Мазмунун көрсөтүү

«Көзгө көз» деген мыйзам эмнени билдирет?

«Көзгө көз» деген мыйзам эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Көзгө көз» деген мыйзам Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу ысрайыл элине берген Мыйзамына кирген жана Иса пайгамбар да тоодо айткан насаатында бул мыйзам жөнүндө сөз кылган (Матай 5:38; Чыгуу 21:24, 25; Мыйзам 19:21). Бул мыйзам кандайдыр бир жаман иш кылган кишини кылганына жараша жазалаш керек дегенди билдирген a.

 Бул мыйзам бирөөгө атайлап зыян келтирген кишини жазалоодо колдонулчу. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамда кара санатайлык кылган кишиге байланыштуу: «Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ал башка бирөөнүн денесине кандай зыян келтирсе, анын денесине да ошондой зыян келтирилсин»,— деп жазылган (Лебилер 24:20).

 «Көзгө көз» деген мыйзам эмне үчүн берилген?

 «Көзгө көз» деген мыйзам адамдарга өз алдынча өч алууга укук берген эмес. Тескерисинче, бул мыйзам сот жүргүзгөн бийлерге айыпталган кишиге өтө оор же өтө эле жеңил жаза бербей, кылганына жараша тийиштүү жаза берүүгө шарт түзгөн.

 Андан сырткары, адамдардын кимдир бирөөгө кыянаттык кылышына же кылууну ниеттенишине бөгөт койгон. Муса пайгамбар жазган Мыйзамдагы: «Ошондо бул тууралуу калган эл угуп, коркуп калат да, араңарда андай жаман иш экинчи жасалбайт»,— деген сөздөр бул мыйзамдын эмне үчүн берилгенин көрсөтүп турат (Мыйзам 19:20).

 «Көзгө көз» деген мыйзамга Иса пайгамбардын жолдоочулары да карманабы?

 Жок, Иса пайгамбардын жолдоочулары бул мыйзамга карманбайт. Анткени бул мыйзам Иса Машаяк өз өмүрүн курмандыкка чалганда жоюлган, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга кирген (Римдиктер 10:4).

 Ошентсе да бул мыйзамдан Кудайдын көз карашын билүүгө болот. Мисалы, мындан Кудайдын адилеттүүлүктү сүйөрүн көрө алабыз (Забур 89:14). Ошондой эле Кудайдын адилеттүүлүк менен иш кыларын, атап айтканда, күнөө кетиргендерди «чени менен» жазалаарын билебиз (Жеремия 30:11).

 «Көзгө көз» деген мыйзамга байланыштуу жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. «Көзгө көз» деген мыйзам өтө эле катаал мыйзам болгон.

 Чындык. Бул мыйзам адилеттүүлүктү катаалдык, ырайымсыздык менен орнотууга укук берген эмес. Тескерисинче, сот жүргүзгөн бийлер адегенде болгон ишти териштирип, айыпталган кишинин кылмышынын оордугун жана атайлап кылган-кылбаганын аныктагандан кийин гана жаза беришкен (Чыгуу 21:28—30; Сандар 35:22—25). Ушундайча «көзгө көз» деген мыйзам адамдарды өтө катаалдык менен жазалоого жол берген эмес.

 Жаңылыш түшүнүк. «Көзгө көз» деген мыйзам өч алуунун айлампасын жараткан.

 Чындык. Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген Мыйзамында: «Өз элиңдин уулдарынан өч алба, аларга кек сактаба»,— деп жазылган (Лебилер 19:18). Тескерисинче, Мыйзам өз алдынча өч алууга эмес, Кудайга таянганга жана күнөө кетиргендерди жазалоого Кудай гана укуктуу экенин унутпаганга түрткү берген (Мыйзам 32:35).

a Байыркы коомдордун айрымдарында «кылганына жараша жазалоо» (латынча «lex talionis») деген мыйзам бар болгон.