Мазмунун көрсөтүү

«Падышалыктын ачкычтары» деген эмне?

«Падышалыктын ачкычтары» деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Падышалыктын ачкычтарын кээде «падышалыкты ача турган ачкычтар» деп да коюшат. Ал ачкычтар кимдин колунда болсо, ага элдерге Кудайдын Падышалыгына кирүүгө жол ачууга бийлик берилген (Матай 16:19, «The New American Bible»; Элчилер 14:22) a. Иса пайгамбар элчи Петирге «асман Падышалыгынын ачкычтарын берген». Бул Петирдин ишенимдүү адамдарга ыйык рух аркылуу асман Падышалыгына кантип кирсе болору жөнүндөгү маалыматты ачып берүү бийлигин алганын билдирет.

Ачкычтар кимдер үчүн колдонулган?

 Элчи Петир Кудай берген бийликти колдонуп, үч топтогу адамдарга асман Падышалыгына кирүүгө жол ачкан.

  1.   . Жүйүттөр жана алардын динин кабыл алгандар. Иса пайгамбар өлгөндөн көп өтпөй, элчи Петир жүйүттөрдү Исаны Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу катары кабыл алууга үндөгөн. Ошондой эле куткарылыш үчүн эмне кылыш керектигин айткан. Ал ушундайча Падышалыкка кирүүгө жол ачкан. Миңдегендер «анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алган» (Элчилер 2:38—41).

  2.   Самариялыктар. Элчи Петир кийинчерээк самариялыктарга кабар айтканы барган b. Ал Падышалыктын дагы бир ачкычын колдонгон. «Самариялыктар ыйык рух алышы үчүн», элчи Жакан экөө алар үчүн Кудайдан тиленишкен (Элчилер 8:14—17). Мунун аркасында самариялыктарга Падышалыкка кирүүгө жол ачылган.

  3.   Башка улуттагылар. Иса Машаяк өлгөндөн үч жарым жыл өткөндөн кийин, Кудай элчи Петирге аян аркылуу башка улуттагыларга да Падышалыкка кирүүгө мүмкүнчүлүк берилгенин ачып берген. Петир Кудай айткандай кылган. Ал башка улуттагыларга кабар айтып, дагы бир ачкычты колдонгон. Ошентип, аларга ыйык рух алууга, Исанын жолдоочусу болууга жана келечекте Падышалыкта бийлик жүргүзө тургандардан болууга эшик ачылган (Элчилер 10:30—35, 44, 45).

«Падышалыкка кирүү» деген эмнени билдирет?

 Падышалыкка киргендер Иса менен асмандан бийлик кылышат. Ыйык Китепте алардын «тактыларга отуруп», «жер үстүнөн падышалык кылары» айтылган (Лука 22:29, 30; Аян 5:9, 10).

Падышалыктын ачкычтары жөнүндөгү жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Асманга кимдердин барарын Петир чечкен.

 Чындык. Ыйык Китепте «тирүүлөр менен өлгөндөрдү» Петир эмес, Исанын соттоору жазылган (2 Тиметей 4:1, 8; Жакан 5:22). Петир да Кудайдын «Исаны тирүүлөр менен өлгөндөргө сот кылып өзү дайындаганын» айткан (Элчилер 10:34, 42).

 Жаңылыш түшүнүк. Петир Падышалыктын ачкычтарын качан колдонууну чечиши үчүн, асмандагылар аны күтүшкөн.

 Чындык. Иса Падышалыктын ачкычтары жөнүндө айтып жатканда Петирге: «Жерде эмнени байласаң, ал асманда да байланган болот; жерде эмнени чечсең, ал асманда да чечилген болот»,— деген (Матай 16:19). Кээ бирлер ушул аятты асмандагыларга эмне кылышты Петир буйруган деп түшүнүшөт. Анткен менен түп нускадагы грек тилиндеги этиш Петирдин буйрук бергенин эмес, көрсөтмөгө ылайык иш кылганын көрсөтүп турат.

 Ыйык Китепте Петирдин Падышалыктын ачкычтарын колдонууда асмандан келген буйрукка баш ийгени айтылат. Алсак, үчүнчү ачкычты колдонордо Кудайдан келген көрсөтмөгө ылайык иш кылган (Элчилер 10:19, 20).

a Кээде Ыйык Китепте «ачкыч» деген сөз бийликке, жоопкерчиликке карата колдонулат (Ышая 22:20—22; Аян 3:7, 8).

b Самариялыктардын дини иудаизмден кыйла айырмаланган. Бирок алар Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдагы айрым окууларга, диний каадаларга карманышчу.