологиялык далилдер табылганы жөнүндө макала чыккан («Biblical Archaeology Review»). Ал кишилердин арасында Жүйүт жана Ысрайыл жергесин башкарган 14 падыша, анын ичинде атагы алыска кеткен Дөөтү, Хиския падышалар, ошондой эле анча белгилүү болбогон Менахем, Пеках деген падышалар, 5 фараон жана Ашур (Ассирия), Бабыл (Вавилон), Маап, Персия жана Сириянын 19 падышасы бар. Падышалардан тышкары, алардын арасында дин кызматчылар, катчылар жана башка кызматтагы кишилер да бар.

Макалада ошол кишилердин тарыхый инсандар экенин «көптөгөн окумуштуулардын ырастаганы» айтылган. Грек Жазмаларында аты кезиккен Ирод, Понтий Пилат, Тиберий, Каяпа жана Сергий Пабыл сыяктуу кишилердин да жашап өткөнү тарыхый жактан тастыкталган.

Ыйык Китепте айтылган жерлердеги арстандар качан жок болуп кеткен?

Байыркы Бабылдагы кыштан тизилген арстандын сүрөтү

Ыйык жер деп белгилүү болгон Палестинада, Израилде азыр жапайы табиятта арстандар кездешпейт. Бирок Ыйык Китепте арстандар жөнүндө 150дөй жолу айтылып өткөнүнөн ал жаныбардын Ыйык Китепти жазгандарга жакшы тааныш болгонун билүүгө болот. Ал китепте алар көбүнчө бир нерсенин символу катары айтылып өтсө да, айрым учурларда кадимки арстандар жөнүндө айтылган. Мисалы, Шымшондун, Бенаянын, Дөөтүнүн арстан өлтүргөнү жазылган (Бийлер 14:5, 6; 1 Шемуел 17:34, 35; 2 Шемуел 23:20). Ошондой эле кээ бир кишилерди арстан жара тартып кеткени жазылган (1 Падышалар 13:24; 2 Падышалар 17:25).

Илгери Азия арстаны (Panthera leo persica) байырлаган аймак Кичи Азиядан Греция, Палестина, Сирия, Месопотамияга жана Индиянын түндүк батышына чейин созулчу. Жакынкы Чыгыштын байыркы искусствосунда арстан коркунучтуу, ыйык жаныбар катары сүрөттөлчү. Алсак, Бабылдагы салтанаттуу жүрүш өткөрүлгөн жолдун боюндагы дубалдар бети айнектей катуу сыр менен сырдалган кыштардан тизилген арстандардын сүрөтү менен кооздолгон.

Бир билдирүүгө ылайык, Палестинадагы арстандар 12-кылымдын аягына чейин эле, крест жортуулдары учурунда көп кырылган. Ал эми 1300-жылдардан көп өтпөй такыр эле тукум курут болушкан көрүнөт. Бирок алардын Месопотамияда, Сирияда дээрлик 19-кылымга чейин, ал эми Иран менен Иракта атүгүл 20-кылымдын биринчи жарымына чейин жашаганы жөнүндө маалыматтар бар.