Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

1 Корунттуктар 10:13. «Кудай ишенимдүү»

1 Корунттуктар 10:13. «Кудай ишенимдүү»

 «Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар. Бирок Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Корунттуктар 10:13, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет» (1 Корунттуктар 10:13, «Үмүт нуру» котормосу).

1 Корунттуктар 10:13 мааниси

 Бул аятта Кудайды сүйгөнгө түрткү берген анын бир сонун сапаты баса белгиленген. Тагыраак айтканда, Кудайдын ишенимдүүлүгү. Кудайдын берилген кызматчылары, өзгөчө, кыйынчылыкка кабылганда же азгырылганда ага таяна алышат.

 «Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар». Кудайдын кызматчылары ага жакпаган иш кылганга азгырылышы мүмкүн. Андай сыноолор, канчалык кыйын болбосун, адаттан тыш эмес. Аларга көптөр эле кабылып келет. a Ошондуктан Кудайдын кызматчылары ал кыйынчылыктарды көтөрүп кете аларына толук ишенсе болот.

 «Кудай ишенимдүү». Жахаба b Кудай ишенимдүү, ага таянса болот. Кудай аны сүйгөндөрдү, ага берилгендик сактагандарды, баш ийгендерди эч убакта таштабайм деп сөз берген. Ал ошол сөзүнө дайыма туруп келет (Мыйзам 7:9; Забур 9:10; 37:28). Ошондуктан Кудайдын кызматчылары бир нерседен шек санабаса болот: Жахаба талкууланып жаткан аяттагы эки убадасын сөзсүз аткарат. Анда ошолорго токтололу.

 «Ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт». Кудай сыноолордун көтөргөнгө, чыдаганга мүмкүн болбой калганчалык оор болуп кетишине жол бербейт. Ишенимдүү экенин ушинтип көрсөтөт. Ал бардык кызматчыларынын алы эмнеге жетерин жакшы билет (Забур 94:14).

 «Азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт». Кудай кызматчыларын кыйынчылыктардан арылтышы же аларга туруштук бергенге эмне керек болсо, ошолор менен камсыз кылышы мүмкүн. Мисалы, ыйык рухтун жардамы менен жетекчилик бере алат, Ыйык Китепти колдонуп соорото алат же башка кызматчыларын жиберип иш жүзүндө көмөк көрсөтөт (Жакан 14:26; 2 Корунттуктар 1:3, 4; Колосалыктар 4:11).

1 Корунттуктар 10:13түн контексти

 Бул аят — элчи Пабылдын Корунттагы жыйналышка жазган катынын бир бөлүгү. Катта Пабыл байыркы ысрайыл элинин тарыхын мисал кылып, Корунттагы жыйналышка маанилүү нерселерди эскерткен (1 Корунттуктар 10:11). Ал ысрайылдыктар туш болгон сыноолордун, азгырыктардын бир нечесин санап өткөн. Мисалы, жалган кудайларга сыйынуу жана жыныстык адеп-ахлаксыздык тууралуу жазган (1 Корунттуктар 10:6—10). Ысрайылдыктардын айрымдары ушул азгырыктарга туруштук бере албай калышкан. Пабыл ушуну баса белгилеп, корунттуктарга өздөрүнө өтө таянбашы керектигин, эч качан азгырыктарга алдырбайм деп ойлобошу керектигин эскерткен (1 Корунттуктар 10:12). Бирок андан ары 1 Корунттуктар 10:13төгү сөздөрдү айтып бир нерсеге ынандыргысы келген. Тагыраак айтканда, Кудайдын берилген кызматчылары, кандай сыноо болбосун, аларды жеңип кете аларын айткан.

 1 Корунттуктар китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a «Азгырык» деп берилген грек тилиндеги сөздү «сыноо» же «кыйынчылык» деп да которсо болот.

b Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.