Мазмунун көрсөтүү

Пасах деген эмне?

Пасах деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Пасах ысрайылдыктардын Кудай аларды б. з. ч. 1513-жылы Мисирден (Египет) бошотконуна ыраазычылык билдириш үчүн белгилеген майрамы болчу. Кудай ысрайылдыктарга ошол маанилүү окуяны жыл сайын жүйүттөрдүн абиб (кийин нисан деп аталып калган) айынын 14-күнү эскерип турууну буйруган (Чыгуу 12:42; Лебилер 23:5).

Эмне үчүн Пасах деп аталып калган?

 «Пасах» («кыя өтүү» деп которулат) деген сөз Кудайдын Мисир жериндеги бардык тун балдарды өлтүрүп, Ысрайыл уулдарын сактап калган убакка тиешелүү (Чыгуу 12:27; 13:15). Кудай мындай алааматты жиберерден мурун ысрайылдыктарга козу же улак союп, анын канын эшиктин кашектерине сыйпап коюшу керектигин айткан (Чыгуу 12:21, 22). Кудай андай белги коюлган үйдөн «кыя өтүп» кетмек да, ал үйдүн тун баласы аман калмак (Чыгуу 12:7, 13).

Байыркы учурда Пасах майрамы кантип белгиленчү?

 Кудай эң алгачкы Пасах майрамын кантип белгилеш керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген a. Ыйык Китепте Пасах майрамынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылат. Мисалы:

  •   Курмандык. Ар бир үй бүлө абиб (нисан) айынын 10-күнүндө бир жашар козуну (же улакты) тандап коюп, 14-күнү аны союшчу. Эң алгачкы Пасах майрамында ысрайылдыктар союлган ал малдын канын эшигинин баш босогосуна, эки кашегине чачыратып, козунун этин баш-шыйрагы, ичеги-карыны менен кошо отко кактап бышырып, ошол эле түнү жеп түгөтүшкөн (Чыгуу 12:3—9).

  •   Тамак. Пасах күнү ысрайылдыктар союлган козунун (же улактын) этин калама, ачуу чөптөр менен жешчү (Чыгуу 12:8).

  •   Майрам. Ысрайылдыктар Пасахтан кийин 7 күн бою Калама майрамын белгилешчү. Ал күндөрү эч ким ачыткы кошулган нанды жебеши керек болчу (Чыгуу 12:17—20; 2 Жылнаама 30:21).

  •   Билим. Пасах майрамында ата-энелер балдарына Жахаба Кудай жөнүндө айтып беришчү (Чыгуу 12:25—27).

  •   Жол жүрүү. Кийинчерээк ысрайылдыктар Пасах майрамын Иерусалимге барып белгилеп калышкан (Мыйзам 16:5—7; Лука 2:41).

  •   Башка каадалар. Иса пайгамбардын күндөрүндө Пасах майрамы шарап ичүү, ырдоо менен коштолчу (Матай 26:19, 30; Лука 22:15—18).

Пасах майрамына байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Ысрайылдыктар Пасах тамагын 15-нисанда жешчү.

 Чындык. Кудай ысрайылдыктарга козуну 14-нисанда күн батканда союп, ошол эле түнү жеши керектигин буйруган (Чыгуу 12:6, 8). Ысрайылдыктар күн баткандан эртеси күнү күн батканына чейинки убакыт аралыгын бир күн деп эсептечү (Лебилер 23:32). Демек, ысрайылдыктар козуну 14-нисан башталганда союп, анын эти менен Пасах тамагын ошол күнү жешчү.

 Жаңылыш түшүнүк. Иса Машаяктын жолдоочулары Пасах майрамын белгилеши керек.

 Чындык. Иса Машаяк б. з. 33-жылы, 14-нисанда Пасах майрамын белгилеп бүткөндөн кийин жаңы аземди, Эскерүү кечесин, негиздеген (Лука 22:19, 20; 1 Корунттуктар 11:20). Ошондуктан Пасах майрамынын ордуна «Пасах козусу Машаякты» Эскерүү кечеси белгиленип калган (1 Корунттуктар 5:7). Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы бүт адамзатты күнөө менен өлүмдөн арылткандыктан, ал Пасах майрамында чалынган курмандыктан алда канча жогору турат (Матай 20:28; Еврейлер 9:15).

a Убакыттын өтүшү менен айрым нерселер өзгөргөн. Алсак, эң биринчи Пасах майрамында ысрайылдыктар Мисирден тез чыгып кеткенге даяр турушу үчүн, аны «шашылыш түрдө» белгилешкен (Чыгуу 12:11). Бирок Кудай убада кылган жерге келгенден кийин аны шашылыш түрдө белгилөөнүн зарылдыгы болбой калган.