Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акча-каражат

Акча-каражат

Көптөр Ыйык Китептеги принциптерди колдонуунун аркасында акчага байланыштуу көйгөйлөрүн азайта алышкан.

ТУУРА ПЛАНДАШТЫРГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот» (Накыл сөздөр 21:5).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Пландаштырып иш кылсаңар, акча-каражатты туура пайдалана аласыңар. Ошол себептен коротконго чейин жакшылап ойлонуштургула. Каалаган нерсеңердин баарын эле сатып ала албай турганыңарды эсиңерден чыгарбагыла. Андыктан акчаны акылдуулук менен сарптагыла.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Бюджет түзүп, ага кармангыла. Чыгымдарыңардын баарын жазып, тобу боюнча тизмелеп чыккыла. Анан акчаңарды ар бирине бөлүштүргүлө. Эгер бирине көбүрөөк кетип калса, аны жабыш үчүн башкасынан алгыла. Мисалы, жол киреге бөлүштүргөндөн көп кетип калса, анча маанилүү эмес нерсеге, алсак, конок тосконго бөлүштүргөн акчадан алсаңар болот.

  • Жөнү жок карыз албагыла. Мүмкүн болушунча, карыз албаганга аракеттенгиле. Анын ордуна, зарыл буюмду сатып алганга акча топтогула. Эгер карыз алганга туура келсе, андан ары карызга батып калбаш үчүн батыраак кутулганга аракет кылгыла. Көп карыз болуп калсаңар, бөлүп-бөлүп төлөп турууну ойлонуштуруп, ошого бек кармангыла.

    Дайыма карыз ала берген киши көп коротууга жакын келет. Андыктан карыз алыш керек болуп жатса, адегенде жакшылап ойлонгула.

ЖАМАН САПАТТАРДАН КАЧКЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жалкоо суукта жер айдабайт да, оруп-жыйноо маалында тилемчилейт, бирок эч нерсе таппайт» (Накыл сөздөр 20:4).

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Жалкоолук жакырчылыкка алып келет. Андыктан эмгекчил болгула. Ошондой эле кийин акча жактан кыйналып калбаш үчүн аны туура колдонгонго мүмкүн болушунча күч жумшагыла.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Эмгекчил болгула. Күжүрмөн эмгектенсеңер, ишеничтүү болсоңор, жетекчиңер силерди жумуштан кетиргиси келбейт.

  • Чынчыл болгула. Жумуштан уурдабагыла. Чынчыл болбосоңор, аброюңарга доо кетет жана кийин жумуш табуу кыйын болуп калышы мүмкүн.

  • Ач көздүктөн качкыла. Акчанын артынан сая түшүү ден соолугуңарды талкалайт жана башкалар менен болгон мамилеңердин бузулушуна алып келет. Жашоодо акчадан да маанилүү нерселер бар экенин унутпагыла.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БАШКА ПРИНЦИПТЕР

Ыйык Китеп jw.org сайтында онлайн түрүндө жүздөгөн тилдерде бар

УБАКТЫҢАРДЫ, АКЧА-КАРАЖАТЫҢАРДЫ ЖАМАН НЕРСЕЛЕРГЕ КОРОТПОГУЛА.

«Аракеч менен соргок жакырланат, уйкучулук жыртык кийим кийгизет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 23:21).

АКЧАНЫ ОЙЛОП АШЫКЧА ТЫНЧСЫЗДАНБАГЫЛА.

«Эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн тынчсызданбагыла» (МАТАЙ 6:25).

АЧ КӨЗ БОЛБОГУЛА.

«Ач көз киши байлыктын артынан сая түшөт, бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 28:22).