Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ким?

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ким?

Кудай айрым пайгамбарларга келечекте ким теңдешсиз Падыша болоруна байланыштуу маалыматты Ыйык Китепке жаздырган. Төмөндө айтылгандар анын ким экенин аныктаганга жардам берет:

  • Аны Кудай тандаган. «Мен өз падышамды... койдум... Сага элдерди мураска, бүт жер жүзүн энчиңе берем» (Забур 2:6, 8).

  • Дөөтү падышанын урпагы болгон. «Арабызда бала төрөлдү, бизге уул берилди... Анын бийлиги кеңири жайылып, Дөөтүнүн тактысында жана падышалыгында тынчтык чексиз болот. Ал падышалык бекем орнотулат» (Ышая 9:6, 7).

  • Бетлехемде төрөлгөн. «Бетлехем,.. сенден менин атыман... башкаруучу боло турган... бирөө чыгат... Ал жердин учу-кыйырына чейин улуулугу менен белгилүү болот» (Микей 5:2, 4).

  • Четке кагылып, өлүмгө кыйылган. «Аны баркка албай, киши ордуна көргөн жокпуз... Ага биздин кылмыштарыбыз үчүн найза сайылды, ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн азап чекти» (Ышая 53:3, 5).

  • Тирилип, зоболосу көтөрүлгөн. «Сен жанымды көрдө калтырбайсың. Ишенимдүү кызматчыңдын өлүм аңын көрүшүнө жол бербейсиң... Оң жагыңда болуу түбөлүккө жагымдуу» (Забур 16:10, 11).

Иса Машаяк — эң мыкты Башкаруучу

Мыкты Башкаруучу деген атка тарыхта из калтырган белгилүү инсан — Иса Машаяк — гана татыктуу. Кудайдын периштеси Исанын энеси Мариямга ал тууралуу: «Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет... Анын Падышалыгынын акыры болбойт»,— деп айткан (Лука 1:31—33).

Иса Машаяк эч качан жерде Башкаруучу болгон эмес. Ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары асмандан бүт адамзатка бийлик жүргүзөт. Эмне үчүн аны теңдешсиз Башкаруучу деп айтууга болот? Келгиле, жерде жүргөндө анын кандай иштерди кылганына токтололу.

  • Адамдарга кам көргөн. Иса аял-эркегине, жаш-карысына, бай-кедейине, тектүү-тектүү эмесине карабай, баарына бирдей жардам берген (Матай 9:36; Марк 10:16). Бир жолу ага пес оорулуу киши келип: «Эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— дегенде, ага жаны ачып, оорусунан сакайткан (Марк 1:40—42).

  • Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керектигин айткан. Мисалы, ал: «Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген. Андан тышкары, башкалардын кандай мамиле кылышын кааласак, аларга да ошондой мамиле кылууга үндөгөн. Ошондой эле Кудай иштерибизге эле эмес, сезимдерибизге, ниетибизге да көңүл бурарын айткан. Андыктан Кудайга жагыш үчүн жүрөктөгү ойлорубузду башкарганыбыз маанилүү (Матай 5:28; 6:24; 7:12). Иса чындап бактылуу болгубуз келсе, Кудайдын айткандарын угуп, аткарышыбыз зарыл экенин белгилеген (Лука 11:28).

  • Башкаларды сүйүү деген эмнени билдирерин көрсөткөн. Исанын сөздөрү да, иштери да таасирдүү болгондуктан, аны уккандардын жүрөгү козголгон. Ыйык Китепте: «Эл анын окутуусуна абдан таң калды. Анткени ал... бийлиги бар адамдай окутту»,— делет (Матай 7:28, 29). Иса баарын: «Душмандарыңарды сүйгүлө»,— деп үндөгөн. Аны жазага тарткандар үчүн да Кудайдан: «Ата, буларды кечире көр, анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп тиленген (Матай 5:44; Лука 23:34).

Ооба, Исадан башка эч ким дүйнөнү мыкты башкара албайт. Анын адамдардын камын ойлогон, боорукер Башкаруучу болоруна шек жок. Бирок ал жер жүзүн качан башкара баштайт?