Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп эмне болгон китеп?

Ыйык Китеп эмне болгон китеп?

 Ыйык Китеп жөнүндөгү фактылар

  •   Ыйык Китепти ким жазган? Ыйык Китептин Автору — Кудай. Бирок ал аны 40ка жакын киши аркылуу жаздырган. Алардын айрымдары: Муса пайгамбар, Дөөтү падыша, Матай, Марк, Лука жана Жакан a. Кудай өзүнүн ойлорун алардын акылына салып турган. Ыйык Китепти ошентип жаздырган (2 Тиметей 3:16).

     Мисалы, бир деректир катчысына анын атынан кат жазууну буйруйт. Катты катчысы жазып берсе да, анын автору деректир бойдон кала берет. Себеби андагы ойлор деректирдики. Ошол сыңары, Кудай өзүнүн ойлорун жаздырыш үчүн адамдарды колдонсо да, Ыйык Китептин чыныгы Автору Кудай болуп эсептелет.

  •   «Ыйык Китеп» деген сөздүн мааниси кандай? Көптөгөн тилдерде Ыйык Китеп деген сөз «майда китептер» дегенди билдирген грек тилиндеги библиа деген сөздөн келип чыккан. Убакыттын өтүшү менен библиа деген сөз Ыйык Китептин курамына кирген майда китептердин жыйнагын сүрөттөш үчүн колдонула баштаган.

  •   Ыйык Китеп качан жазылган? Ал 1 600 жылдан ашуун убакыт аралыгында, б. з. ч. 1513-жылы жазыла баштап, б. з. 98-жылдарында жазылып бүткөн.

  •   Ыйык Китептин түп нускасы сакталып калганбы? Ыйык Китептин кол жазмаларынын сакталып калган байыркы түп нускалары жок. Анткени Ыйык Китеп жазылган учурда жазуу үчүн папирус жана пергамент сыяктуу көпкө сакталбай турган материалдар колдонулчу. Бирок келечекте Ыйык Жазманы башкалар да окуй алышы үчүн өз ишин мыкты билген көчүрмөчүлөр Ыйык Китептин кол жазмаларын кылымдар бою кылдаттык менен көчүрүп келишкен.

  •   «Байыркы Келишим» жана «Жаңы Келишим» деген сөздөр эмнени билдирет? «Байыркы Келишим» деген Ыйык Китептин негизинен еврей тилинде b жазылган бөлүгү. Ошондой эле аны Еврей Жазмалары деп да коюшат. Ал эми «Жаңы Келишим» Ыйык Китептин грек тилинде жазылган бөлүгү. Аны Грек Жазмаларды деп да аташат. Ал эки бөлүк биригип бир китепти, Ыйык Жазманы, түзөт c.

  •   Ыйык Китеп өз ичине эмнелерди камтыйт?  Ыйык Китептин ар кайсы бөлүктөрү тарыхты, мыйзамдарды, пайгамбарлыктарды, поэзияны, накыл сөздөрдү, ырларды жана каттарды камтыйт.

 Ыйык Китепте эмнелер жөнүндө айтылат?

 Ыйык Китеп Кудуреттүү Кудайдын асман менен жерди жаратканы жөнүндөгү кыскача билдирүүдөн башталат. Ыйык Китеп аркылуу Жаратканыбыз өзүнүн ысымы Жахаба экенин ачып берген жана адамдарды аны таанып билүүгө чакырат (Забур 83:18).

 Ошондой эле анда Кудайдын ысымы караланганы жана Кудай ысымын жалган жалаадан кантип тазалаары түшүндүрүлөт.

 Андан тышкары, Ыйык Жазмада Кудайдын адамзатка жана жерге карата ой-ниети кандай экени ачылып берилет. Ошондой эле андан Кудайдын адамзатты азапка салган көйгөйлөрдүн баарын келечекте кантип жок кыларын биле алабыз.

 Кудайдын Сөзүндө күнүмдүк турмушта колдонорлук жакшы кеңештер да бар. Алардын айрымдары булар:

  •   Башкалар менен жакшы мамиледе болуу. «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12).

     Мааниси: Башкалар бизге кандай мамиле кылышын кааласак, биз да аларга ошондой мамиле кылышыбыз керек.

  •   Стресс менен күрөшүү. «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот» (Матай 6:34).

     Мааниси: Эртең эмне болуп кетет деп өтө эле тынчсыздана бергендин ордуна, учурдагы жагдайыбызга көңүл топтогонубуз жакшы.

  •   Никедеги бакыт. «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын» (Эфестиктер 5:33).

     Мааниси: Нике түйүнү бекем болушу үчүн, жубайлар бири-бирин урматтап, сүйүшү керек.

