Мазмунун көрсөтүү

«Өлүмгө алып бара турган» жети күнөө деген кайдан келип чыккан?

«Өлүмгө алып бара турган» жети күнөө деген кайдан келип чыккан?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «өлүмгө алып бара турган» жети эле күнөө бар деп айтылган эмес. Анда олуттуу күнөө кылгандардын түбөлүк куткарылбай калышы мүмкүн экени айтылган. Андай күнөөгө адеп-ахлаксыздык, жалган кудайга сыйынуу, жин-перилер менен байланышуу, ачууга алдыруу, аракечтик сыяктуу «дененин иштери» кирет. Ыйык Китепте ушулар саналып өткөндөн кийин: «Мындай иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт»,— деп жазылган (Галатиялыктар 5:19—21) a.

Ыйык Китепте Кудай жийиркеничтүү деп эсептеген жети нерсе саналып өтөт, туурабы?

 Ооба, туура. Накыл сөздөр 6:16да: «Жахаба алты нерсени жек көрөт, атүгүл жети нерсе анын жаны үчүн жийиркеничтүү»,— деп айтылган. Бирок күнөө деп эсептелген жаман иштер Накыл сөздөр 6:17—19-аяттарда айтылгандар менен эле чектелбейт. Бул аяттарда ой жүгүртүүгө, тилге, иштерге байланыштуу күнөөлөр жалпысынан эле айтылган b.

«Өлүмгө алып бара турган... күнөө» деген эмне?

 Мындай сөздөр Ыйык Китептин айрым котормолорунда, айрыкча, 1 Жакан 5:16да кездешет. Алсак, «Жаңы Америка Ыйык Китебинде»: «Өлүмгө алып бара турган нерселер бар»,— деп жазылган. «Өлүмгө алып бара турган... күнөө» дегенди «өлүмгө себеп боло турган күнөө» деп да которсо болот. Анда «өлүмгө алып барбай турган күнөө» менен «өлүмгө алып бара турган... күнөөнүн» кандай айырмасы бар? (1 Жакан 5:16).

 Ыйык Китепте бардык эле күнөөлөрдүн өлүмгө алып барары ачык эле айтылат. Ошентсе да Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы аркылуу күнөө менен өлүмдөн куткарыла алабыз (Римдиктер 5:12; 6:23). Бирок Машаяктын куткаруу курмандыгы жууй албай турган күнөө да бар. Андай күнөө кылган киши туура эмес жолунан атайлап эле кайткысы келбейт. Ошондуктан көз карашын да, жүрүм-турумун да эч качан өзгөртпөйт. Ыйык Китепте кечирилбей турган күнөө да бар экени айтылат (Матай 12:31; Лука 12:10).

a Галатиялыктар 5:19—21-аяттарда 15 олуттуу күнөө саналып өткөн. Бирок бул ушулардан башка олуттуу күнөө жок дегенди билдирбейт. Анткени 21-аятта: «Жана башка ушу сыяктуу нерселер»,— деп да жазылган. Андыктан Ыйык Китепти окуган киши «ушу сыяктуу нерселерге» эмнелер кирерин баамдап билүүгө чакырылат.

b Накыл сөздөр 6:16да еврей тилиндеги идиома колдонулган. Ага ылайык, экинчи санды баса белгилеш үчүн адегенде ага чейинки санды айтышчу. Баса белгилөөнүн мындай ыкмасы Ыйык Китепте көп кездешет (Аюп 5:19; Накыл сөздөр 30:15, 18, 21).