Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бириңерге мурункудай ишенгенге эмне жардам берет?

Бири-бириңерге мурункудай ишенгенге эмне жардам берет?

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Бири-бириңерге мурункудай ишенгенге эмне жардам берет?

Стив *: «Жудини ойноштук кылат деп такыр ойлогон эмесмин. Ошондон кийин ага ишенбей калгам. Аны кечирүү мага аябай кыйын болду».

Жуди: «Стивдин ошондо кандай абалда болгонун түшүнөм. Өкүнгөнүмдү ага далилдеш үчүн көп жыл керек болду».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ күйөөсү же аялы ойноштук кылган киши жубайы менен ажырашабы же жокпу, өзү чечери айтылат * (Матай 19:9). Жогоруда айтылган Стив келинчеги менен ажырашпай эле, чогуу жашай берүүнү чечкен. Экөө тең никесин сактап калгысы келген. Бирок көп өтпөй алар чогуу жашай берсе эле, мамилеси жакшырып кетпесин түшүнүшкөн. Эмне үчүн? Себеби, алардын жогорудагы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жудинин ойноштук кылганынан улам экөөнүн мамилесине жарака түшкөн. Бактылуу болуш үчүн жубайлар бири-бирине ишениши керек. Ошондуктан аларга көп күч-аракет жумшаганга туура келген.

Жубайлардын бири ойноштук кылгандан кийин мамилени кайра калыбына келтириш аябай кыйын. Өзгөчө, ал тууралуу жаңы билгенде оор болот. Бирок ошого карабай силер никеңерди сактап кала аласыңар! Бири-бириңерге мурункудай ишенүүгө эмне жардам берет? Ыйык Китепте буга байланыштуу пайдалуу кеңештер жазылган. Келгиле, алардын төртөөнү карап чыгалы.

1 Чынчыл болгула. Ыйык Китепте: «Жалгандыктан баш тарткан соң,.. жакыныңарга чындыкты айткыла»,— деп жазылат (Эфестиктер 4:25). Калп айтып, айрым нерселерди жашырып коюп же жубайыңар менен сүйлөшпөй жүрө берсеңер, бири-бириңерден шектенип, ишенбей башташыңар мүмкүн. Ошондуктан дайыма ачык сүйлөшүп, бири-бириңерге чындыкты айтышыңар керек.

Күйөөсү же аялы ойноштук кылгандан кийин ал жөнүндө сүйлөшүү башында экөөнө тең кыйын болот. Анткен менен ал тууралуу ачык сүйлөшүү абдан маанилүү. Балким, майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшкүңөр келбеши мүмкүн. Бирок такыр сүйлөшпөй коюу акылдуулукка жатпайт. Жогоруда айтылган Жуди мындай дейт: «Башында ошол жөнүндө сүйлөшүү мен үчүн аябай кыйын болчу. Кылган ишимдин айынан өзүмдү аябай жемелечүмүн, ошон үчүн аны эстегим да келчү эмес». Бирок бул кыйынчылыктарды пайда кылган. Эмне үчүн? Стив мындай дейт: «Жубайым кылганы жөнүндө такыр сүйлөшкүсү келбегендиктен, мен андан шек санай берчүмүн». Ал эми Жуди: «Бул жөнүндө жолдошум менен сүйлөшпөгөнүм мамилебиздин жакшырышына тоскоол кылды»,— дейт.

Өмүрлүк жарыңар менен анын эмне үчүн ойноштукка барганы жөнүндө сүйлөшүү аябай кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү. Иштеген жериндеги бир аял менен ойноштук кылган Пол деген кишинин аялы Дэби мындай дейт: «„Кантип? Эмне үчүн? Алар эмне жөнүндө сүйлөшүшчү?“ — деген суроолор оюман кетчү эмес. Бассам-турсам да, ошол жөнүндө эле ойлоно берип, жинди болуп кете жаздачумун. Күн өткөн сайын суроолорум азаймак турсун, көбөйгөндөн көбөйө берди». Жолдошу болсо мындай дейт: «Кээде Деби экөөбүз сүйлөшүп жатып уруша кетчүбүз. Бирок ачуубуз тарагандан кийин дайыма бири-бирибизден кечирим сурачубуз. Чынчыл болуп, ачык сүйлөшкөнүбүз мамилебизди чыңдаганга жардам берди».

