Мазмунун көрсөтүү

Кудай күнөөмдү кечиреби?

Кудай күнөөмдү кечиреби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Эгер тийиштүү кадамдарды кылсаң, Кудай күнөөңдү кечирет. Ыйык Китепте Кудайдын «кечирүүгө даяр» экени жана «айкөлдүк менен кечирери» айтылат (Некемия 9:17; Забур 86:5; Ышая 55:7). Ал күнөөбүздү толугу менен кечирет, мындайча айтканда, таптакыр «өчүрүп» салат (Элчилер 3:19, шилт.). Кудай адамдын күнөөсүн биротоло кечирет, анткени ал: «Мен алардын... күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деп айткан (Жеремия 31:34). Ал күнөөбүздү кечиргенден кийин бизди жемелеш үчүн же жазалаш үчүн кайра-кайра эстей бербейт.

 Бирок Кудайдын кечиримдүүлүгү алсыздыкты же сезимге жетеленгендикти билдирбейт. Ал адил нормаларын эч өзгөртпөйт. Ошо себептен Кудай айрым күнөөлөрдү кечирбейт (Жашыя 24:19, 20).

Кудай кечириши үчүн эмне кылуу зарыл?

  1. Күнөө кылуу менен Кудайдын нормаларын бузганыңды мойнуңа ал. Күнөө кетиргениңдин кесепетинде башкалар жабыр тарткан болсо да, биринчи кезекте Кудайга каршы күнөө кылганыңды түшүнүшүң керек (Забур 51:1, 4; Элчилер 24:16).

  2. Күнөөңдү ачык айтып тилен (Забур 32:5; 1 Жакан 1:9).

  3. Чын ниеттен өкүн. «Кудайга жаккан кайгы өкүнүүгө түрткү берет», башкача айтканда, жүрөктү өзгөртөт (2 Корунттуктар 7:10). Бул өз ичине күнөө кылышыңа себеп болгон иштериң үчүн да өкүнүүнү камтыйт (Матай 5:27, 28).

  4. Жаман иштериңди таштап, «Кудайга кайрыл» (Элчилер 3:19). Бул жаман ишиңди экинчи кайталабашың керектигин же ой жүгүртүүңдү, жүрүм-турумуңду өзгөртүшүң керектигин билдирет (Эфестиктер 4:23, 24).

  5. Катаңды оңдогонго же келтирген зыяндын ордун толтурганга күч жумша (Матай 5:23, 24; 2 Корунттуктар 7:11). Сен кылган же кылбай койгон иштен улам жабыр тарткан кишиден кечирим сура жана зыяндын ордун толуктаганга колуңдан келишинче аракет кыл (Лука 19:7—10).

  6. Кудайдан күнөөңдү Иса Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде кечиришин сурап тилен (Эфестиктер 1:7). Ал тилегиңди угушу үчүн, сен да башкалардын сага каршы кылган күнөөлөрүн кечиришиң зарыл (Матай 6:14, 15).

  7. Эгер олуттуу күнөө кетирсең, рухий жактан жардам көрсөтө ала турган жана сен үчүн тилене ала турган кимдир бирөө менен сүйлөш (Жакып 5:14—16).

Күнөөнүн кечирилишине байланыштуу туура эмес көз караштар

 «Менин күнөөм көп, Кудай мени кечирбейт».

Жахаба ойноштук кылган, киши өлтүргөн Дөөтүнү кечирген

Күнөөбүз канчалык чоң болбосун, эгер Кудайдын Ыйык Китептеги көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылсак, ал бизди кечирет. Ал оор күнөөлөрдү да, көп жолу кылынган күнөөлөрдү да кечирип коёт (Ышая 1:18).

 Мисалы, Кудай ысрайыл элинин падышасы Дөөтүнү кечирген. Ал ойноштук кылып, киши өлтүрсө да, анын ырайымына ээ болгон (2 Шемуел 12:7—13). Ошондой эле Кудай өзүн күнөөкөрлөрдүн «эң күнөөкөрү» деп атаган элчи Пабылды да кечирген (1 Тиметей 1:15, 16). Атүгүл Иса Машаяктын өлүмүнө себепкер болгон 1-кылымдагы жүйүттөр да өкүнүп, жаман жолунан бурулса, Кудайдын ырайымына ээ болушмак (Элчилер 3:15, 19).

 «Дин кызматчыга айтсам, күнөөм кечирилет».

 Кудайга каршы кылынган күнөөнү кечирүүгө эч бир адам укуктуу эмес. Адам кылган күнөөсүн кимдир бирөөгө айтканда бир аз жеңилдеши мүмкүн, бирок анын күнөөсүн Кудай гана кечире алат (Эфестиктер 4:32; 1 Жакан 1:7, 9).

 Анда Иса Машаяктын элчилерине: «Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, анын күнөөлөрү кечирилет. Ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, анын күнөөлөрү кечирилбейт»,— деп айтканы эмнени билдирген? (Жакан 20:23) Иса Машаяк бул сөздөрү менен элчилери ыйык рух алганда өзгөчө бийликке ээ болорун айткан (Жакан 20:22).

 Анан убада кылынгандай эле, элчилер ал белекти б. з. 33-жылы аларга ыйык рух төгүлгөндө алышкан (Элчилер 2:1—4). Элчи Петир ал бийлигин Анания менен Сафираны жазалаганда колдонгон. Ал кереметтүү түрдө экөөнүн арам оюн билип койгон жана алардын жазаланганы күнөөлөрү кечирилгис экенин көрсөткөн (Элчилер 5:1—11).

 Элчилер көз жумгандан кийин ыйык рухтун ошол белеги жана айыктыруу, ар кандай тилдерде сүйлөө сыяктуу жөндөмдүүлүктөр, ошондой эле башка белектер эч кимге берилбей калган (1 Корунттуктар 13:8—10). Андыктан бүгүн бир да киши башканын күнөөсүн кечире албайт.