Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа чеккендер үчүн жардам

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа чеккендер үчүн жардам

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Аялзатына көрсөтүлгөн зордук-зомбулук — пандемиядай эле кулач жайган, бүт коомчулуктун саламаттыгына коркунуч туудурган көйгөй. Бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечиш керек»,— деп билдирген. Ал уюмдун отчётуна ылайык, аялзатынын дээрлик 30 пайызы өзүнүн өмүрлүк жарынан же чогуу жашаган түгөйүнөн запкы жейт. Алар ур-токмокко алынат же жыныстык зордук-зомбулукка кабылат. Ошондой эле БУУнун бир отчёту көрсөткөндөй, жакынкы бир жылдын ичинде эле дүйнө жүзү боюнча күн сайын 137 аял чогуу жашаган түгөйүнүн же үй-бүлөсүндөгү башка кимдир бирөөнүн колунан каза тапкан a.

 Статистикалар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун канчалык кеңири жайылганын эле көрсөтүшү мүмкүн. Ал эми зордук-зомбулуктун курмандыгына айлангандардын эмоциялык жактан канчалык кыйналарын, денеси ооруганынан канчалык азап тартарын көрсөтпөшү ыктымал.

 Силер да зомбулукка туш болуп жатасыңарбы? Же ошондой кимдир бирөөнү билесиңерби? Анда Ыйык Китептен алынган төмөнкү ойлор силерге жардам берери шексиз.

  Силер күнөөлүү эмессиңер

  Башкалардан жардам сурагыла

  Силер жалгыз эмессиңер

  Жакында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан арылабыз

  Зордук-зомбулукка кабылгандарга кантип жардам берсе болот?

 Силер күнөөлүү эмессиңер

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ар бирибиз кылган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз» (Римдиктер 14:12).

 Муну эсиңерден чыгарбагыла: Силерге кордук көрсөткөн киши кылган иши үчүн жооп берет.

 Эгер жолдошуңар же силер менен чогуу жашаган киши кол көтөргөнү үчүн өзүңөрдү күнөөлөсө, ага ишенбегиле. Аялдар токмок жегенге эмес, сүйүүгө бөлөнүп жашаганга татыктуу (Колосалыктар 3:19).

 Адамдын зордук-зомбулукка барышына кээде психикалык абалы, көргөн тарбиясы же ичкиликти кыянат колдонгону себеп болушу мүмкүн. Ошондой болгон күндө да ал силерге жасаган мамилеси үчүн Кудайдын алдында жооп берет. Катаал мүнөзүн өзгөрткөнгө силер эмес, ал өзү жооптуу.

 Башкалардан жардам сурагыла

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Кеңешчилер көп болсо, [ой-максат] ишке ашат» (Накыл сөздөр 15:22).

 Муну эсиңерден чыгарбагыла: Кооптонуп жатсаңар же эмне кыларыңарды билбей жатсаңар, башкалардан жардам сурагыла.

 Эмне үчүн жардамга муктаж болушуңар мүмкүн? Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандар оор жагдайга кептелишет. Бул көйгөйдү чечиш үчүн көп нерселерди эске алышыңар керек болот. Төмөнкү нерселердин кайсынысын тандаарыңарды билбей, башыңар маң болушу ыктымал:

  •   Жеке коопсуздугуңар

  •   Балдарыңардын жыргалчылыгы

  •   Акча маселеси

  •   Түгөйүңөргө болгон сүйүү

  •   Анын оңолоруна болгон үмүтүңөр

 Мындайда эмне кыларыңарды билбей, бушайман болушуңар мүмкүн. Анда жардам сурап кимге кайрылганыңар оң болот?

 Өзүңөр ишенген досуңар же үй-бүлөңөрдөгү кимдир бирөө кеп-кеңешин айтып, эмоциялык жактан колдоо көрсөтө алат. Силердин камыңарды ойлогон кимдир бирөө менен сүйлөшсөңөр, кадимкидей жеңилдеп каласыңар.

 Зордук-зомбулукка туш болгондорго арналган ишеним телефондоруна чалып, дароо жардам алсаңар болот. Андай кызматта иштегендер өзүңөрдү кантип коргосоңор болорун түшүндүрүп бере алышат. Ошондой эле жолдошуңар же силер менен чогуу жашаган киши күнөөсүн сезип, чындап өзгөргүсү келип жатса, алар ага ал жасашы керек болгон алгачкы кадамдарды айтып беришет.

 Дагы башка ыкчам байланыштар өмүрүңөргө коркунуч туулганда дароо жардам алганга көмөк кылат. Ал жакта иштегендерге доктурлар, медайымдар же өз ишин мыкты билген башка адистер кириши ыктымал.

 Силер жалгыз эмессиңер

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Жахаба b жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (Забур 34:18).

 Муну эсиңерден чыгарбагыла: Кудай силерге жардам берерин убада кылат.

 Жахаба Кудай силерге мээримдүүлүк менен кам көрөт (1 Петир 5:7). Ал жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү ой-сезимдериңерди жакшы түшүнөт. Ал силерди өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу сооротуп-жубатат. Ошондой эле Кудай силерди андан тиленүүгө чакырат. Андан акылмандык, күч беришин сурап тиленсеңер болот. Ошонун аркасында кыйынчылыгыңар менен күрөшө аласыңар (Ышая 41:10).

 Жакында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан арылабыз

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт» (Микей 4:4).

 Муну эсиңерден чыгарбагыла: Ыйык Китепте жакында ар бир адамдын үйү өзүнө коопсуз жай боло турган заман келери айтылган.

 Көйгөйлөрүбүздүн баарын толугу менен жана биротоло Жахаба Кудай гана чечип бере алат. Ыйык Китепте: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деп айтылган (Аян 21:4). Ошол убак келгенде, жүрөгүбүзгө так калтырган нерселердин баары акылыбыздан өчүрүлөт. Алар жалаң гана жакшы элестер менен алмаштырылат (Ышая 65:17). Силерди Ыйык Китепте убада кылынган так ушундай келечек күтүп турат.

a Бул макаладагы кеңештер көбүнчө запкы жеген аялдарга карата айтылса да, ал кеңештерди зордук-зомбулукка кабылган эркектер да колдоно алат.

b Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.