Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

2 Корунттуктар 12:9. «Сага кылган ырайымым жетишет»

2 Корунттуктар 12:9. «Сага кылган ырайымым жетишет»

 «Сага кылган ырайымым жетишет, анткени менин күчүм алсыздык аркылуу жеткилең болот» (2 Корунттуктар 12:9, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот» (2 Корунттуктар 12:9, «Үмүт нуру» котормосу).

2 Корунттуктар 12:9дун мааниси

 Жахаба элчи Пабылга кыйынчылыктары, алсыздыктары менен күрөшкөнгө зарыл күч берерин убадалаган.

 «Сага кылган ырайымым жетишет». Кудайдын Пабылдын кайра-кайра тиленгенине ушинтип жооп бергенин минтип да которсо болот: «Сага канча керек болсо, ошончо ырайым кылдым». Башкача айтканда, элчи Пабылга кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө канча керек болсо, ошончо ырайым көрсөтүлгөн. Кандайча? «Кайрымдуулук» же «ырайымдуулук» деп которулган сөз Кудайдын биз татыктуу болбосок да, эч нерсе талап кылбай, берешендик менен көрсөткөн жакшылыгына карата колдонулат. Пабылдын жазгандарынан Кудайдын ырайымынын аркасында ал эмнелерге ээ болгонун биле алабыз. Пабыл мурда Исанын жолдоочуларын куугунтуктап жүрсө да, Кудай ага өзгөрүп, башкаларга Машаяктын жолдоочусу болгонго жардам бергенге күч берген (1 Корунттуктар 15:9, 10; 1 Тиметей 1:12—14). Башына кандай мүшкүл түшпөсүн, ал Кудайга толугу менен таянып, аларды жеңген.

 «Менин күчүм алсыздык аркылуу жеткилең болот». Жахаба a Кудай Пабылга ушул сөздөрдү айтканда анын күчү жеткилең эмес, алсыз адамдар аркылуу өзгөчө айкын болорун эсине салган (2 Корунттуктар 4:7; 12:8). Исанын жолдоочулары мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин моюнга алып, Жахабадан жардам издегенде, Жахаба аларга кыла албайм деген нерсесин кылганга күч берет (Эфестиктер 3:16; Филипиликтер 4:13). Ушундайча Кудайдын күчү адамдардын алсыздыгы аркылуу айкын көрүнөт.

2 Корунттуктар 12:9дун контексти

 Пабыл бул катты ыйык рухтун жетеги менен болжолу б.з. 55-жылы Корунттагы Исанын жолдоочуларына жазган. Катынын аяк жагында ал элчи катары ээ болгон бийлигин жактаган. Анткени өздөрүн элчи деп атап алган айрым кишилер аны, сыягы, сырткы көрүнүшүн айтып же жакшы сүйлөй албайт деп сындашкан (2 Корунттуктар 10:7—10; 11:5, 6, 13; 12:11).

 Пабыл өзүн коргоп, кызматын өз күчү менен аткара алмак эместигин, башына түшкөн далай азаптарды өзү жалгыз көтөрө алмак эместигин түшүндүрүп берген (2 Корунттуктар 6:4; 11:23—27; 12:12). 12-бөлүмдө Пабыл «дене[синдеги] тикен» жөнүндө жазган. Сыягы, ал эч арыла албаган жанын сыздаткан оору же эмоциялык жактан кыйнаган бир көйгөй болгон көрүнөт (2 Корунттуктар 12:7). Элчи Пабыл ал эмне болгон «тикен» экенин так айткан эмес, бирок аны Кудайдын жардамы менен көтөрүп кеткенге бел байлаган.

 Исанын жолдоочулары бүгүнкү күндө да куугунтукка кабылышы, ар кандай азаптарды башынан кечириши мүмкүн. Бирок алар, кандай кыйынчылык болбосун, Кудайдын күчү менен жеңе аларын билишет. Пабылдай болуп, алар да: «Алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деп ишенимдүү түрдө айта алышат (2 Корунттуктар 12:10).

 2 Корунттуктар китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.