Мазмунун көрсөтүү

Дүйнө жүзү боюнча канча Жахабанын Күбөсү бар?

Дүйнө жүзү боюнча канча Жахабанын Күбөсү бар?

2022-жылдын отчёту

Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн саны

8 699 048

Жыйналыштардын саны

117 960

Жахабанын Күбөлөрү кабар айткан өлкөлөрдүн саны

239

Жалпы жыйынтык 2022

Өлкөлөрдүн жана аймактардын отчёту 2022

Канча Жахабанын Күбөсү бар экенин кантип эсептейсиңер?

 Биз Жахабанын Күбөлөрү деп Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ай сайын айткандарды гана эсептейбиз (Матай 24:14). Бул санга Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөндөр жана жакшы кабар айтуу ишине катышууга жарактуу деп табылгандар, бирок али чөмүлө электер да кирет.

Жахабанын Күбөсү болуш үчүн акча тартуу кылыш керекпи?

 Жок. Кимдир бирөөнүн Жахабанын Күбөсү болуп эсептелишине, уюмда кандайдыр бир жоопкерчиликтерди аркалашына тартуулардын эч кандай тиешеси жок (Элчилер 8:18—20). Тартуу бергиси келгендер аны эч кимге билгизбей эле атайын орнотулган кутуга салып коюшат. Ар бир Жахабанын Күбөсү бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишке убактысын, күчүн, каражатын өз каалоосу менен жагдай-шартына жараша жумшайт (2 Корунттуктар 9:7).

Канча кишинин кабар айтып жатканын кантип билесиңер?

 Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишине канча убакыт жумшаганы тууралуу өздөрү барган жыйналышка ай сайын отчёт тапшырып турушат. Отчёт тапшырууга аларды эч ким мажбурлабайт.

 Бардык отчёттор чогултулуп, алардын жалпы саны жергиликтүү филиалга жөнөтүлүп турат. Филиалдар болсо өлкө боюнча чогулган отчёттун жалпы санын башкы башкармалыгыбызга жөнөтүшөт.

 Ар бир кызмат жылынын a аягында ар бир өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн жогорку саны аныкталат. Ушул сандар кошулуп дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн саны чыгарылат. Филиалдар майда-баратына чейин жазылган отчёттор менен бирге кабар айтуу ишинде болгон кызыктуу окуяларды жазып жиберишет, алар Жахабанын Күбөлөрүнүн «Жылдык китебине» чыгат. Ушу сыяктуу отчёттор, Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларын бекемдегендей эле, бизди да бекемдейт (Элчилер 2:41; 4:4; 15:3).

Жыйналыштарыңар менен байланышы бар, бирок кабар айтпагандарды да эсептейсиңерби?

 Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн санына кошулбаса да, эшигибиз алар үчүн дайыма ачык. Алардын көбү Иса Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечесине келишет. Алардын канча экенин билгиңиз келсе, ошол аземге келген кишилердин жалпы санынан Жахабанын Күбөлөрүнүн санын кемитиңиз. 2022 өткөрүлгөн Эскерүү кечесине 19 721 672 киши келген.

 Жыйналыштарыбызга келбегендердин көбү Ыйык Китепти үйүнөн акысыз изилдешет. 2022 ай сайын орто эсеп менен 5 666 996 изилдөө өткөрдүк. Андай изилдөөлөргө кээде бир эле учурда бир нече киши катышат.

Эмне үчүн өкмөт жүргүзгөн санакта Жахабанын Күбөлөрүнүн саны өзүңөрдүкүнөн көбүрөөк болот?

 Өкмөт ким өзүн кайсы диндин мүчөсү деп эсептээрин сурамжылап, санакты ошонун негизинде чыгарат. Мисалы, АКШдагы ушундай сурамжылоо жүргүзгөн уюмдардын бири сурамжылоонун жыйынтыгы кандайча чыгарылары жөнүндө мындай деп жазган: «Санактын жыйынтыгы ким өзүн кайсы диний топко таандык деп эсептегенине жараша чыгарылат, ошондуктан ал так эмес, болжолдуу болот». Биз болсо кабар айтуу ишине катышкандарды гана санакка киргизебиз.

a Кызмат жылы календардык жылдын 1-сентябрынан 31-августуна чейин созулат. Мисалы, 2015-кызмат жылы 2014-жылдын 1-сентябрынан башталып 2015-жылдын 31-августунда бүткөн.