Канткенде ачууга алдырбай, ачык сүйлөшө аласыңар? Силердин максатыңар жубайыңарды ашкерелеп, күнөөлөө эмес, тескерисинче, болгон окуядан сабак алып, ортоңордогу мамилени бекемдөө экенин эсиңерден чыгарбагыла. Мисалга Чэл Суу менен Ми Яңды алалы. Чэл суу ойноштук кылгандан кийин жубайы экөө эмнеден улам ошондой болгону жөнүндө ойлонушкан. Чэл Суу мындай дейт: «Мен жалаң эле өзүмдүн иштерим менен алек болуп жүрүп, келинчегиме көңүл бурбай калыптырмын. Ошондой эле башкаларга жагууга умтулуп, алар менден күткөн нерселерди кылып жүрө берчү экенмин. Ошентип жүрүп аялыма убактым калбай калчу экен». Чэл Суу менен Ми Яң экөөнүн мамилеси эмне себептен сууп калганын түшүнгөн соң, зарыл өзгөрүүлөрдү жасашкан. Убакыттын өтүшү менен алардын мамилеси бекемделген.

КЕҢЕШ: эгер сен ойноштук кылсаң, актануудан же өмүрлүк жарыңды күнөөлөгөндөн кач. Кылган ишиңди жана жубайыңдын жүрөгүн жаралаганыңды моюнга ал. Ал эми сен эмес, жубайың ойноштук кылган болсо, кыйкырып-өкүрүп, аны тилдегенден алыс бол. Болбосо, ал баарын ачык айтпай, кээ бир нерселерди жашырып коюшу мүмкүн (Эфестиктер 4:32).

2 Биргелешип иш кылгыла. Ыйык Китепте: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы»,— делет. Эмне үчүн? «Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт. Бири жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10). Бул жерде жазылгандарга ылайык, мамилеңерди кайрадан бекемдеш үчүн биргелешип иш кылганыңар маанилүү.

Дайыма биргелешип иш кылуу бири-бириңерге болгон ишенимиңерди бекемдегенге жардам берет. Никеңерди сактап калганга экөөңөр тең умтулушуңар керек. Бул көйгөйдү жалгыз чечкенге аракет кылсаңар, өзүңөргө эле кыйынчылыктарды пайда кылып алышыңар мүмкүн. Андыктан жубайыңар менен эриш-аркак иш кылганга аракет кылгыла.

Стив менен Жуди ушундай кылышкан. «Көп убакыт талап кылынса да,— дейт Жуди,— Стив экөөбүз мамилебизди чыңдаш үчүн дайыма биргелешип иш кылчубуз. Мен экинчи такыр анын жүрөгүн оорутпайм деп өзүмө сөз бергем. Жолдошум жүрөгү катуу жараланса да, никебизди сактап калууга чечкиндүү болчу. Мен ага болгон берилгендигимди күн сайын далилдегенге умтулчумун. Ал да мени сүйөрүн билдирип турчу. Бул үчүн ага чексиз ыраазымын».

КЕҢЕШ: бири-бириңерге мурдагыдай ишеним артыш үчүн биргелешип иш кылганга чечкиндүү болгула.

3 Зарыл өзгөрүүлөрдү жасагыла. Иса пайгамбар ойноштуктан качуу жөнүндө айткандан кийин: «Сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деген (Матай 5:27—29). Эгер ойноштук кылган болсоң, никеңди сактап калуу үчүн сени ошол ишке түрткөн кандай нерселерден арылышың керектигин, анын ордуна кандай иш-аракеттерди кылсаң болорун ойлонуп көрөттүрсүң.

