Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте орозо кармоо жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте орозо кармоо жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Байыркы убакта адамдардын туура ниет менен орозо кармаганы Кудайга жаккан. Ал эми туура эмес ниет менен орозо кармоо ага жаккан эмес. Бирок Ыйык Китепте бүгүнкү күндө жашагандар орозо кармашы керек же кармабашы керек деген буйрук жок.

Байыркы убакта айрымдар кандай жагдайларда орозо кармашкан?

  •   Кудайдан жардам жана жетекчилик издегенде. Иерусалимге жол тарткан эл Кудайдын жардамына муктаж экенин көрсөтүш үчүн чын ниеттен орозо кармаган (Эзра 8:21—23). Элчи Пабыл менен Барнаба жыйналыштарга аксакалдарды дайындаардын алдында орозо тутушкан (Элчилер 14:23).

  •   Бүт көңүлдү Кудайдын эркин аткарууга топтогондо. Чөмүлгөндөн кийин Иса Машаяк 40 күн орозо тутуп, өзүн Кудайдын эркин аткарууга даярдаган (Лука 4:1, 2).

  •   Кылган күнөөлөрү үчүн өкүнгөндө. Кудай Жоел пайгамбар аркылуу ишенимсиз ысрайыл элине: «Орозо тутуп, ыйлап, боздоп, мага бүт жүрөгүңөр менен кайтып келгиле»,— деген (Жоел 2:12—15).

  •  Күнөөдөн арылуу күнүн белгилегенде. Кудай ысрайыл элине берген Мыйзамда Күнөөдөн арылуу күнү орозо тутуу керектигине байланыштуу буйрук камтылган a (Лебилер 16:29—31). Ошол күнү орозо тутуу орундуу болгон, анткени ал ысрайыл элине жеткилең эмес экенин жана Кудайдын кечиримине муктаж экенин эскертип турган.

Адамдар кандай туура эмес ниет менен орозо кармашы мүмкүн?

  •   Башкаларды таасирлентиш үчүн. Иса Машаяк орозо кармоо элге көрүнүш үчүн эмес, Кудайдын алдында моюн сунуш үчүн кылынган жеке чечим болушу керектигин айткан (Матай 6:16—18).

  •   Адилсиниш үчүн. Орозо туткан адам башкалардан адеп-ахлактык же рухий жактан жогору болуп калбайт (Лука 18:9—14).

  •   Атайлап кылган күнөөлөрүн жууш үчүн (Ышая 58:3, 4). Кудай тил алганын иш жүзүндө көрсөткөн жана күнөөлөрү үчүн чын ниеттен өкүнгөндөрдүн гана орозосун кабыл кылат.

  •   Диний кааданы аткарыш үчүн (Ышая 58:5—7). Диний кааданы аткарыш үчүн эле орозо кармагандар Кудайга жакпайт. Анткени алар атасын чын жүрөктөн эмес, тек гана өзүн милдеттүү сезгени үчүн жакшы көргөн балдарга окшош болуп калат.

Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынан орозо тутуу талап кылынабы?

 Жок. Кудай байыркы ысрайыл элинен Күнөөдөн арылуу күнү орозо кармоону талап кылган. Бирок Иса Машаяк өкүнгөн адамдарды күнөөдөн биротоло арылткандан кийин, ал майрамды белгилөө жоюлган (Еврейлер 9:24—26; 1 Петир 3:18). Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары Күнөөдөн арылуу күнүн белгилөө талап болгон Муса пайгамбарга берилген мыйзам боюнча жашабайт (Римдиктер 10:4; Колосалыктар 2:13, 14). Андыктан Кудайдын ар бир кызматчысы орозо тутабы же жокпу, өзү чечиши мүмкүн (Римдиктер 14:1—4).

 Кудайдын кызматчылары орозо тутуу сыйынуунун өзөгү эмес экенин жакшы түшүнүшөт. Ыйык Китепте орозо кармоо эч качан кубанычтуу учурлар менен байланыштырылбайт. Ал эми Кудайдын чыныгы кызматчыларынын сыйынуусу кубаныч менен коштолот. Анткени алар Жахабанын, «бактылуу Кудайдын», сапаттарын чагылдырышат (1 Тиметей 1:11; Насаатчы 3:12, 13; Галатиялыктар 5:22).

Орозо кармоого байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Элчи Пабыл Кудай жолунда жүргөн жубайларга орозо кармоону буйруган (1 Корунттуктар 7:5, «Король Яковдун Ыйык Китеби»).

 Чындык. Ыйык Китептин байыркы жол жазмаларында 1 Корунттуктар 7:5те орозо кармоо жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Кыязы, Ыйык Китепти көчүрүп жазгандар орозо кармоо жөнүндөгү ой камтылган шилтемелерди бул аятка эле эмес, Матай 17:21ге Марк 9:29га жана Элчилер 10:30га да кошуп коюшкан. Ыйык Китептин азыркы котормолорунун көбүнөн атайын кошулган бул шилтемелер алынып салынган.

 Жаңылыш түшүнүк. Кудайдын кызматчылары Иса Машаяктын чөмүлгөндөн кийин чөлдө 40 күн орозо кармаганын эскерип, орозо кармашы керек.

 Чындык. Иса Машаяк ошондой кылгыла деп эч качан айткан эмес. Ыйык Китептин эч бир жеринде анын алгачкы шакирттеринин ошондой кылганы да жазылган эмес.

 Жаңылыш түшүнүк. Кудайдын кызматчылары Иса Машаяктын өлүмүн эскерип жатканда орозо тутушу керек.

 Чындык. Иса Машаяк шакирттерине анын өлүмүн эскерип жатканда орозо кармашы керектигин буйруган эмес (Лука 22:14—18). Ал өлгөндөн кийин шакиртеринин орозо тутары жөнүндө айтканда дайыма ошондой кылууга буйрук берген эмес. Ал тек гана шакирттеринин кайгырып жаман болушарын айткысы келген (Матай 9:15). Ыйык Китепте Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларына Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине келгенде тамак жебей, үйүнөн тамактанып келиши айтылган (1 Корунттуктар 11:33, 34).

a Кудай ысрайыл элине Күнөөдөн арылуу күнү «кайгырып жатканын» көрсөтүшү керектигин айткан (Лебилер 16:29, 31). Ысрайыл эли бул сөздөрдүн орозо тутууга карата айтылганын түшүнгөн (Ышая 58:3). «Азыркы англис котормосунда» бул аят: «Ал күнү күнөөлөрүңөр үчүн өкүнүп жатканыңарды көрсөтүш үчүн оозуңарга наар албашыңар керек»,— деп берилген.