 Ыйык Китеп өзгөрүп кетти беле?

 Жок. Окумуштуулар Ыйык Китептин байыркы кол жазмалары менен бүгүнкү күндөгү Ыйык Китепти салыштырып көрүп, түп нускадагы ойлордун өзгөрбөгөнүн аныкташкан. Бул таң калыштуу эмес. Эгер Кудай адамдардын анын сөзүн окушун, түшүнүшүн каалап жатса, анда Ыйык Китептеги ойлордун бурмаланып кетишине жол берет беле? d (Ышая 40:8).

 Эмне үчүн Ыйык Китептин котормолору аябай көп?

 Бүгүнкү күндөгү адамдардын көбү алгачкы Ыйык Китеп жазылган байыркы тилдерди түшүнүшпөйт. Ал эми Ыйык Китепте «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге» арналган «жакшы кабар бар» (Аян 14:6). Кудайдын ошол кабарын бардык адамдар окуп, түшүнө алышы үчүн Ыйык Китептин ар кайсы тилдеги котормолору керек болгон.

 Ыйык Китептин котормолорунун үч негизги тобу бар:

  •   Ыйык Китептин сөзмө сөз котормосунда сөздөр мүмкүн болушунча түзмө-түз которулат.

  •   Маанисине жараша которулган котормодо түп-нускадагы тексттин мааниси азыркы күндөгү адамдар түшүнгөн тилде которулган.

  •   Эркин котормо ойлордун эркин которулушу менен өзгөчөлөнөт. Андай котормолордун максаты — Ыйык Китептеги окуяларды кызыктуу кылып баяндап берүү. Бирок мындай котормолордо түп нускадагы ойдун анык мааниси бурмаланып калышы мүмкүн.

 Ал эми Ыйык Китептин жакшы котормосу Кудайдын адамзатка жеткиргиси келген кабары мүмкүн болушунча так берилиши үчүн түзмө-түз, ошол эле учурда заманбап тилде, түшүнүүгө оңой которулганы менен айырмаланат e.

 Ыйык Китепке эмнелер жазылышы керектигин ким аныктаган?

 Ыйык Китептин Автору Кудай болгондуктан, анда эмнелер жазылышы керектигин ал чечкен. Ал өзүнүн «ыйык сөздөрүн» байыркы ысрайыл элине тапшырып берген. Алар болсо Еврей Жазмаларынын сакталышына жооптуу болушкан (Римдиктер 3:2).

 Ыйык Китепке кирбей калган китептер барбы?

 Жок. Ыйык Китепке кириши керек болгон китептердин баары кирген. Айрымдар жакында эле табылган кээ бир кол жазмалар Ыйык Китептин курамына кириши керек деп эсептешет f. Анткен менен Ыйык Китептин өзүндө анын курамында кайсы китептер болушу керектигине байланыштуу үлгү камтылат (2 Тиметей 1:13). Ошол үлгүгө ылайык, Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги китептер бири-бирине толугу менен шайкеш келет. Ал эми айрымдардын айтымы боюнча, Ыйык Китептин курамына кириши керек байыркы бардык кол жазмалар тууралуу минтип айтууга болбойт g.

 Ыйык Китептеги аяттарды кантип тапса болот?

  Ыйык Китептин китептеринин тизмеси

a Ыйык Китепке кирген китептердин толук тизмесин, алардын ким жазганын, ал китептер качан жазылганын билиш үчүн «Ыйык Китепке кирген китептердин таблицасын» карагыла.

b Ыйык Китептин кээ бир бөлүктөрү еврей тилине жакын деп эсептелген арамей тилинде жазылган.

c Ыйык Китепти окуган көптөгөн адамдар «Байыркы келишимди» «Еврей Жазмалары», ал эми «Жаңы Келишимди» «Грек Жазмалары» деп атоону туура көрүшөт. Мунун аркасында «Байыркы Келишим» эскирип, «Жаңы Келишим» менен алмаштырылды деген туура эмес ойлор туулбайт.

e Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» так, түшүнүктүү болгондуктан, көптөр аны окуганды жакшы көрөт. «Ыйык Китептин „Жаңы дүйнө котормосу“ так котормобу?» деген макаланы карагыла.

f Андай кол жазмалардын баары «апокрифтер» деп аталат. «Британ энциклопедиясына» ылайык, «ыйык китептик адабияттарда [бул термин] ыйык жазманын канонуна, башкача айтканда, Ыйык Китепти түзгөн китептердин расмий тизмесине кирбеген эмгектерге карата колдонулат».

g Көбүрөөк билиш үчүн «Апокрифтик инжилдерде Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганбы?» деген макаланы карагыла.