Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенүүгө татыктуу китеп

Ишенүүгө татыктуу китеп

Ишенүүгө татыктуу китеп

Греция ыйык китептик тарыхта

Бул макалада учурунда дүйнөлүк держава болгон Греция жөнүндө сөз жүрөт. Макаланын максаты — Ыйык Китепти Кудай жаздырганын жана анын ишенүүгө татыктуу экенин көрсөтүү, ошондой эле адам баласынын ырайымсыз башкаруусу алып келген азап-кайгынын жок болоруна бекем ишенүүгө жардам берүү.

БИЗДИН заманга чейинки 4-кылымда Искендер аттуу македон жигит Грецияны * дүйнөлүк аренага алып чыккан. Ал Грецияны ыйык китептик тарыхтагы бешинчи дүйнөлүк державага айлантып, натыйжада Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) деген атка конгон. Грецияга чейинки империялар Мисир, Ашур, Бабыл жана Мадай менен Персия болгон.

Искендер көз жумгандан кийин, анын империясы чачырап, бара-бара күчүн жоготкон. Ошентсе да Греция бир топко дейре башка элдерге маданияты, тили, дини жана философиясы аркылуу таасирин тийгизе берген.

Ишенүүгө татыктуу тарых

Ыйык Китепте Грециянын камчысы ойноп турган маалда Кудайдын кайсы бир пайгамбарынын кызмат кылганы жана Ыйык Жазманын кайсы бир бөлүгүнүн жазылганы тууралуу айтылбайт. Ошентсе да анда Греция жөнүндөгү пайгамбарлыктар бар. Андан тышкары, көпчүлүккө Жаңы Келишим деп белгилүү болгон Грек Жазмаларында Грециянын таасири жөнүндө көп айтылат. Белгилей кетчү нерсе, Ысрайылда байыркы гректердин Декаполис (грекчеден «он шаар») деп аталган он шаары болгон (Матай 4:25; Марк 5:20; 7:31). Ыйык Китепте ал аймак тууралуу бир нече ирет сөз жүрөт. Ал эми тарых барактарындагы маалыматтар, ошондой эле көңүл толкуткан театрлардын, амфитеатрлардын, ибадатканалардын жана жуунуучу жайлардын калдыктары анын чынында эле болгонун тастыктап турат.

Ыйык Китептен, өзгөчө, доктур Лука жазган Элчилер китебинен грек маданияты жана дини жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Айрым мисалдарды карап көрөлү.

Ыйык Китептеги б.з. 50-жылы элчи Пабылдын Афинге барганы жөнүндөгү билдирүүдө ал «шаардын буркандарга жык толгону» айтылат (Элчилер 17:16). Тарыхый маалыматтар да Афинде жана анын чет жакасындагы аймактарда чынында эле толгон-токой буркандар менен ибадатканалар болгонун далилдеп турат.

Элчилер 17:21де «бардык афиндиктер менен алардын арасында жашаган бөтөн жерликтер бош убактысын жаңы бир нерсе жөнүндө сүйлөшүү же угуу менен гана өткөрүшкөнү» айтылат. Афиндиктердин маектешкенди, жарыш сөзгө түшкөндү жакшы көргөнүн байыркы грек тарыхчысы Фукидиддин жана саясий ишмери Демосфендин жазуулары да ырастап турат.

Ыйык Китепте «эпикурчулар менен стоиктер деп аталган философтордун айрымдары [Пабыл] менен талашканы» жана ал айткан нерселер жөнүндө кененирээк билүү үчүн аны Ареопагга алып барышканы жазылат (Элчилер 17:18, 19). Ырас, Афин көптөгөн философтору, анын ичинде эпикурчулары жана стоиктери менен белгилүү болгон.

Пабыл Афиндеги «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жай тууралуу сөз кылган (Элчилер 17:23). Белгисиз кудайга арналган ал курмандык жай криттик Эпименид тарабынан тургузулса керек.

Афиндиктерге кайрылганда Пабыл: «Биз баарыбыз анын тукумубуз»,— деген сөздөрдү цитата кылып, ал сөздөрдү алардын бир эле акыны эмес, «айрым акындары» айтканын белгилеген (Элчилер 17:28). Сыягы, ошол грек акындары Арат менен Клеанф болгон.

