Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ишеним

Ишеним

Айрым адамдар динге ишенгени менен, «ишеним» деген сөздүн маанисин түшүнбөшү мүмкүн. Ишеним деген эмне жана ишенүү эмне үчүн маанилүү?

Ишеним деген эмне?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ:

Көптөр адам эгер ишенсе, эч кандай далил жок болсо да, баарын кабыл ала берет деп ойлошот. «Кудайга ишенем»,— деген динчил адамды мисалга алсак. Эгер андан эмне үчүн ишенерин сураса, ал: «Бала кезимен эле Кудай бар деп көп укчумун»,— деши мүмкүн. Же: «Кичинемден тартып Кудайга ишениш керек деп кулагыма куюп келишкен»,— деп жооп бериши ыктымал. Ушулардан улам ишенүү менен ишенчээктиктин ортосунда эч кандай айырма жоктой сезилиши мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (Еврейлер 11:1) Адамдын күткөн нерсеси негиздүү болушу үчүн ынанымдуу далилдер болушу керек. «Негиз бар болгондуктан күтүү» деп которулган түп нускадагы сөз адамдын тек гана сезимге жетектелгенин же кыялданганын билдирбейт. Ишеним өз ичине далилдердин негизинде ынануу дегенди камтыйт.

«Анын [Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20).

Ишеним өрчүтүү эмне үчүн маанилүү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек» (Еврейлер 11:6).

Жогоруда айтылгандай, көптөр аларга кичинесинен тартып эле Кудайга ишениш керек деп айтып келгендиктен эле ишенишет. Алар: «Бала кезимен эле Кудай бар деп көп укчумун»,— деши мүмкүн. Бирок Кудай ага сыйынгандардын анын бар экенине жана аларды сүйөрүнө чындап ишенишин каалайт. Ошондуктан Ыйык Китепте Кудайды таанып билишибиз үчүн аны талыкпай издешибиз керектиги баса белгиленет.

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8).

Ишенимди канткенде өрчүтүүгө болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот»,— деп айтылат (Римдиктер 10:17). Ошондуктан Кудайга ишениш үчүн алгач Ыйык Китепте ал жөнүндө чынында эмне делерин «угушубуз» зарыл (2 Тиметей 3:16). Кудайдын Сөзүн изилдөөнүн аркасында көптөгөн маанилүү, анын ичинде: «Кудай деген ким? Анын бар экенине кандай далилдер бар? Кудай мага чын эле кам көрөбү? Кудай келечекте эмнелерди кылат?» — деген суроолоруңарга жооп ала аласыңар.

Табият Кудайдын бар экенин далилдеп турат

Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүгө даяр. jw.org/ky деп аталган веб-сайтыбызда айтылгандай, «биз башкалар менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрөбүз. Бирок эч кимди эч качан Жахабанын Күбөсү бол деп мажбурлабайбыз. Биз башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарды айтып беребиз, ал эми адам ага ишенеби, жокпу, өзү чечет. Биз анын тандоо укугун сыйлайбыз».

Жыйынтыктай турган болсок, ишенимиңер Ыйык Китептен окугандарыңарды талдап чыккандан кийин тапкан далилдерге негизделиши керек. Ыйык Китепти кылдат изилдесеңер, 1-кылымдагы «уккандарынын чын-төгүнүн текшериш үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп, Кудайдын сөзүн өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан» адамдардай иш-аракет кылган болосуңар (Элчилер 17:11).

«Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл» (Жакан 17:3).