Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тамакка аллергия болуу менен аны сиңире албоонун айырмасы барбы?

Тамакка аллергия болуу менен аны сиңире албоонун айырмасы барбы?

Эмили: «Вилкамды үстөлдүн үстүнө коёрум менен өзүмдү жаман сезе баштадым. Оозумдун ичи дуулдап кычышып, тилим шишип чыкты. Башым айланып, дем ала албай баштадым. Колдорума, мойнума кызыл бүдүрлөр чыгып кетти. Өзүмдү жоготпогонго аракет кылып жаттым, бирок тезирээк ооруканага барышым керектигин да түшүнүп турдум».

КӨПЧҮЛҮГҮБҮЗ эле тамак жегенден рахат алабыз. Бирок айрымдар кайсы бир тамактарды «душманындай» көрүшөт. Себеби алардын, Эмилиникине окшоп, тамактын айрым түрлөрүнө аллергиясы бар. Эмилинин организминде анафилакция деп аталган абдан коркунучтуу аллергиялык реакция жүргөн. Бактыга жараша, аллергиялардын көп түрлөрү өмүргө коркунуч туудурбайт.

Акыркы жылдарда тамакка аллергиясы бар же кайсы бир тамакты сиңире албаган адамдардын саны өскөнү маалымдалган. Бирок айрым изилдөөлөрдөн тамакка аллергиям бар деп ойлогондордун айрымдарынын гана чындап аллергиясы бар экени аныкталган.

Тамакка аллергия болуу

Женифер Шнидер Чафен жетектеген изилдөөчүлөрдүн тобунун бир медициналык журналга жазган билдирүүсүнө ылайык, «тамакка аллергия болуунун бир пикирдүү аныктамасы жок» («The Journal of the American Medical Association»). Ошентсе да көптөгөн адистер аллергиялык реакцияны, негизинен, иммун системасына байланыштуу деп эсептешет.

Аллергиялык реакция, адатта, организмдин кайсы бир азыктын тутумундагы белокко жооп кайтарганынын аркасында жүрөт. Иммун системасы белокту жаңылыш түрдө коркунучтуу зат катары кабыл алат. Ошондуктан белок организмге киргенде, иммун системасы ал «баскынчыга» каршы Е иммундук глобулин деген антителолорду иштеп чыгара баштайт. Кийин андай аллерген организмге кайра киргенде, мурда иштелип чыккан антителолор химиялык заттардын, анын ичинде гистаминдин бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Негизи, гистамин иммун системасында маанилүү ролду ойнойт. Бирок Е иммундук глобулин антителолору жана гистамин кайсы бир белокко өзгөчө сезгичтиги барлардын организминде белгисиз себептерден улам аллергиялык реакцияны пайда кылат.

Андыктан кайсы бир тамакты биринчи жегенде киши эч нерсе деле болбошу мүмкүн, ал эми экинчи жолу жегенде организмде аллергиялык реакция жүрөт.

Тамакты сиңире албоо

Тамактын сиңбеши, аллергия сыяктуу эле, организмдин кайсы бир тамакка карата реакциясы болушу мүмкүн. Бирок аллергиядан (иммун системасынын реакциясы) айырмаланып, тамактын сиңбеши тамак сиңирүү системасынын реакциясы болгондуктан, буга антителолордун эч кандай катыштыгы жок. Адам кайсы бир тамакты организминде ферменттердин жетишсиздигинен же анда организми иштете албаган химиялык заттар болгондуктан сиңире албашы мүмкүн. Мисалы, айрымдар лактозаны ичегиси сүт азыктарындагы канттарды сиңире турган ферменттерди иштеп чыкпагандыктан сиңире албай калат.

Буга антителолордун иштелип чыгышынын эч кандай тиешеси жок болгондуктан тамакты биринчи жолу жегенде эле организм реакция кылат. Андай реакциянын болор-болбосуна тамактын өлчөмү чоң таасир этет: аз өлчөмдөгү тамакты организм сиңире алышы мүмкүн, бирок көбүрөөк өлчөмдө болуп калса, сиңире албай калат. Ал эми аллергиясы бар киши аллергендерди камтыган тамакты атүгүл кичине эле жесе, өмүрүнө коркунуч туудургудай реакция жүрүп кетет.

Белгилери

Эгер кайсы бир тамакка аллергия болсоңор: кычышуу, бөрү жатыш, тамактын, көздүн же тилдин шишиши, жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү сыяктуу белгилер байкалышы мүмкүн. Ал эми оор жагдайларда адамдын кан басымы түшүп кетет, башы айланат, эстен танат, атүгүл жүрөгү токтоп калат. Анафилакция реакциясы бат эле жүрүп кетиши жана адам өлүп калышы ыктымал.

Аллергия, кандай тамакка болбосун, болушу мүмкүн. Бирок көбүнчө аллергияны сүт, жумуртка, балык, рак сымалдар, жаңгак, жер жаңгак, соя жана буудай азыктары пайда кылат. Аллергия ар кандай куракта өрчүшү мүмкүн. Изилдөөлөргө ылайык, аллергияга тукум куучулук факторлор да таасир этет. Алсак, ата-энесинин биринин же экөөнүн тең аллергиясы бар балдарда аллергия болуу ыктымалдыгы жогору болот. Бирок андай балдардын көбүнүн чоңойгондо аллергиясы жоголуп кетет.

Ал эми тамакты сиңире албоонун белгилери, негизинен, аллергияныкындай коркунучтуу болбойт. Андай учурда ашказан оору, шишүү, ич көбүү, карышуу, баш оору, териге кызыл бүдүрлөрдүн чыгышы, алсыроо, өзүн жаман сезүү сыяктуу белгилер байкалат. Организм көбүнчө сүт жана буудай азыктарын, глютенди (дан өсүмдүктөрүндөгү татаал белок), ачыткыны, спирт ичимдиктерин сиңире албашы этимал.

Аныктоо жана дарылоо

Эгер кайсы бир азыктарга аллергияңар бар болсо же организмиңер сиңире албаса, доктурга кайрылганыңар оң. Өзүңөргө өзүңөр диагноз коюп, кайсы бир тамактарды жебей койсоңор, ден соолугуңарга зыян келтиришиңер мүмкүн, себеби организмиңерди зарыл азык заттардан куру калтырасыңар.

Аллергиянын оор түрүн дарылоонун доктурлардын баары туура көргөн ыкмасы жок. Алар аллергияны пайда кылган тамактарды таптакыр жебей коюуну кеңеш кылышат *. Бирок аллергиянын анча оор эмес түрү менен оорусаңар же жөн гана кайсы бир тамакты сиңире албасаңар, анда ал тамакты көп жебегенге аракет кылгыла. Кайсы бир тамак аллергия кылышы мүмкүн же аны сиңире албай калышым мүмкүн деп шектенгендерге айрым учурда андан таптакыр же, жок дегенде, кайсы бир убакка чейин баш тартууга туура келет.

Эгер кайсы бир тамакка аллергияңар болсо же аны сиңире албасаңар, көптөрдүн андай көйгөйү менен күрөшкөндү үйрөнүп, пайдалуу, даамдуу тамак-аштан ыракат алып жашап жатканын билгениңер силерди жубатышы мүмкүн.

^ 19-абз. Аллергиянын оор түрүнөн кыйналгандарга дайыма эпинефрин (адреналин) ала жүрүү жана зарыл болгондо дароо саюу кеңеш кылынат. Айрым адистер аллергиясы бар балада аны карагандарга же мугалимдерине аллергиясы тууралуу маалымат берген документи же билерик сыяктуу нерсеси болгону жакшы экенин айтышат.