Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү тартуу кылынган каражаттарды каякка жумшайт?

Жахабанын Күбөлөрү тартуу кылынган каражаттарды каякка жумшайт?

 Биз тартуу кылынган каражаттарды уюмубуздагы диний иштерге жана кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине сарптайбыз. Мындай иштерди негизги кызматыбыздын — адамдарга Иса Машаяктын жолдоочусу болууга жардам берүү ишинин — бир бөлүгү катары көрөбүз (Матай 28:19, 20).

 Тартуу кылынган каражаттарды кимдир бирөөнү байытыш үчүн колдонбойбуз. Аксакалдарыбыз, башкача айтканда, жетекчиликти колго алган ага/инилерибиз акы албайт. Үйдөн үйгө кабар айткан Жахабанын Күбөлөрүнө да эч кандай акы төлөнбөйт. Ошондой эле филиалдарыбызда, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбызда кызмат кылгандар, анын ичинде Жетектөөчү Кеңешти түзгөн ишенимдештерибиз диний боордоштуктун акы албаган мүчөлөрү болуп саналат.

Жүргүзгөн иштерибиздин айрымдары

  •   Басып чыгаруу. Биз жыл сайын миллиондогон нускада Ыйык Китептерди жана ага негизделген башка адабияттарды которобуз, басып чыгарабыз, башка өлкөлөргө жөнөтөбүз жана таратабыз. Ушунун баары үчүн эч кандай акы албайбыз. Электрондук адабияттарды жүктөп алууга шарт түзгөн, бир да жарнама камтылбаган jw.org веб-сайтыбыз жана JW Library тиркемебиз да акысыз.

  •   Куруу жана оңдоп-түзөө. Дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз жыйналыштарга чогулуп, Кудайды даңктай алышы үчүн, жөнөкөй сыйынуу жайларын куруп, аларды күтө билүүгө аракет кылабыз. Филиалдарыбыз жана котормо кеңселерибиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Уюмубузда куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин баарын ыктыярдуу кызматчылар аткарышат. Бул чыгашаны азайтууга өбөлгө түзөт.

  •   Көзөмөл жүргүзүү. Биздин бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы, филиалдардагы, котормо кеңселериндеги иштерибиз жана кыдыруучу кызматчыларыбыз жүргүзгөн иштер дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишибиз үчүн тартуу кылынган акча-каражаттардын негизинде каржыланат.

  •   Кабар айтуу. Жакшы кабарды таратканы жана башкаларга «Кудайдын сөзүн» окутканы үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө акы төлөнбөйт (2 Корунттуктар 2:17). Бирок, кабар айтуу ишине убактысынын көбүн арнаган, тандалган жана окутуп-үйрөтүлгөн кызматчылар, Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочулары сыяктуу эле, жөнөкөй турак жай жана жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылынат (Филипиликтер 4:16, 17; 1 Тиметей 5:17, 18).

  •   Окутуу. Чоң жыйындарыбыз да тартуу кылынган каражаттардын негизинде каржыланат. Мындан тышкары, биз Ыйык Китепке негизделген аудио жана видео материалдарды чыгарабыз. Ошондой эле аксакалдар жана толук убакыт кызмат кылгандар кызматын натыйжалуу аткара алышы үчүн, аларды окутуп-үйрөткөн мектептерди өткөрөбүз.

  •   Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү. Биз табигый кырсыктардан жана адам баласынын айынан болгон кырсыктардан жабыр тарткандарды тамак-аш, суу, үй менен камсыз кылабыз. Мындай жардамды ишенимдештерибизге эле эмес, Жахабанын Күбөсү болбогон башка адамдарга да көрсөтөбүз (Галатиялыктар 6:10).