Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти өздөрүнүн окууларына ылайыктап өзгөртүп алышканбы?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти өздөрүнүн окууларына ылайыктап өзгөртүп алышканбы?

 Жок, өзгөрткөн эмеспиз. Тескерисинче, биз ишенип келген окуулар Ыйык Китепке дал келбесин билгенден кийин көз карашыбызды өзгөрткөнбүз.

 Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» 1950-жылы басып чыгара баштаганга чейин эле биз көп жылдар мурун Ыйык Китепти изилдечүбүз. Биз ошол учурда Ыйык Китептин колдо бар котормолорун колдонуп келгенбиз жана окууларыбызды ошолорго негиздечүбүз. Төмөндө биздин көп жылдардан бери ишенип келген окууларыбыздын айрымдары көрсөтүлдү. Аларды карап көрүп, Ыйык Китепке төп келер-келбесин текшерип көрүңүз.

  1.   Кудай үчилтик эмес. 1882-жылдагы «Сион күзөт мунарасынын» июль айындагы санында: «Окурмандарыбыз биздин Жахабага, Исага жана ыйык рухка ишенерибизди, бирок үч кудай биригип бир кудайды түзөт же айрымдар айткандай, Кудай үч инсандан турат деген окууну Ыйык Китепке дал келбегендиктен четке кагарыбызды билишет»,— деп жазылган.

      Ыйык Китепте эмне делет? «Кудай-Теңириңер — бир Кудай» (Мыйзам 6:4, «Мукаддас»). «Муну билип алышыңарды каалайм:.. Машайактын башчысы — Кудай» (1 Корунттуктар 11:3, «Үмүт нуру»). Иса Машаяк өзү да: «Менин Атам Менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28, «Тынчтыктын үнү»).

  2.   Тозок оту жөнүндөгү окуу жалган. 1882-жылдагы «Сион күзөт мунарасынын» июнь айындагы санына Римдиктер 6:23кө (аят «Король Яковдун Ыйык Китебинен» алынган) негизделген «Күнөө үчүн жаза — өлүм» деген макала чыккан. Анда мындай деп жазылган: «Бул сөздөр кандай гана түшүнүктүү жана айкын жазылган! Бирок Ыйык Китепти Кудайдын Сөзү катары кабыл алган көптөгөн адамдардын ушул сөздөргө карама-каршы келген көз карашты жактаганы, тагыраак айтканда, күнөө үчүн жаза тозок отунда түбөлүккө кыйналуу дегенге ишенгени жана Ыйык Китеп ошентип окутат деп айтканы таң калтырат».

      Ыйык Китепте эмне делет? «Күнөө кылган жан өлөт» (Жезекиел 18:4, 20, «Король Яковдун Ыйык Китеби»). Кудайга каршы чыккандар түбөлүккө кыйналышпайт, алар «түбөлүккө жок кылынышат» (2 Тесалоникалыктар 1:9, «Король Яковдун Ыйык Китеби»).

  3.   Кудайдын Падышалыгы жүрөктөгү абал эмес, чыныгы өкмөт. 1881-жылдагы «Сион күзөт мунарасынын» декабрь айындагы санында Кудайдын Падышалыгы жөнүндө: «Падышалыктын орношу анын жердеги бардык падышалыктарды кыйратарын да билдирет»,— деп жазылган.

      Ыйык Китепте эмне делет? «Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44, «Үмүт нуру»).

Жахабанын Күбөлөрү жалаң гана Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» колдонушабы?

 Жок. Биз кабар айтуу ишинде Ыйык Китептин көптөгөн котормолорун дагы деле колдонуп келебиз. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдегиси келгендерге «Жаңы дүйнө котормосунун» нускаларын бекер беребиз, бирок Ыйык Китептин башка котормосун колдонуп изилдегиси келгендерге ошол котормону колдонуп жардам бергенге даярбыз.