Мазмунун көрсөтүү

Ыйык деп эсептелгендерге кайрылып, тиленсе болобу?

Ыйык деп эсептелгендерге кайрылып, тиленсе болобу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте адамдар бир гана Кудайга сыйынышы керектиги, ошондой эле ага Иса Машаяк аркылуу кайрылышы керектиги айтылат. Иса пайгамбар өзүнүн шакирттерине Кудайга кайрылганда: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тилениши керектигин айткан (Матай 6:9). Ал Кудайдан башка кимдир бирөөгө, мисалы, ыйык деп эсептелген адамдарга, периштелерге же дагы башкаларга сыйынса болот деп эч качан окуткан эмес.

 Иса пайгамбар шакирттерине: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп да айткан (Жакан 14:6). Демек, Кудай менен адамдардын ортосунда арачы болууга Кудай Иса пайгамбарды гана дайындаган (Еврейлер 7:25).

Кудайга да, ыйык деп эсептелгендерге да сыйынып, тиленсе болобу?

 Бир жолу Шайтан азгырганда, Иса пайгамбар ага: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Матай 4:10). Кудай жалгыз гана ага сыйынышыбызды, ага гана кайрылышыбызды каалайт. Ал ага сыйынгандардан толук берилгендикти талап кылат (Ышая 48:11).

 Эгер биз Кудайдан башка бирөөгө: ыйык деп эсептелгендерге же болбосо периштелерге сыйынып, ошолорго кайрылып, тилене турган болсок, Кудайга акарат кылган болобуз. Бир жолу элчи Жакан периштеге таазим кылып, жүзтөмөндөп жыгылмакчы болгондо, периште аны токтотуп: «Мындай кылба! Мен Иса тууралуу күбөлөндүргөн бир туугандарыңа жана сага окшогон эле кулмун. Кудайга таазим кыл»,— деген (Аян 19:10).