Ойноштук кылган киши менен байланышыңды биротоло үзүшүң керек * (Накыл сөздөр 6:32; 1 Корунттуктар 15:33). Жогоруда айтылып өткөн Пол аны менен ойноштук кылган аялга жолугуп калбаш үчүн жумуш убактысын, телефон номурун өзгөрткөн. Бирок бул дагы жетишсиз болгон. Ошондуктан аялына болгон берилгендигин далилдеп, ал ага мурункудай ишениши үчүн, жумушун алмаштырган. Ошондой эле өзүнүн уюлдук телефонун жок кылып, жубайынын телефонун колдонууну чечкен. Мындай аракетинин натыйжасы кандай болгон? Келинчеги Деби мындай дейт: «Андан бери алты жыл өтсө да, күйөөм менен ойноштук кылган аял ага дагы чалып калабы деп тынчсызданган учурларым болот. Бирок азыр Полдун андай ишке барбай турганына толук ишенем».

Эгер сен ойноштук кылган болсоң, балким, айрым өзгөрүүлөрдү жасашың керектир. Мисалы, карама-каршы жыныстагы адамдарга тийишкенге жакындырсың же жубайың болбогон кимдир бирөө жөнүндө ойлонуп, ар кандай кыялдарга бата береттирсиң. Эгер ушундай адатың бар болсо, «эски табиятты иштери менен кошо чечип» салышың керек. Башкача айтканда, жубайың сага ишене алышы үчүн, жаман адаттарыңды таштап, аны менен болгон мамилеңди бекемдей турган адаттарды өрчүт (Колосалыктар 3:9, 10). Балким, сезимиңди ачык билдирип көнбөгөндүктөн жубайыңа сүйөрүңдү айтыш кыйын болушу мүмкүн. Бирок башында бул оңойго турбаса да, жарыңды сүйөрүңө ынандырганга үйрөнүшүң керек. Стив мындай деп эскерет: «Жуди колуман кармап же кучактап: „Мен сени сүйөм“,— деп дайыма айтчу».

Башында бир нече убакытка чейин жубайыңарга бир күндө кылган иштериңердин баарын, эмне менен алек болгонуңарды айтып тураттырсыңар. Жогоруда сөз кылынган Ми Яң: «Жолдошум менден эч нерсесин жашырбай турганын көрсөтүш үчүн мага эмне иш кылганын, атүгүл майда-чүйдө иштерине чейин айтып турчу»,— дейт.

КЕҢЕШ: бири-бириңерден мамилеңерди чыңдаш үчүн кандай иш-аракеттерди кылсаңар болорун сурагыла. Аларды кагазга жазып алып, иш жүзүндө колдонгула. Ошондой эле ал кагазга чогуу кыла турган иштерди да жазгыла.

4 Убакыт талап кылынарын унутпагыла. Болор иш болду, эми баарын унутуп, кайрадан баштагыдай жашай башташыбыз керек деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Накыл сөздөр 21:5те: «Ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— деп айтылат. Бири-бириңерге мурдагыдай ишениш үчүн көп убакыт, балким, бир топ жыл талап кылынышы мүмкүн.

Эгер жубайыңар ойноштук кылса, анын кылганын толугу менен кечириш үчүн силерге убакыт керек болот. Ми Яң мындай дейт: «Мен мурда күйөөсү ойноштук кылса да, аялы аны кечириши керек да, аны көпкө чейин кечирбей жүрө бермек беле деп ойлочумун. Бирок кечириш канчалык кыйын экенин өзүмдүн жолдошум ошондой ишке барганда, түшүндүм». Ооба, жубайыңарды кечириш үчүн жана ага мурдагыдай ишенүү үчүн убакыт талап кылынат.

Насаатчы 1:1—3-аяттарда да «айыктыра турган убак бар» экени айтылат. Ичиңердегини өмүрлүк жарыңарга айтпай, жашырып жүрө берүү туура көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул силерге жубайыңарга мурункудай ишенгенге жардам бербейт. Ортоңордогу жараканы бүтөш үчүн, аны кечиришиңер зарыл, андан тышкары, кечиргениңерди далилдеп, ага ой-сезимиңерди айтышыңар керек. Аны да силер менен кубаныч-кайгысын тең бөлүшкөнгө үндөгөнүңөр маанилүү.

