Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Жок дегенде, бир жыл тынч, бактылуу жашайынчы»

«Жок дегенде, бир жыл тынч, бактылуу жашайынчы»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1971

  • ӨЛКӨСҮ: ФРАНЦИЯ

  • МУРУН: БАҢГИЗАТ КОЛДОНЧУ, АДЕП-АХЛАКСЫЗ ЖАШОО ӨТКӨРЧҮ, КЫЛМЫШКЕР БОЛЧУ

МУРУН.

Биздин үй-бүлө башында Франциянын түндүк-чыгышындагы Телланкур деген айылда турчу экен. Атам француз болчу, апам болсо италян. Кийинчерээк, мен сегиздерге чыгып калганда, Рим шаарынын (Италия) чет жакасындагы жакырыраак жашагандардын районуна көчүп барганбыз. Акча жагынан кыйналгандыктан атам менен апам көп урушушчу.

Он беш жаштарымда апам мени башкаларга аралашып, дос күтүүгө үндөдү. Ошондон тартып көпкө чейин үйгө келбей жоголуп кетчү болдум. Ошентип жүрүп жаман балдарга кошулуп кеттим. Бир күнү сыртынан жакшы эле көрүнгөн бир киши жаныма келип, баңгизат сунду. Чоңоюп калгандай көрүнгүм келгендиктен баңгизатын алдым. Ошентип, баңгизат менен адеп-ахлаксыздыктын торуна түшүп калдым. Жыныстык жактан кордолгон учурларым көп болду. Акыры, жашоонун кызыгы кетип, өлсөм да баары бир болуп калды. Мен аябай жалгызсырачумун. 16 жашымда болсо чөгүп өлөйүн деп, бир бөтөлкө виски ичип туруп, көлгө секиргем. Бирок өлбөй калып, үч күн комада жаткам.

Комадан чыккандан кийин жашоону баалап калдым, бирок аябай зөөкүр, митаам болуп кеттим. Ар кимге жыныстык катнашта болууну сунуштачумун, үйүнө барганда баңгизат берчүмүн, анан баалуу нерселеринин баарын уурдап кетчүмүн. Кылмыштуу топтор мени бүт Италия боюнча баңгизат ташууга колдончу. Ошондуктан полицияга көп кармалгам. Жашоомдун эч кандай мааниси жок, өзүм өзүмө таандык эместей сезилчү. Ошентсе да тирүүлүктүн бир себеби болуш керек деп ишенчүмүн. Мен Кудайга: «Жок дегенде, бир жыл тынч, бактылуу жашайынчы»,— деп жалбаргам.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

24 жашымда Англияга көчүп барууну чечтим. Баңгизат сатып жүргөндүктөн ошол кезде өмүрүм кылдын учунда болчу. Көчүп кетерде апамдын үйүнө барсам — Анунсеато Лугара деген киши апам менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүп жатыптыр *. Анын кылмышкер экенин билгендиктен аябай коркуп кеттим. Анан андан эмнеге келгенин сурадым. Ал мага Жахабанын Күбөсү болуш үчүн жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөнүн айтып берип, Англияга барганда Жахабанын Күбөлөрүнө жолугушумду суранды. Мен жолугам деп сөз бердим. Бирок барарым менен эле баягы таз кейпимди кийдим.

Бир күнү Лондондун чоң көчөсүндө кетип баратып «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын сунуштап жүргөн Жахабанын Күбөсүнө жолугуп калдым. Анунсеатого берген убадамды эстеп, андан мени менен Ыйык Китепти изилдешин сурандым.

Ыйык Китептен билгендерим мени аябай таң калтырды. Айрыкча, 1 Жакан 1:9дагы Кудай жөнүндө: «Күнөөлөрүбүздү мойнубузга алсак, Кудай ишенимдүү, адил болгондуктан, күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди жаман нерсенин баарынан тазалайт»,— деп жазылгандар таасир этти. Ошол сөздөр жүрөгүмдү көзөп өттү, анткени өзүмдү аябай кир, ыпылас киши сезчүмүн. Мен дароо эле Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштадым. Алар мени жылуу кабыл алышты. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан өмүр бою самап келген нерсемди — чыныгы достукту — көргөндө алардын бир үй-бүлөдөй болгон жыйналышынын мүчөсү болгум келди.

Баңгизатты, бузукулукту таштоо мен үчүн оор деле болгон жок. Бирок кулк-мүнөзүмдү оңдоо аябай кыйын болду. Мен башкаларды сыйлаганды, жумшак мамиле кылганды үйрөнүшүм керек болчу. Атүгүл азыр да айрым жаман жактарым менен күрөшүп келем. Бирок Жахаба Кудайдын жардамы менен оңолуп келатам. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 6 ай изилдегенден кийин, 1997-жылы мен да Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ.

Көп өтпөй эле Барбара деген кызга үйлөндүм, ал да жакында эле Жахабанын Күбөсү болгон эле. Менин канчалык өзгөргөнүмдү көрүп эски досторумдун бири Ыйык Китепти изилдей баштады. Кийинчерээк ал да, эжеси да Жахабанын Күбөсү болушту. Ошондой эле таенемдим 80ден ашкан эжеси көзү тирүүсүндө Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Азыр мен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында аксакал катары кызмат кылам. Ошондой эле жубайым экөөбүз убактыбыздын көбүн Лондондогу италянча сүйлөгөндөргө Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүгө жумшайбыз. Кээде мурунку жашоомду ойлоп көңүлүм чөгөт, ошондой учурларда жубайым Барбара мага бир топ кайрат берет. Азыр менин эңсеп келген сонун үй-бүлөм жана мээримин төккөн Атам бар. Мен андан бир эле жыл тынч, бактылуу жашоону тилеген элем, бирок ал мага андан да көптү берди!

Азыр менин эңсеп келген сонун үй-бүлөм жана мээримин төккөн Атам бар