Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Еврейлер 11:1. «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө»

Еврейлер 11:1. «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө»

 «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (Еврейлер 11:1, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү» (Еврейлер 11:1, «Үмүт нуру» котормосу).

Еврейлер 11:1дин мааниси

 Ыйык Китептеги бул аятта «ишеним» деген сөзгө кыска-нуска түшүндүрмө берилген. Андан ишенимдин жөн эле ишенип коюудан да көптү билдирерин билүүгө болот.

 «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү». Түп нускада Еврейлер 11:1деги «ишеним» деп которулган грек тилиндеги сөз «шектенбөө, таянуу, бекем ынануу» деген маанини туюнтат. Мындай ишеним аткарылса экен деп үмүттөнгөн каалоого эмес, «негиз бар болгондуктан күткөн» нерсеге негизделет. Грек тилинен «негиз бар болгондуктан күтүү» a деп которулган сөздү «ээлик кылууга укук берген документ» деп да берсе болот. Бул бир нерсеге ээлик кылууга кепилдик же шектенбегендик деген маанини туюнтат.

 «Ишеним — ...көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү». Ишеним төгүндөлгүс далилге негизделет. Андай далил ушунчалык күчтүү болгондуктан, адам көрүнбөгөн нерсенин бар экенинен шектенбейт.

Еврейлер 11:1дин контексти

 Ыйык Жазманын «Еврейлерге жазылган кат» деп белгилүү болгон бөлүгүн элчи Пабыл жазган. Ал аны Исанын 1-кылымда Иерусалимде жана анын чет-жакасында жашаган жолдоочуларына жолдогон. Пабыл бул катта ишенимдин маанилүүлүгүн баса белгилеген. Алсак ал: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деп жазган (Еврейлер 11:6). Пабыл Еврейлер 11:1де ишенимге аныктама берген соң ушул сапатты чагылдыруу жагынан бизге үлгү калтырган, Кудайга бекем ишенген эркектер менен аялдарды санап өткөн. Ошондой эле алардын Кудайдын эркине ылайык иш кылууда кандайча бекем ишеним көрсөтүшкөнүн жазган (Еврейлер 11:4—38).

a «Негиз бар болгондуктан күтүү» деп которулган сөз — грек тилиндеги хипостасис деген сөз. Ал түзмө-түз «бир нерсенин алды, пайдубалы» дегенди билдирет.