Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1960

  • ӨЛКӨСҮ: ФИНЛЯНДИЯ

  • МУРУН: РОК-МУЗЫКАНТ

ТАРЖЫМАЛЫМ.

Мен порту бар Турку деген шаардагы карапайым адамдар жашаган жерде чоңоюп-өскөм. Атам бокс боюнча чемпион болчу, иним экөөбүз да бокс менен машыкчубуз. Мектепте окуп жүргөндө мушташып эле басып жүрчүмүн. Өспүрүм курагымда зөөкүрлүгү менен аты чыккан балдарга кошулуп кетип, зордук-зомбулукка бара баштадым. Ошондой эле хэви-метал музыкасына кызыгып кеттим. Ошол учурларда рок-жылдызы болсом деп кыялданчумун.

Ошентип, бир нече барабан сатып алып, рок-группасын түздүм. Көп өтпөй группанын башкы ырчысы болуп калдым. Сахнадан жулунуп-жулкунуп ырдаганды жакшы көрчүмүн. Группабыздагылар ашынган жинди, кебетеси төбө чачты тик тургузгандай болчу. Көп элдин алдында концерт коюп, акырындап тааныла бердик. Жаздырган ырларыбыздын акыркысы көпчүлүктүн купулуна толду. 1980-жылдары атыбызды чыгарабыз деп Кошмо Штаттарга бардык. Нью-Йорк жана Лос-Анжелес шаарларында концерт коюп бир аз жүрдүк. Финляндияга кайтып келгенге чейин шоу-бизнес жаатындагы көп адистер менен таанышып, байланыш түздүк.

Мен рок-группасында ырдаганды жакшы көрчүмүн, бирок ошондой болсо да жашоонун маңызы эмнеде экенин билгим келчү. Шоу-бизнес тармагындагылардын бири-бири менен атаандашып, касташканын көрүп, көңүлүм кайт болду. Өмүрүмдү кантип өткөрүп жатканымды ойлогондо да жаман болчумун. Өзүмдү жаман киши деп эсептегендиктен тозокко түшөм деп коркчумун. Суроолорума жооп алыш үчүн ар кандай диний китептерди окуп көрдүм. Кудайга такыр жакпайм деп ойлосом да, ага жалынып тилене берчүмүн.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Жан багыш үчүн жергиликтүү почтодо иштеп жүрдүм. Бир күнү бизде иштеген бир кишинин Жахабанын Күбөсү экенин билип, ага суроолорду жаадырдым. Ал Ыйык Китепке негизделген, жүйөлүү жоопторду бергендиктен, аябай кызыгып, аны менен Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум. Изилдегениме бир нече жума болгондо, рок-группамдагылар ыр жаздырып, Кошмо Штаттарда альбом кылып чыгарууга  келишим түзүү сунуш кылынганын айтышты. Мен андай сунуш жашоодо бир эле жолу болот деп ойлодум.

Ошондуктан мени менен изилдеген байкеге: «Бир эле альбом чыгарып алып, андан кийин сөзсүз Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашайм»,— деп айттым. Ал мага кандай ойдо экенин айткан жок, тек гана Иса пайгамбардын сөздөрүн окуп көрүүнү айтты. Ал: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт»,— деген (Матай 6:24). Ал сөздөр жүрөгүмдү козгоду. Иса пайгамбардын жолун жолдогум келгендиктен, бир нече күн өткөндөн кийин, группадан чыктым. Бул тууралуу ага айтканымда, ал аябай таң калды.

Ыйык Китеп менин «күзгүм» болду (Жакып 1:22—25). Мурун жүрүм-турумум жаман болчу, атак-даңкты сүйгөн, текебер киши элем. Сөгүнүп-сагынып, уят сөздөрдү көп сүйлөчүмүн, бир нерсе болсо эле мушташа кетчүмүн, ичкиликти да өкүртө иччүмүн. Ыйык Китепти окуганда ушул кемчиликтеримди көрдүм. Жашоо мүнөзүмдүн Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келерин түшүнгөндө эч качан оңоло албайм го деп ойлодум. Бирок, канчалык оор болбосун, өзгөргөнгө даяр болчумун (Эфестиктер 4:22—24).

«Жахаба Кудайдын ырайымдуу, күнөө кылганына өкүнгөндөрдү кечиргенге даяр экенин түшүндүм»

Мурда кылган жаман иштеримен улам башында абийирим жемелеп жүрдү. Бирок мени менен Ыйык Китепти изилдеген байке аябай жардам берди. Ал Ыйык Китептеги: «Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген сөздөрдү окуп берди (Ышая 1:18). Ыйык Китептеги ушул жана башка сөздөрдөн Жахаба Кудайдын ырайымдуу, күнөө кылганына өкүнгөндөрдү кечиргенге даяр экенин түшүндүм.

Жахаба Кудайды таанып-билип, сүйүүм өскөн сайын, өмүрүмдү ага арнагым келе баштады (Забур 40:8). Ошентип, 1992-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйынында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Жахабага сыйынган адамдардын арасынан эң сонун досторду таптым. Музыка Кудайдын белеги болгондуктан, кээде досторубуз менен чогулуп, жакшы музыкаларды ойноп, ырдап турабыз (Жакып 1:17). Жубайым Кристинага үйлөнгөнүмдү Кудайдын батасы деп эсептейм. Сырымды жашырбай айта алган жубайым экөөбүз жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, турмуштун ысык-суугуна бирге чыдап келебиз.

Жахабанын Күбөсү болбосом, качан эле өмүрүм менен кош айтышмак болушум керек. Мурун ызы-чууга аралашып, кыйынчылыктан башым чыкпай эле жүрчүмүн. Азыр болсо жашоом ойдогудай болуп, маңыздуу өтүп жатат.