Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ilbusca/E+ via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Эмнеге жерде тынчтык жок? Ыйык Китепте эмне делет?

Эмнеге жерде тынчтык жок? Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнөдөгү атка минерлер жана эл аралык уюмдар тынчтыкты орното албай келет. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери дүйнөдө кагылышуулар болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Болжол менен 2 миллиард киши, дүйнөдөгү калктын төрттөн бир бөлүгү, согуш-жаңжалдардын эпкини тийген аймактарда жашашат.

 Эмне үчүн адам баласы тынчтыкты орното албай келет? Ыйык Китепте эмне делет?

Адам баласынын тынчтыкты орното албай келгенинин үч себеби

  1.  1. Элден пейил кетти. Ушунун айынан алар тынчтыкты орнотконго аракет да кылышпайт. Биздин күндөрдө адамдардын кулк-мүнөзү кандай болору Ыйык Китепте тээ алмустакта эле айтылган. Анда адамдардын «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн,.. ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген,.. өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз,.. өз дегенин бербеген, текебер» болору жазылган (2 Тиметей 3:2—4).

  2.  2. Бир киши болобу же топ киши болобу, эч кимдин Жараткан Жахаба a Кудайдын жардамысыз көйгөйлөрүн чечкенге кудурети жетпейт. Анткени Кудайдын Сөзүндө: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— делет (Жеремия 10:23).

  3.  3. Дүйнө «бүт жер жүзүн адаштырып» жаткан кубаттуу, ырайымсыз Шайтан Ибилистин колунда (Аян 12:9). Бүт дүйнө анын «бийлиги астында» болуп турганда жаңжалдар тынчыбайт, согуш оту өчпөйт (1 Жакан 5:19).

Тынчтыкты ким орнотот?

 Ыйык Китептен тынчтыкты адамдар эмес, Кудай орноторун билебиз.

  •   «„Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам“» (Жеремия 29:11).

 Кудай бул убадасын кантип аткарат? «Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында Шайтанды... ойрон кылат» (Римдиктер 16:20). Ал дүйнөгө тынчтыкты орнотуш үчүн асмандагы өкмөтүн колдонот. Ыйык Китепте ал өкмөт «Кудайдын Падышалыгы» деп аталат (Лука 4:43). Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяктын бийлиги астында адамдар тынчтыкта жашаганды үйрөнүшөт (Ышая 9:6, 7).

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).