Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте динозаврлар жөнүндө так эч нерсе айтылбайт. Бирок анда бардык нерсени Кудай жаратканы жазылган. Мындан динозаврлар да Кудайдын колунан бүткөн деп жыйынтык чыгарса болот a (Аян 4:11). Ыйык Китепте «динозавр» деген сөз кездешпесе да, түр-түрү менен жаратылган тирүү жандыктар жөнүндөгү билдирүү динозаврларга да тиешелүү болушу мүмкүн. Мисалы:

Динозаврлар эволюция жолу менен башка жаныбарлардан келип чыкканбы?

 Палеонтологиялык билдирүүлөр динозаврлардын эволюция жолу менен акырындап өрчүгөндүн аркасында эмес, дароо эле пайда болгонун айгинелейт. Бул бүт жандыктарды Кудай жараткан деп жазылган Ыйык Китептеги билдирүүгө шайкеш келет. Мисалы, Забур 146:6да Кудайдын «асман менен жерди, деңизди жана алардагынын баарын жаратканы» жазылган.

Динозаврлар качан болгон?

 Ыйык Китепте сууда жана кургактыкта жашоочу жаныбарлардын бешинчи жана алтынчы жаратуу күнүндө, жаратуу доорунда, жаралганы айтылат b (Башталыш 1:20—25, 31). Ыйык Китептеги бул билдирүү динозаврлардын болгонун жана узак убакыт аралыгында жашаганын көрсөтүп турат.

 Бегемот менен лебиатан мурда динозавр болгонбу?

 Жок. «Бегемот» деген еврей сөзү, сыягы, «чоң айбан», ал эми «лебиатан» деген «териси бырыш жаныбар» дегенди билдирет. Бул жаныбарлардын Аюп китебинде эмне болгон жаныбар экени так айтылбаса да, алар бегемот жана крокодил болгон деп тыянак чыгарса болот. Бул алардын Ыйык Жазмада сүрөттөлгөнүнө шайкеш келет (Аюп 40:15—23; 41:1, 14—17, 31). Демек, «бегемот» жана «лебиатан» деген сөздөр динозаврларды билдирбейт. Кудай Аюп пайгамбарды ушул жаныбарларга байкоо салууга үндөгөн. Аюп пайгамбар болсо динозаврлар жок болуп кеткенден көп убакыт өткөндөн кийин жашаган (Аюп 40:16; 41:8).

Динозаврлар эмне болгон?

 Ыйык Китепте динозаврлардын жок болуп кеткенине байланыштуу эч кандай билдирүү жок. Бирок анда тирүү жандыктардын баары «[Кудайдын] эрки» менен жаралганы айтылган, демек, Кудай динозаврларды да өзүнүн эркине ылайык, белгилүү бир максат менен жаратканы айкын (Аян 4:11). Ал максаты ишке ашкандан кийин Кудай динозаврлардын жок болуп кетишине жол берген.

a Палеонтологиялык билдирүүлөр динозаврлардын чынында эле жашаганын тастыктайт. Палеонтологиялык табылгалардан кайсы бир убакыт аралыгында чоңдугу, түрү ар кандай болгон абдан көп динозаврлардын жашаганын билүүгө болот.

b Ыйык Китептеги «күн» деген сөз миңдеген жылдарга созулган убакыт аралыгына карата да айтылат (Башталыш 1:31; 2:1—4; Еврейлер 4:4, 11).