Мазмунун көрсөтүү

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 138-классынын бүтүрүү аземи

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 138-классынын бүтүрүү аземи

2015-жылдын 14-мартында Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (Нью-Йорк) билим берүү борборунда Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 138-классынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Программа видеотрансляция аркылуу да көрсөтүлүп, жалпы жонунан 14 000ден ашуун киши көрдү. Программанын башында 4 жаңы ырдын музыкасы коюлду жана программанын жүрүшүндө залда отургандардын баары ал ырларды ырдашты *.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Жеффри Жэксон программанын төрагасы катары кызмат кылды. Алгы сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү алган билимин катып албастан, башкалардын пайдасы үчүн жумшоого үндөдү (2 Тиметей 2:2).

Жеффри бир тууган Муса пайгамбарды мисал келтирди. Кайсы бир убакытка чейин анын чатыры ысрайыл элинин сыйынуу борбору болуп турган. Бирок ыйык чатыр курулуп бүткөндөн кийин сыйынуу борбору деп ошол ыйык чатыр эсептелип калган. Кыязы, Муса пайгамбар жыйын чатырынын Ыйыктын ыйыгы деп аталган бөлүгүнө кире алган эмес, анткени ал жакка башкы дин кызматчыдан башка эч ким кирбеши керек болчу. Ошондой болсо да Ыйык Китептин эч бир жеринде Муса пайгамбардын буга нааразы болуп, наалыганы айтылбайт. Тескерисинче, ал башкы дин кызматчы болуп дайындалган Арунду берилгендик менен колдогон (Чыгуу 33:7—11; 40:34, 35). Биз Муса пайгамбардан кандай үлгү алсак болот? «Ээ болгон сыймыктуу жоопкерчилигиңерди баалагыла, бирок алган билимиңерди катып албагыла»,— деди Жеффри Жэксон.

«Жалбырактын дабышынан коркуп каласыңарбы?» Ушундай аталыштагы баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитетине жардам берген Кеннет Флодин айтып берди. Ал бүтүрүүчүлөрдүн коркунучтуу көрүнгөн жагдайларга кабылышы, мисалы, куугунтукка дуушар болушу же дайындоосу оор болушу мүмкүн экенин ачык эле айтты. Лебилер 26:36дагы сөздөрдү колдонуп, ал андай кыйынчылыктарды жеңүү мүмкүн болбогон нерседей көрбөшү керектигин айтып, аларга шамал учурган жалбырактын дабышындай кароого үндөдү. Ошондой эле Жахабага таянгандыктан бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кете алган элчи Пабылдын үлгүсүнө басым койду (2 Корунттуктар 1:8, 10).

«Эмнени күтөсүңөр?» Кийинки баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон айтты. Ал Накыл сөздөр 13:12деги: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат»,— деген принципти талдады. Көптөр такыр жетпеши мүмкүн болгон максаттарга умтулгандыктан, алсак, байлыкка, атак-даңкка ээ болууну көксөгөндүктөн көңүл кайттыкка кабылышат.

1-кылымда айрымдардын Иса пайгамбарды сууга чөмүлдүргөн Жакан пайгамбарга байланыштуу күткөн нерселери туура эмес болгон (Лука 7:24—28). Балким, алар аны абстрактуу түшүнүктөрдү айтып элдин көңүлүн көтөрө турган философ катары элестетишкендир. Эгер ошондой болсо, алардын көңүлү кайт болгону күмөнсүз, себеби Жакан пайгамбар чындыкка негизделген так-айкын кабарды жарыялаган. Башкалары болсо ал кымбат баалуу кийим кийген адам болушу керек деп ойлогондур. Бирок Жакан пайгамбар карапайым элдей эле кийинген. Ал эми аны пайгамбар болот деп күткөндөр көңүл кайттыкка учураган эмес, анткени ал пайгамбар эле эмес, Машаякка жол даярдай турган киши болгон! (Жакан 1:29).

