Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Жахаба мени унутпаптыр»

«Жахаба мени унутпаптыр»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1922

  • ӨЛКӨСҮ: ИСПАНИЯ

  • МУРУН: ДИН МУГАЛИМИ БОЛЧУ

МУРУН.

Мен Испаниянын түндүгүндөгү Бильбао шаарынын чет жакасында католик динине бек карманган, орто жашаган үй-бүлөдө төрөлгөм. Үйдө төрт баланын экинчиси болчумун. Баарыбыз ээрчишип алып, күнүгө чиркөөгө барып, диний каадаларга катышчубуз. 23кө чыкканда мугалим болуп иштей баштадым. 40 жыл ошол кесипке жан-дилимди берип эмгектендим. Сабактан тышкары, кечкисин кичинекей кыздарга католик дини боюнча сабак берчүмүн. Ошого өзгөчө сыймыктанар элем.

Жолдошум экөөбүз 12 жыл түтүн булатып, бактылуу өмүр сүрдүк. Бирок жолдошум каза болуп калып, чиедей төрт кызым менен жесир калдым. Ошондо 33 эле жашта болчумун. Жолдошумду жоктоп, жан дүйнөм сыздаган учурларда туткан динимен жүрөк жылытарлык деле эч нерсе уккан жокмун. «Иса Машаяк адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн канын төккөн болсо, анда эмне үчүн адамдар дагы деле өлүшөт? Жакшылары өлгөндөн кийин асманга бара турган болсо, эмнеге Кудайдын Падышалыгы жерге келсин деп тиленебиз? Адамдар өлгөндөн кийин мурунку иштерине жараша соттолуп, жакшысы асманга кетип, жаманы тозокко түшсө, анда эмнеге алар кайрадан акыркы сотто Кудайдын алдында турушу керек?» — деген сыяктуу жандырмагы жок суроолорум жоопсуз кала берди.

Айлам кетип, ошол суроолорду дин кызматчыларга бердим. Алардын бири: «Ким билет? Башкы дин кызматчыдан сурап көрчү. Буларга башыңды оорутуп эмне кыласың. Кудайга ишенсең болду, анын жолдору изилденгис да»,— деп кутулду. Бирок анын жообу купулума толгон жок. Үмүтүмдү үзбөй, андан ары издене бердим. Кийинчерээк иезуиттердин, элүүнчү күнчүлөрдүн, гностиктердин диний сабактарына барып жүрдүм. Бирок бири да көңүлүмдүн суусунун кандырган жок.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

60тан өтүп калганда 7 жашар бир кыз Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына чакырып калды. Ал жактан уккан-көргөндөрүм аябай жакты. Бирок колум бошобой, Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша албай калдым. 2 жылдан кийин үйүмө Хуан, Майти деген Жахабанын Күбөлөрү келип калышты. Ал жубайларга 3 ай бою суроолорду жаадырып, акыры, Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Ар бир изилдөөнү тим эле чыдамсыздык менен күтөр элем. Жахабанын Күбөлөрүнүн айткандарынын чын-төгүнүн билиш  үчүн Ыйык Китептин үч башка котормосун алып, баарын ийне-жибине чейин текшерип чыктым. Көп өтпөй өмүр бою адашып жүргөнүмдү түшүндүм. Мурда ишенип жүргөн нерселер менен Ыйык Китепте жазылгандардын айырмасы асман менен жердей экенин көргөндө таң калдым. Ошондо тамыры терең жайылган чоң бактай болгон ишенимимди омкорушум керектигин түшүндүм.

Кенчти тапканымды түшүндүм

Ошол жылдары экинчи күйөөм катуу ооруп, оорусунан өйдө болбой, кете берди. Ошондон кийин ардактуу эс алууга чыгып, Бильбаодон убактылуу көчүп кеттим. Хуан менен Майти да башка жакка көчүп кетип, Ыйык Китепти изилдебей калдым. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө көптөн бери көксөп келген кенчти тапканымды билчүмүн. Аны жан дүйнөмө катып алып, көздүн карегиндей сактап жүрдүм.

Ал ортодо 20 жыл билинбей өтүп кетти. 82 жашымда Хуан менен Майти Бильбаого кайтып келишти. Алар кайра босогомду аттаганда, сүйүнгөнүмдү айтпа! Жахаба мени унутпаганын түшүнүп, аябай кубандым. Ошентип, изилдөөмдү уланттым. Экөөнүн чыдамдуулугуна аябай ыраазымын, анткени аларга баягы эле суроолорумду кайра-кайра бере берчүмүн. Кан-жаныма жедеп сиңип калган ишенген нерселерден арылыш үчүн Ыйык Китептеги далилдерди кайра-кайра угушум керек эле. Анын үстүнө, тууган-туушкандарыма, санаалаштарыма Ыйык Китептеги чындыкты айтыш үчүн жетиштүү билим алгым келди.

87 жашка чыкканымда Жахабанын Күбөлөрүнүн чоң жыйынында өмүрүмдү Кудайга арнап, чөмүлдүм. Ал күн өмүрүмдөгү эң кубанычтуу күн болду десем жаңылышпайм. Жыйында чөмүлө тургандарга арналган, Ыйык Китепке негизделген баяндама айтылды. Аны угуп отурганда Жахаба Кудай жеке мага сүйлөп жаткандай эле туюлду. Жүрөгүмө толгон кубанычтан улам көзүмөн жаш куюлуп жатты. Чөмүлгөндөн кийин жыйын учурунда, көптөр мени тааныбаса да, кубанычымды тең бөлүшүп, куттуктап жатышты.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Ыйык Китептен Иса Машаяктын: «Мен жолмун»,— деген сөздөрүн далай жолу окугам (Жакан 14:6). Бирок Ыйык Китепти терең изилдөөнүн аркасында гана Иса Машаяктын Жахаба Кудайга алпара турган «жол» экенин түшүндүм. Азыр Жахаба Кудайдан тиленгенде аны менен эң жакын досум менен сүйлөшкөндөй эле сүйлөшөм. «Жахабага жакында» * китеби да жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү деп айта алам. Аны кирпик какпай, бир эле түндө окуп чыккам. Жахабанын чексиз ырайымдуу Кудай экенин билгенде көңүлүм ушунчалык толкуган.

Оңой менен багынбай, Кудай жөнүндөгү чындыкты издеген учурларымды ойлогондо Иса Машаяктын: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деген сөздөрү эсиме түшөт (Матай 7:7). Издеп жүрүп тапкан асыл кенчтей жакшы кабарды катып албай, башкаларга да айтканды жакшы көрөм. Кабар айтканда, кубанычыма кубаныч кошулуп турат.

Азыр 90до болсом да, Кудай жөнүндөгү билимдин четин эле ойгонумду түшүнөм. Ар бир жыйналыш жолугушуусу мен үчүн салтанаттуу майрамдай. Ал жактан баа жеткис билим алып, Кудай кошкон бир туугандарым менен жолугам. Бейишке айланган жер бетинде да мугалим болсом деген кыялым бар (Аян 21:3, 4). Туугандарым, досторум тирилгенде, аларга Жахаба жөнүндө билим берүүнү самайм (Элчилер 24:15). Жашым өр тартып калганда Жахабанын ушунчалык баалуу белек бергенин айтып бергим келет. Ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам.

^ абз. 15 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.