Ооба, бир окумуштуунун: «Пабылдын Афинге барганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү ал окуяларга күбө болгон адам жазган көрүнөт»,— деп жыйынтык чыгарганы бекеринен эмес. Пабылдын Кичи Азиядагы Эфеске барганы жөнүндөгү Ыйык Китепте жазылган окуялары тууралуу да ушуну айтууга болот. Б.з. 1-кылымында ал шаардын тургундары грек бутпарас динин тутканы, өзгөчө, аял-кудайы Артемидага сыйынганы менен таанымал болушкан.

Байыркы дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп эсептелген Артемида ибадатканасы жөнүндө Элчилер китебинде бир нече жолу айтылат. Мисалы, биз Пабылдын Эфесте кызмат кылганы күмүштөн Артемиданын ибадатканасынын үлгүлөрүн жасап, кирешелүү иш жүргүзгөн зергер Димитирдин каарын кайнатканын окуйбуз. Димитир ызырынып, элге: «Пабыл деген неменин кол менен жасалган нерселер кудайлар эмес экенин айтып,.. далай кишилерди башка пикирге ынандырып салганын угуп-көрүп жатасыңар»,— деген (Элчилер 19:23—28). Ал элди Пабылга каршы тукургандыктан, эл жаалданып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп кыйкыра баштаган.

Бүгүнкү күндө да Эфестин урандыларын жана Артемиданын ибадатканасы жайгашкан жерди көрүүгө болот. Мындан тышкары, Эфеске таандык байыркы жазуулар илгери ал жакта аял-кудайлардын урматына буркандар жасалганын жана күмүш зергерлердин устаканасында жумуш кайнап турганын айгинелейт.

Ишенүүгө татыктуу пайгамбарлык

Искендер Зулкарнайн жарык дүйнөгө келгенден 200 жылдай мурун Жахаба Кудайдын Даниел аттуу пайгамбары дүйнөгө ким үстөмдүк кыларына байланыштуу мындай пайгамбарлык жазган: «Батыштан бир теке бүт жер жүзүн ээлеп келе жатты, бирок буту жерге тийген жок. Ал текенин көздөрүнүн ортосунда бир чоң мүйүзү бар экен. Ал... эки мүйүздүү кочкордун жанына келип, ага катуу каары менен атырылды... Аны сүзүп, эки мүйүзүн сындырганын көрдүм. Ага туруштук бергенге кочкордун күчү жеткен жок, теке аны жерге кулатып, тебелеп салды... Ошондо теке аябай күчкө толду, бирок күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна асмандын төрт шамалын караган төрт мүйүз чыкты» (Даниел 8:5—8).

Бул сөздөр кимге тиешелүү болгон? Буга Даниел мындай деп жооп берет: «Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор — Мадай жана Персия падышалары. Ал эми түктүү теке — Грециянын падышасы, анын эки көзүнүн ортосундагы чоң мүйүз болсо — анын биринчи падышасы» (Даниел 8:20—22).

Ойлонуп көрсөңөр, Бабыл дүйнөлүк держава болуп турган кезде эле Ыйык Китепте Мадай менен Персиянын жана Грециянын дүйнөнү бийлей турган кийинки державалар болорун алдын ала айтылган! Мындан тышкары, жогоруда белгиленгендей, Ыйык Китепте «чоң мүйүздүн» — Искендердин — «күчүнө киргенде» «сынары» жана анын ордун төрт киши басары, ошондой эле алардын Искендердин урпактары болбой турганы жөнүндө так-таасын жазылган (Даниел 11:4).

Бул пайгамбарлык майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган. Искендер б.з.ч. 336-жылы падыша болуп, жети жылдын ичинде кубаттуу Персия падышасы Дарий IIIнү жеңип алган. Андан соң Искендер б.з.ч. 323-жылы 32 жашында мезгилсиз өлүмгө дуушар болгонго чейин империясын кеңейте берген. Ал каза болгондон кийин, бир да киши, жадагалса анын урпактарынын бири да анын ордун басып, аныкындай бийликке ээ болгон эмес. «Эллинизм доору» деген китепте жазылгандай, анын төрт аскер башчысы: Лисимах, Кассандр, Селевк жана Птолемей «өздөрүн падыша кылып жарыялап», империянын тизгинин колго алышкан.

Искендер өзүнүн жортуулдарында Ыйык Китептеги башка пайгамбарлыктарды да аткарган. Маселен, б.з.ч. жетинчи жана алтынчы кылымдарда жашаган Жезекиел жана Захария пайгамбарлар Тир шаарынын кыйратыларын алдын ала айтышкан (Жезекиел 26:3—5, 12; 27:32—36; Захария 9:3, 4). Жезекиел атүгүл анын таштары менен топурагы «сууга ыргытыларын» жазган. Бул пайгамбарлык аткарылды беле?