Сандерсон бир тууган мындан эмнеге үйрөнсөк болорун айтып, бүтүрүүчүлөрдү туура нерсени күтүүгө үндөдү. Алар атак-даңкка жетүүнү эңсебестен же өзгөчө мамилени күтпөстөн, алган билимин башкалардын пайдасына колдонууну көздөшү зарыл. Бүтүрүүчүлөр бир туугандарды сүйүп, алардын ишенимин бекемдеп, Гилат мектебинен үйрөнгөндөрүн бөлүшө алышат. Марк Сандерсон: «Ишенимдештериңерге момундук менен кызмат кылгыла жана Жахабанын эркин аткарууга бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— деди.

«Ачкаларды азыктандыргыла». Бул теманы Теократиялык мектептер бөлүмүнүн нускоочусу Жеймс Котон ачып берди. Ал, ачка адам тамакка зар болгондой эле, ар бир адамдын сүйүүгө, башкалардын аны баалап-баркташына жана мактап турушуна муктаж экенин баса белгиледи. Атүгүл Иса Машаяк да буга муктаж болгон, ошо себептен ал чөмүлгөндө, Жахаба аны жакшы көрөрүн, колдоорун айткан (Матай 3:16, 17).

Жахаба бизге башкаларды бекемдеп, кайраттандыра алгыдай жөндөмдүүлүк берген. Ал ошол жөндөмдүүлүгүбүздү тийиштүү түрдө колдонушубузду каалайт (Накыл сөздөр 3:27). Жеймс бир тууган: «Башкалардын жакшы жактарын тапканга үйрөнгүлө жана мактоого сараң болбогула»,— деди. Ишенимдештерибизди чын ниеттен мактаганыбызда, алар өздөрүн керектүү сезишет.

«Акыркы тамчыга чейин куюла бергиле». Окутуу комитетинде кызмат кылган Марк Нумар кийинки баяндаманы айтты. Ал элчи Пабылды мисал келтирип, бүтүрүүчүлөрдү талап кылынган нерселерди эле кылып коюп, ошого ыраазы болуп отура бербегенге үндөдү. Алар, тескерисинче, элчи Пабылдай болуп, башкалар үчүн суюк тартуу катары куюлса, зор кубанычка ээ болушат (Филипиликтер 2:17, 18).

Элчи Пабыл оор кыйынчылыкка туш болгондо да багынган эмес. Ал акыркы тамчыга чейин куюлган, мындайча айтканда, өмүрүнүн акырына чейин жан үрөп кызмат кылган. Ошондуктан: «Жарыштын аягына чыктым»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган (2 Тиметей 4:6, 7). Нумар бир тууган бүтүрүүчүлөрдү, элчи Пабылдан үлгү алып, дайындоосун аткарууда Падышалыкты берилгендик менен колдоого үндөдү.

Кызматта болгон окуялар. Гилат мектебинин дагы бир нускоочусу Майкл Бернетт программанын кийинки бөлүгүн алып барды. Ал бөлүктө бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары Патерсондо билим алып жаткан кезде кызматта болгон окуяларды сахналаштырып беришти.

Студенттер ар бир ыңгайлуу учурда, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, чындыкты «жүрөктүн тилинде», атап айтканда, адамдардын эне тилинде айтып, жакшы натыйжага жетишкен. Мисалы, студенттердин бирине анын аймагында испан тилинде сүйлөгөндөр көп экенин айтышкан. Ошо себептен ал бир жолу кызматка чыгарда «JW Language» программасынан бир нече сөз жаттап алган. Ошол күнү көчөдөн испан тилинде сүйлөгөн кишини жолуктуруп калган. Анан жаттап алган сөздөрүн айтып, сөз баштаган. Жыйынтыгында ал киши менен жана анын үй-бүлөсүндөгү 4 киши менен изилдөө башталган.

Дил маектер. Андан кийин Жетектөөчү Кеңештин Кызмат комитетине жардам берген Уильям Тёрнер төрт бүтүрүүчү менен маек куруп, аларга Гилат мектебине келгенге чейинки кызматына жана мектептен алган билимине байланыштуу суроолорду берди.