Кайгынын чеңгелине батпай, андан чыкканга аракет кылгыла (Эфестиктер 4:32). Силерге Жахаба Кудайдын өз элине кандай мамиле кылганы жөнүндө ой жүгүртүү жардам бериши мүмкүн. Ысрайыл эли ага сыйынуудан баш тартып кеткенде, анын жүрөгү ооруган. Ал үчүн алардын башка кудайларга сыйынып кеткени ойноштук кылганга барабар болгон (Жеремия 3:8, 9; 9:2). Ошондой болсо да аларга «түбөлүккө каардана» берген эмес (Жеремия 3:12). Эли чын жүрөктөн өкүнүп, ага кайрылып келгенде, Кудай аларды кечирген.

Акыр-аягы, экөөңөр тең зарыл өзгөрүүлөрдү жасап, ортоңордогу мамилеңерди чыңдагандан кийин бири-бириңерге мурдагыдай ишене баштайсыңар. Силер никеңерди бекемдегенден тышкары, чогуу башка максаттарга да умтула аласыңар. Ошондой болсо да экөөңөрдүн мамилеңердин канчалык жакшырып жатканы жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлүп тургула. Баары жакшы болуп калды деп ойлоп, андан ары эч кандай иш-аракет кылбай койбогула. Ойлогон оюңар ишке ашпай калганда, багынбай, мамилеңерди бекемдей бергиле (Галатиялыктар 6:9).

КЕҢЕШ: баарын жаңыдан баштагыла. Өзүңөрдү жаңыдан мамиле куруп жаткандай элестетип, бири-бириңер менен мурдагыдан да ынак болгонго умтулгула.

Аракетиңердин акыбети кайтат

Жумшаган аракетиңерден майнап чыгарына шектенген учурларда никени Кудай негиздегенин эстесеңер болот (Матай 19:4—6). Анын жардамы менен силер ийгиликке жете аласыңар. Жогоруда айтылган жубайлар Кудайдын Ыйык Китепке жаздырып койгон даанышман кеңештерин колдонуунун аркасында никесин сактап калышкан.

Жуди менен Стивдин мамилесине доо кетирген окуя 20 жылдан ашуун убакыт мурун болгон. Стив өткөн күндөргө сереп салып, мындай дейт: «Жуди экөөбүз Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин чоң өзгөрүүлөрдү кылдык. Бизге Ыйык Китептеги кеңештер аябай жардам берди. Мунун аркасында ошол учурдагы оор кыйынчылыкты көтөрүп кете алдык». Ал эми Жуди: «Кудай батасын бербесе, туруктуу болуп, оор жагдайдан чыгып кете алмак эмеспиз. Ыйык Китепти чогуу изилдеп, мамилебизди бекемдегенге көп күч-аракет жумшагандыктан азыр биз бактылуу үй-бүлөлөрдөнбүз»,— дейт.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 5-абз. Андайда туура чечим чыгарууга эмне жардам берерин билиш үчүн «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 1999-жылдын 22-апрелиндеги санынын 6-бетин жана 1995-жылдын 8-августундагы санынын 10, 11-беттерин карагыла.

^ 17-абз. Эгер мындай кылуу мүмкүн эмес болсо, ал киши менен аябай зарыл болгон учурларда гана (мисалы, жумушка байланыштуу нерселерди сүйлөшүш керек болгондо) сүйлөш. Аны менен өзүнчө эмес, башкалардын көзүнчө сүйлөш жана аны менен байланышууга туура келсе, бул жөнүндө жубайың баарын билиши керек.

[15-беттеги сүрөт]

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

Жубайымдын ойноштук кылганына карабай, никемди сактап калганга мага эмне түрткү берди эле?

Жубайымдан азыр кандай жакшы сапаттарды байкап жатам?

Жубайым менен сүйлөшүп жүргөндө аны сүйөрүмдү кичинекей нерселерде да кантип көрсөтчү элем жана азыр кантип көрсөтсөм болот?