Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү америкалык сектабы?

Жахабанын Күбөлөрү америкалык сектабы?

 Биздин уюмдун башкы башкармалыгы Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан. Анткен менен биз америкалык секта эмеспиз. Буга бир нече далил бар:

  •   «Секта» деген сөз кайсы бир динден бөлүнүп чыккан диний топту билдирет. Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир динден бөлүнүп чыккан диний топ эмес. Биз өзүбүздү Иса пайгамбар биринчи кылымда негиздеген динге карманып жатабыз деп эсептейбиз.

  •   Биз 230дан ашуун өлкөдө жана аймактарда Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтабыз. Кайсы гана өлкөдө жашабайлы, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнө же дагы башка мамлекетке эмес, Жахаба Кудайга жана Иса Машаякка берилгендик көрсөтөбүз (Жакан 15:19; 17:15, 16).

  •   Биздин окууларыбыз Кошмо Штаттардагы кайсы бир диний жетекчинин жазгандарына эмес, Ыйык Китепке негизделет (1 Тесалоникалыктар 2:13).

  •   Биз кайсы бир адамдын эмес, Иса Машаяктын жолун жолдойбуз (Матай 23:8—10).