Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмоциялык саламаттык

Эмоциялык саламаттык

Ыйык Китеп терс сезимдерди башкара билип, пайда алып келген сезимдерди өрчүтүүгө үндөйт.

АЧУУЛАНУУ

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык» (Накыл сөздөр 16:32).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Өзүбүздү башкара билгенге үйрөнсөк, пайдасын көрөбүз. Кээде ачууланганыбыз негиздүү болсо да, ачуубузду тыя билбесек, арты каргашалуу болушу мүмкүн. Учурдагы изилдөөчүлөр адам ачууланып турганда кийин өкүнүп кала турган сөздөрдү айтып же иштерди кылып коёрун аныкташкан.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Ачууңар силерди башкарып алганга чейин силер аны башкаргыла. Айрымдар ачуусун тыя албаган адамды күчтүү деп эсептеши этимал. Бирок бул, чынында, алсыздыктын белгиси экенин түшүнгөнүбүз жакшы. Ыйык Китепте: «Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой»,— делет (Накыл сөздөр 25:28). Бир нерсе айтардан же кылардан мурун жагдайга тиешелүү нерселердин баарын эске алганыбыз сабырдуу болгонго жардам берет. Ыйык Китепте: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат»,— делет (Накыл сөздөр 19:11). Андыктан маселеге ар тараптуу карасак, түшүнүккө ээ болобуз. Бул болсо сезимдерибизди ооздуктай билгенге өбөлгө түзөт.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Көптөр ыраазы боло билген адам гана бактылуу боло алат деп айтышат. Атүгүл жакынынан же баалуу нерсесинен айрылгандар да бактылуу боло алат. Алар каза болгон жакыны же айрылган нерсеси тууралуу эле ойлой бербестен, колунда бар нерсесине ыраазы болгону чөгүп кетпегенге жардам бергенин айтышкан.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Күн сайын эмнелерге ыраазы экениңер жөнүндө ойлонгула же аларды тизмелеп жазгыла. Алар өтө деле чоң нерселер болбошу мүмкүн. Кичинекей эле нерселер, алсак, таңдын жаркырап атканы, жакыныңар менен жагымдуу пикирлешкениңер же тирүү жүргөнүңөр жөнүндө ой жүгүрткүлө. Кубаныч тартуулаган бул нерселерди байкап, бааласаңар, эмоциялык саламаттыгыңар жакшырат.

Үй-бүлөңөргө, досторуңарга эмне үчүн ыраазы экениңер жөнүндө ойлонгонуңар бир топ жардам берет. Башкалардын эмнесин баалаарыңарды байкасаңар, аны алардын өзүнө айткыла же кат, электрондук кат аркылуу билдиргиле же текст түрүндөгү билдирүү жөнөткүлө. Бул алар менен болгон мамилеңерди бекемдеп, берүүдөн кубаныч алууга шарт түзөт (Элчилер 20:35).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БАШКА ПРИНЦИПТЕР

Ыйык Китептин силер түшүнгөн тилдеги аудиожаздыруусун жүктөп алгыла. Ал jw.org сайтында 40тай тилде бар

ТАЛАШЫП-ТАРТЫШУУДАН КАЧКЫЛА.

«Чыр-чатактын башталышы шар сууну коё бергендей. Ошондуктан, уруш күчөп кете электе, кетип кал» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:14).

КЕЛЕЧЕКТИ ОЙЛОП АШЫКЧА ТЫНЧСЫЗДАНА БЕРБЕГИЛЕ.

«Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (МАТАЙ 6:34).

СЕЗИМГЕ АЛДЫРБАЙ, ОЙЛОНУП ИШ КЫЛГЫЛА.

«Сени ой жүгүртүү жөндөмү сактайт, кыраакылык коргойт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 2:11).