Бүтүрүүчүлөр мектепте айтылган, аларды бекемдеген ойлордун айрымдары менен бөлүштү. Мисалы, алардын бири Лука китебинин 10-бөлүмүнөн эмнелерди билгенин айтып берди. Иса Машаяк 70 шакиртин кызматка жөнөткөндө, алар кубанып кайтып келишкен. Иса алар менен бирге кубанса да, шакирттерине кызматынын жыйынтыгына эмес, кылган аракеттеринин Жахабага жагып жатканына кубанышы керектигин айткан. Бул чыныгы кубаныч жагдай-шартка эмес, Жахабанын жактыруусуна ээ болгонубузга байланыштуу экенин эске салып турат.

Тёрнер бир тууган Филипиликтер 1:6дагы сөздөрдү цитата кылып, бүтүрүүчүлөрдү Жахабанын аларга байланыштуу «баштаган жакшы ишин» «аягына чыгарарына» ынандырды.

«Жахабадан көзүңөрдү албагыла». Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд программанын негизги баяндамасын айтып чыкты. Ал Жахабаны түзмө-түз көрүү мүмкүн эмес экенин айтты. Андай болсо, андан көзүбүздү албашыбыз керек деген эмнени билдирет?

Жахабаны анын колунан бүткөн, ал тууралуу көп нерсени ачып берген жаратылышка байкоо салуу менен көрө алабыз. Андан тышкары, Жахаба жүрөгүбүздүн «көзүн ачкан» (Эфестиктер 1:18). Ыйык Китепти канчалык көп окусак, Жахаба жөнүндө ошончолук көп биле беребиз. Ал эми Жахабаны жакшыраак таанып-билген сайын, аны менен болгон мамилебиз ынак боло берет.

Биз, өзгөчө, Инжилди кылдат изилдегибиз келет, анткени ал жактан Исанын сөздөрүнөн жана кылган иштеринен Жахабаны айкын элестете алабыз. Иса пайгамбар Жахабанын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9).

Сэмюэл бир тууган угуучуларды Иса аркылуу Жахабаны көргөндөн тышкары, андан үлгү алууга үндөдү. Мисалы, Иса пайгамбар башкаларды азыктандырууга бүт күчүн жумшаган. Биз да Кудай жөнүндө алып жаткан билимибизди башкалар менен бөлүшүүдө күжүрмөн эмгектенгибиз келет.

Жахабадан көзүбүздү албаганыбыздын натыйжасы кандай болот? Биз да забурчудай болуп: «Жахаба дайыма көз алдымда. Ал оң жагымда болгондуктан, мен олку-солку болбойм»,— деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Забур 16:8).

Корутунду. Дипломдор тапшырылгандан кийин, бүтүрүүчүлөрдүн бири класстын атынан ыраазычылык катын окуду. Программанын соңунда Жеффри Жэксон бүтүрүүчүлөрдү бир туугандарга дайыма жаңы же мааниси терең нерселерди үйрөтүшүм керек деген ойдо болуудан качууга үндөдү. Алар көпчүлүк учурда бир туугандар билген эле нерселерди алардын эсине салышат. Жэксон бир тууган ошондой эле момун болуу зарыл экенин баса белгиледи. Бүтүрүүчүлөр көңүлдү өздөрүнө же Гилат мектебинен алган билимине эмес, Ыйык Китепке жана Ыйык Китепке негизделген адабияттарга бурушу керек. Ушундай кылуу менен алар Гилат мектебинен билим алууга мүмкүнчүлүгү болбогон ишенимдештеринин көңүлүн чөгөрбөстөн, аларга колунда болгон рухий кенчтен пайда алууга жардам бере алышат. Бул программаны уккандардын баары бекемделип, бир туугандарга кызмат кылууга чечкиндүү болуп калышты.

^ 2-абз. Аземге чакырылгандардын баары жаңы ырларды ырдоого алдын ала даярданып алышы үчүн, ырлар аларга бир нече күн мурун берилген.

^ 32-абз. Картада өлкөлөрдүн баары көрсөтүлгөн жок.

^ 34-абз. Бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары саналган жок.