Искендердин аскерлеринин б.з.ч. 332-жылы Тирди курчоого алганда эмне кылганын карап көрөлү. Алар Тир шаарынын материктеги бөлүгүнүн урандыларын чогултуп, деңизге таштап, ал шаардын аралда жайгашкан бөлүгүнө чейин төшөмө жол курушкан. Алардын стратегиясы ишке ашып, Тир кыйратылган. 19-кылымда ошол жерди изилдеген бир окумуштуу: «Тир жөнүндө айтылган пайгамбарлык ийне-жибине чейин аткарылган»,— деген *.

Ишенүүгө татыктуу убада

Искендердин жеңиштери дүйнөгө тынчтык, коопсуздук орноткон эмес. Байыркы грек башкаруу убагын талдап чыккан бир изилдөөчү: «[Грек доорунда] жалпы элдин жашоосу... дээрлик өзгөргөн эмес»,— деген пикирин айткан. Мындай жагдай тарых бою утуру-утуру кайталана берген. Бул Ыйык Китептеги: «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин айгинелеп турат (Насаатчы 8:9).

Бирок адамдардын ийгиликсиз башкаруусу түбөлүккө улана бербейт. Себеби Кудай адам баласы түзгөн бийликтерден алда канча мыкты бийлик орнотот. Кудайдын Падышалыгы деп аталган ал өкмөт адамдык башкарууларды кыйратып, өзү бийлик жүргүзөт, ошондо анын букара эли тынчтыкта, коопсуздукта түбөлүк өмүр сүрөт (Ышайа 25:6; 65:21, 22; Даниел 2:35, 44; Аян 11:15).

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы — Иса Машаяк. Ал бийликке көзү тойбогон, элдин жыргалын ойлобогон башкаруучулардан айырмаланып, Жахаба Кудайды жана адамзатты жакшы көрөт. Иса жөнүндө забурчу мындай пайгамбарлык айткан: «Ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат. Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат. Алардын жанын кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 71:12—14).

Силер ушундай Башкаруучунун бийлик кылышын каалайсыңарбы? Ошондой болсо, Ыйык Китептин тарыхындагы алтынчы дүйнөлүк держава — Рим — тууралуу билгениңер дурус. Ырас, так ошол Рим үстөмдүк кылган доордо алдын ала айтылган Куткаруучу төрөлүп, адамзат тарыхына өчпөс из калтырып кеткен. Биз силерди ушул журналдын кийинки санына чыга турган Рим жөнүндөгү макаланы окуп чыгууга чакырабыз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул макалада б.з.ч. 1-кылымына чейинки байыркы Греция жөнүндө сөз жүрөт жана анын азыркы мамлекеттик чек араларга тиешеси жок.

^ 23-абз. Жезекиел пайгамбарлык кылгандай, Тирди алгач Бабыл падышасы Небухаданасар басып алган (Жезекиел 26:7). Кийин шаар кайра тургузулган. Бирок Искендер кайра тургузулган ал шаардын таш-талканын чыгарып, пайгамбардын сөздөрүн майда-баратына чейин аткарган.

[18-беттеги карта⁄сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Ыйык Китепте Искендер Зулкарнайндын жеңишке жетери жана империясынын чачыраары алдын ала айтылган

[Карта]

ГРЕК ИМПЕРИЯСЫ

ГРЕЦИЯ

МИСИР

МАДАЙ

ПЕРСИЯ

ИНДИЯ

[20-беттеги карта]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Искендер эски Тир шаарынын материктеги бөлүгүнүн урандыларынан төшөмө жол жасап, Ыйык Китептеги пайгамбарлыкты аткарган

МАТЕРИК

Искендердин төшөмө жолу

ТИР

АЗЫРКЫ ТИР

Көп жылдык таштандылар

[17-беттеги сүрөт]

Искендер Зулкарнайн төрөлгөндөн 200 жылдай мурун эле Ыйык Китепте ал жөнүндө пайгамбарлык айтылган

[19-беттеги сүрөт]

Эфестиктердин Артемида аял-кудайынын айкели

[19-беттеги сүрөт]

Белгисиз кудайга арналган курмандык жай

[17-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Top, time line: Egyptian wall relief and bust of Nero: Photograph taken by courtesy of the British Museum; Persian wall relief: Musée du Louvre, Paris; bottom, bust of Alexander the Great: Musée du Louvre, Paris